Menu

Видео – Юрист Медер Алиев экс-чиновник Рита Карасартованын оозун жап кылды

Бөлүшүү:

Кечээ, 5-январда КТРКда өткөн президенттик жана парламенттик системалардын жактоочуларынын дебатында мурун университетте мугалим, бейөкмөтчү, атамбаевчи, Жээнбековдун учурунда мамлекеттик чиновник болуп иштеген Рита Карасартова жаш юрист Медер Алиевди жарга такайм деп суроо берип, татыктуу жооп алып, мукактанып, оозу жап болду.

Төмөндө ал кайым айтышуунун текстин сунуш кылабыз:

-Президенттик башкарууну жактаган Медер Алиевге суроо бергим келип жатат, бүгүнкү күндөгү референдум кайсы мыйзамдын негизинде дайындалды? Бактыбек Калмаматов мыйзамсыз деп айтпадыбы, сиз окумуштуусуз, сиз конституциялык кеңештин мүчөсүсүз, Конституциянын 114-беренеси бар эмеспи ушул учурларды жөндөгөн, кайсы укуктук-ченемдик актынын негизинде ушул нерсе болуп жатат, айтып бериңизчи?

-Дүйнө жүзүндө кайсы революция болбосун, 1917-жылкы Россиядагы же Франциядагы буржуазиялык улуу революция, же Америка кошмо штаттарындагы көз карандысыздык үчүн болгон революциябы – баардыгы мыйзамсыз. Революция өзү мыйзамда каралган эмес. Дүйнө жүзүндө 200гө жакын мамлекет болсо алардын биринин да конституциясында, анын ичинде биздикинде дагы кантип революция болот жана революциядан кийин ошону кантип жол-жобосуна салабыз деген укуктук-ченемдик актылар жок. Ал эми сиз мыйзамсыз деп айтып жаткан референдум тууралу мен минтип айтат элем: революция өзү мыйзамсыз экенин сиз моюнга алдыңыз, анан сиз өзүңүз кызык экенсиз да, кантип сиз мыйзамсыз нерседен мыйзамдуулукту талап кылып жатасыз?

-Эртеси күнү мыйзамдуулукка өтүшүбүз керек эле да, ошол күнү “парламент жаңы болуп келсин” деп талап кылышты, бүгүн эмненин негизинде силер референдумду дайындадыңар? Площадда “бизге башкаруу система жакпайт” деген бир да талап болгон эмес. Эл шайлоого эле нааразы болуп чыккан. Силер эмненин негизинде референдум дайындадыңар?

Ар бир революция эгер чынында революция болсо, эки маанилүү процесс менен коштолот, экөө тең люстрация деп коёт: биринчиси, ошол акмак бийликте олтурган кишилерди абсолюттук түрдө люстрация кылат, экинчиси, ошол чириген системаны орноткон мыйзамдар абсолюттук түрдө люстрация болот. Орусча айткан “логическая завершения любой революции должно быть обусловлена абсолютным изменениям действующего законодательства который привели к таким плачевным обстоятельствам” дейт. Азыркы учурда, 5-октябрда жалпысынан эл чыкканда шайлоонун жыйынтыгына каршы чыккан – бул деген ошол системага каршы чыккан. Конституцияда кантип шайлоо өтүш керек, чириген парламент келишине каршыбыз деп чыгышкан, ошонун негизинде, бүгүнкү күндө жалпы коомчулук референдумду, жаңыланууну, жаңы жүздөрдү, ошону менен бирге, жаңы конституцияны талап кылып жатат. Менин апам мага дайыма “Элдин алдында болбо, элдин артында бол, эл менен бирге бол” деп айтчы, менин жообум ушул.

Бүгүн референдумга “президенттик системаны колдойсузбу?” же “парламенттик системаны колдойсузбу?” деген эки суроону коёбуз деп жатасыңар, анда эмнеге конституциялык кеңешмеде бир эле президенттик системага ылайыктап конституция жазып жатасыңар?

Революция учурунда, дүйнөлүк тажрыйбада канча революция болбосун мыйзам иштебейт, моралдык укук иштейт, бул биринчиси, такыр эле мыйзамдуу болуш керек деп тура берсек, анда дүйнөлүк мисалдарга кайрылалы, Америка кошмо штаттарында мыйзамдаштырылган кулчулук болгон, кадимки эле кара түстөгү негрлерди кул кылып, плантацияларда иштеткен. Ал мыйзамдуу болгон. Президент Аврам Линкольн ал мыйзамдуу болгонуна карабай элдин адилеттүүлүгү, малекеттин бекемдиги үчүн кулчулукту жойгон. Гитлер Холокостто башка улуттагы еврей менен цыгандарды отко күйгүзгөн. Ал убакта Германияда бул мыйзамдуу болучу. Ошондуктан революция учурунда мыйзамдан жогору деп элдин тилеги, элдин көксөгөнү эсептелет. Бүгүнкү күндө элдин көксөгөнү ошол тарапта. Мен мамлекеттик кызматчы эмесмин…

-Элдин ошентип айтып жатканын сиз кайдан билесиз, көзүңүз ачыкпы?

-А сиз кайдан билесиз ошентип айтып жатпаганын?

-Силер айтып жатпайсыңарбы, биз элдин алдына эки суроо койдук: “президенттик системаны колдойсузбу?” же “парламенттик системаны колдойсузбу?” деп…

-Рита айым, сиздин сурооңузга аягына чейин жооп берип коёоюн, сөздү бөлбөй турсаңыз…  

-10-январда элибиз жооп берет да…

-Рита эже, бул жерде базардагыдай жагдай түзбөсөк, кандай дейсиз? Сиз суроо бердиңиз мен жооп берип койсом, сөзүмдү бөлбөй турсаңыз…

-Аябай интелигенттүү жооп бердиңиз, айтыңыз…

-Бүгүн Өмүрбек Текебаев да өзүнүн “Супер ТВга” берген интервьюсунда “лидер референдум кылбастан эле жаңы күч келгенде элдин каалоосун аткарат” дейт, ишенбесеңиз карап көрүңүз…

Булак: KyrgyzToday.kg

Видео: КТРК

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 + = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: