“Бул президенттик шайлоо өтө кызыксыз болуп жатат, анткени талапкерлердин көбүнүн деңгээли өтө төмөн болуп калды, анткени революциядан кийин аттанган талапкерлердин же акчасы жок, же рекламасы жок, жалаң эле социалдык тармактарда бири-бирин жамандашып, “кара пиар” кылып жатышат, болгону ошол. Талапкерлердин баары эле бир талапкерлерге психологиялык жактан жеңилип калышты”, – деп билдирди бүгүн, 6-январда КР Коопсуздук кеңешинин катчысынын экс-орун басары, генерал Өмүрбек Суваналиев “Эксперттер талдайт” берүүсүндө.
“Биринчиден, бул талапкерлер жанагы көзү ачыктардын божомолдоруна ишенип алышкандай, экинчиден, эмне үчун үгүт иштеринде мыйзам бузуулар болбой жатат, анткени күчтүү атаандаштык күрөш болбой жатат, 2017-жылы президенттик шайлоодо Бабанов менен Жээнбеков чыкканда биз аягына чейин катуу күрөшпөдүкпү. Президент Атамбаев өзү аралашып кетти, Назарбаевди сөккөнгө чейин барды. Атаандаштык деп ушуну айтат… Канчалаган чоң акчалар ойноду. Жээнбеков тарабында көмүскө штабдарды ачып, 27 млн долларга чейин сарпташты. Анткени бийлик үчүн күрөш жүрдү… Азыр административдик ресурстарды же криминалдарды пайдалануунун да кереги жок болуп калды. Анткени күчтүү атаандаштык жок болгондуктан андайдын зарылдыгы деле жок”, – деди Суваналиев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ