6-январда АКШ президенти Дональд Трамптын тарапкерлери Конгресстин жыйыны өтүп жаткан Капитолийдин имаратына кирип барышты. Бул учурда Конгресстин кошмо жыйынында Кошмо Штаттардагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын бекитүү каралып жаткан.
Жыйын капысынан ишин токтотуп, Конгресстин айрым мүчөлөрү имараттан чыгып кетишти. Жыйынды алып барып жаткан вице-президент Майк Пенсти коопсуздук кызматкерлери алып кетишти.
Protestors have entered the Capitol. pic.twitter.com/dzaDGn5MoC
— Jazmine Ulloa (@jazmineulloa) January 6, 2021
Трамптын тарапташтары Капитолийге жүрүш жасап, андан соң коопсуздук күчтөрүнүн каршылыгына карабай имаратка кирип барышкан.
Police officers drew their guns inside the House chamber on Wednesday after a pro-Trump mob broke into the Capitol building and thousands swarmed the steps outside. https://t.co/SLrckdWNJR pic.twitter.com/q8kFvossFk
— The New York Times (@nytimes) January 6, 2021
Анын алдында Вашингтондун борборунда Трамптын тарапташтары митинг өткөрүшкөн. Ага бир нече миң киши катышкан. Алар былтыр өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыктары кайра каралышы керек деп эсептешет. Шайлоочулар коллегиясы Жо Байдендин жеңишин тастыктаган.
Дональд Трамп чогулгандардын алдында сөз сүйлөп, “Биз эч качан артка кайтпайбыз” деп айткан. Ал ЖМКларды анын ишмердүүлүгүн чагылдырууда туура эмес маалыматтарды берүүгө айыптаган. Трамптын пикиринде, АКШда шайлоо жараяны үчүнчү өлкөлөрдөн да жаман. Ал мурдагыдай эле жеңилгенин мойнуна ала элек.
I will be speaking at the SAVE AMERICA RALLY tomorrow on the Ellipse at 11AM Eastern. Arrive early — doors open at 7AM Eastern. BIG CROWDS! pic.twitter.com/k4blXESc0c
— Donald J. Trump (@realDonaldTrump) January 5, 2021
Митингдин катышуучуларына президенттин баласы Эрик Трамп да кайрылып, шайлоонун жыйынтыгы бурмаланганын, чогулгандар Жо Байдендин жеңишине ынанбай турганын айткан.
Мындан кийин демонстранттардын бир бөлүгү АКШ Конгрессинин имаратын көздөй жөнөшкөн.
They breached the Capitol pic.twitter.com/tWKxojW2Hr
— Matt Laslo (@MattLaslo) January 6, 2021
Fox News телеканалы демонстранттар менен полиция кагылышканын кабарлады. Президент Трамп өз тарапташтарын полицияга жана Капитолийдин күзөт кызматына карата күч колдонуудан оолак болууга чакырды.
Please support our Capitol Police and Law Enforcement. They are truly on the side of our Country. Stay peaceful!
— Donald J. Trump (@realDonaldTrump) January 6, 2021
Вашингтон мэри Мюриэл Боузер жергиликтүү убакыт боюнча 18.00дөн тартып, коменданттык саат жарыялады.
Today, I'm ordering a citywide curfew for the District of Columbia from 6:00 p.m. on Wednesday, January 6, until 6:00 a.m. on Thursday, January 7. pic.twitter.com/lp6Pt3DcYC
— Mayor Muriel Bowser (@MayorBowser) January 6, 2021
АКШнын баш калаасы Вашингтондогу окуялар боюнча шайланган президент Жо Байден билдирүү таратты. Өзү жашаган Уилмингтон шаарынан тараткан видео кайрылуусунда Байден АКШдагы демократияга болуп көрбөгөндөй чабуул коюлганын билдирди.
Шайланган президент «бул жөн эле макул болбой коюу эмес, бул башаламандык, хаос» деди.
Ал ошондой эле президент Дональд Трампка кайрылып, теле аркылуу тарапташтарын тынчытууга чакырды.
АКШда Шайлоочулар коллегиясы 2020-жылдын 14-декабрында Жо Байден алдыга чыкканын расмий түрдө ырастаган. Анда демократ Жо Байден коллегиянын 306 добушун алса, Трамп 232 добушка ээ болгон. АКШда президенттик кызматка шайланыш үчүн 270 добуш жетиштүү.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ