Menu

Бишкекте кыздар чет элдик студенттерди мас кылып туруп, жеке буюмдарын уурдап кетишкен

Бөлүшүү:

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту чет өлкөлүк студенттердин жеке буюмдарын уурдаган Айдайга [аты өзгөртүлдү, Б.к.А.] карата чечим чыгарды.

2019-жылдын 12-сентябрында Айдай жана курбусу Бишкек шаарындагы университеттердин биринде окуган чет өлкөлүктөргө конокко келишкен. Түнү бою жаштар спирт ичимдиктерин ичишкен. Жигиттер уктап калышканда, Айдай алардын телефонун, 5000 сомун, банк картасы салынган  зачеттук китепчесин уурдап кеткен. 

Кыз телефонду ломбардга өткөрүп, акчаны жеке муктаждыктарына жумшаган.

Жабырлануучулардын биринин айтымында, ошол күнү Айдай ага телефон чалган. Ал жолугушууну сунуш кылып, үйүнө конокко барууну суранган. Айдай жалгыз эмес, курбусу менен келген. Жаштар таң атканга чейин отуруп, ичимдмк ичишкен. Эрте менен, балдар жана айыпталуучунун курбусу уктап калышкан.

Чет элдик студенттер ойгонгондон кийин, кыздар кетип калышканын билишкен. Жабырлануучу Айдайга чалып, анын кайда экендигин билгиси келген, бирок ал телефонун таба алган эмес. Смартфон менен кошо банк картасы жана 5000 сому жоголуп кеткен. Экинчи жабырлануучунун да телефону уурдалган. 

Сотто кыз күнөөсүн мойнуна алды. Айдай телефонду жана  зачеттук китепчени уурдап кеткенин айткан, бирок ал 5000 сомун алган эме. Сот КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 200-б. (“Уурулук”) боюнча кылмыш иши козголуп, Айдай мунапыс менен бошотулган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 68 = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: