Бүгүн, 7-январга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 170 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 54, Ош шаарынан – 8, Чүй облусунан – 49, Ош облусунан – 16, Талас облусунан – 3, Ысык-Көл облусунан – 20, Жалал-Абад облусунан – 10, Нарын облусунан – 10 катталды. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 81 826 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 206 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 77 376га жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 67, Ош шаарынан – 5, Чүй облусунан – 62, Ош облусунан – 8, Талас облусунан – 13, Ысык-Көл облусунан – 32, Жалал-Абад облусунан – 12, Баткен облусунан – 6, Нарын облусунан – 1.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан Бишкек шаарынан 2 бейтап каза болду. Алардын жалпы саны 1363кө жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ