Menu

Жеңиш Молдокматов “Замандаш” партиясынын лидерлигин Муктарбек Өмүракуновдун уулу Аскарбекке өткөрүп берди

Бөлүшүү:
Жеңиш Молдокматов “Замандаш” партиясынын лидерлигинен кетти. Бул тууралуу ал бүгүн, 7-январда Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазып чыкты.
Ал ыраматылык Өмүракунов Мухтарбек Сүйүналиевич негиздеген “Замандашты” 2018-жылдан тарта жетектеп келгенин, бул аралыкта партиянын желегин түшүрбөй, бийик көтөрүүгө аракет кылып келишкенин белгилейт.
“Замандаш” партиясы элибиздин жүрөгүнөн түнөк тапкан, тарыхы таза, өз багыты бар партия. Мухтарбек Сүйүналиевич башында туруп, эл назарына алынган, калктын купулуна толгон. Ушундай партияны жетектеп кетүү, жетекчи катары партиянын кадырын көтөрүү мен үчүн чоң жоопкерчилик болду. Партияны жетектеп жатып бийик, төмөн баскычтарды басып жатканда, бул партия мага берилген аманат экенин эстен чыгарбай жүрдүм. Биз жана биздин курам партияны саясий аренага саясий партия, күчтүү партия катары көргөзгөнгө аракет кылдык жана саясий билдирүүлөрдү ар бир абалга жараша билдирип турдук.
Мен “Замандаш” партиясын жетектөө менен чоң саясий мектептен өттүм. Кагылдым, чалындым, партиянын желегинин астында быштым. “Замандаш” мен үчүн алгачкы саясий мектебим.
Негизи ар адамдын жашоодо жеке көз-карашы, саясатчынын саясатта өз багыты болушу абзел. Андыктан, азыркы саясий кырдаалда утурумдуу бийликке болгон менин көз-карашым жана багытым, эл алдындагы билдирүүлөрүм партияга, партия мүчөлөрүнө терс таасирин тийгизбеши үчүн партиянын лидерлигин Муктарбек Сүйүналиевичтин уулу Аскарбек иниме өткөрүп берүүнү чечтим. Уулу эрезеге жетип, саясатка талпынып турган чагында, партияны таза бойдон атасынан калган аманатты аткарып, өткөрүп берүү менин агалык милдетим деп ойлойм”, – деп жазды ал.
Ал жакынкы күндөрү прогрессивдүү, конструктивдүү, жаңы генерациядагы муун менен чоң күч болуп чыга турушканын кошумчалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: