Menu

60 жаштагы аял Канттагы базардан телефон уурдаган деп шектелүүдө

Бөлүшүү:

Кечээ, 6-январда Кант шаарында уурулукка шектелип 60 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-январда Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, 2020-жылдын сентябрь айынын аягында Кант шаарынын тургуну милицияга кайрылган. Ал белгисиз адамдар анын телефонун жергиликтүү базардан уурдап кетишкенин айткан.

Бул факт КЖБРге КР Кылмыш-жаза кодексинин 200-б. (“Уурдоо”) боюнча катталган.

Ысык-Ата РИИБнин ыкчам кызматкерлери кылмышка шектүүнү кармашкан. Ал 1960-жылы туулган С.Г. болуп чыкты. Мындан тышкары, кармалган жарандын базардагы дагы бир уюлдук телефонду уурдоого тиешеси бар экендиги аныкталды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: