Menu

Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева Чүй облусунун бир катар билим берүү жана маданий объектилерин кыдырып чыкты

Бөлүшүү:

КРнын вице-премьер-министри Эльвира Сурабалдиева Чүй облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө Панфилов райондук балдар искусство мектебине, Панфилов районунун Каптал-Арык айылындагы Алыкул Осмонов атындагы Мамлекеттик мемориалдык комплекске, Панфилов жана Жайыл райондорунун борбордук китепкана тутумуна барды. Бул тууралуу кечээ, 6-январда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Сапар алкагында вице-премьер-министр ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 14-январында 100 жашка чыгуучу, 1941-1945-жылкы Улуу Ата-Мекендик согуштун ветераны Павел Нестеровдун абалынан кабар алды.

Эльвира Сурабалдиева Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ветеранды жаңырган жылы менен куттуктап, ага чың ден-соолук жана бакубаттуулук каалады.

«Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлери тараптан көрсөтүлгөн кайратмандык, эрдик, өжөрлүк жана эрктин бекемдиги Мекенге болгон сүйүү сезимин ойготуп, ага чын ыкластан кызмат кылуунун үлгүсүн көрсөтөт. Мындай адамдардын элеси ар дайым мекендештерибиздин жүрөгүнүн тереңинде сакталат», – деди ал.

Андан соң вице-премьер-министр Москва районунун маданият үйүнө барды, ал авариялык абалда турат жана 2008-жылдан тарта иштебейт.

Мындан тышкары, Эльвира Сурабалдиева өзгөчө тарбиялануу шарттарына муктаж болгон балдар жана өспүрүмдөр үчүн Петровкадагы атайы жалпы билим берүү мектеп-интернатына барды.

Белгиленгендей, айыл округунда мектепке чейинки мекемелердин жоктугуна байланыштуу имаратты балдар бакчасына кайрадан түзүп чыгуу маселеси каралууда.

Вице-премьер-министр мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү натыйжалуу пайдалануунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Чүй облусу боюнча жумушчу сапардын жүрүшүндө биз натыйжасыз пайдаланылып жаткан бир катар социалдык объектилерди кыдырып чыктык. Айрымдары бош турат, же авариялык абалда, башкалары натыйжасыз пайдаланылууда. Ошол эле учурда балдардын өнүгүүсү үчүн шарттар каралган балдар бакчасына, балдар өнүктүрүү борборлоруна карата муктаждыктар күч. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда ведомстволор аралык комиссияны түзүү маанилүү деп эсептейм, ал тигил, же бул имараттардын пайдалануу натыйжалулугун карап чыгып, аларды кайрадан түзүп чыгуу жана мындан ары натыйжалуу пайдалануу боюнча чечим чыгара алат», – деди Эльвира Сурабалдиева.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 + = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: