Menu

ИИМ Чүй облусунун милициясына коомдук тартипти камсыздоо боюнча тапшырмаларды ийгиликтүү аткарыш үчүн автоунааларды тапшырды

Бөлүшүү:

ИИМдин аймактык бөлүктөрү бүгүн жаңы автоунааларга ээ болушту. Ички иштер министрлиги ИИОнун райондук бөлүктөрүнө милициянын көчмө кабылдамасы катары пайдалануу үчүн жабдылган эки автоунааны тапшырды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн, 7-январь күнү ИИМдин имаратында автоунааларды тапшыруу иш-чарасы болуп өткөн. Иш-чарага ИИМдин башкы башкармалыктарынын, бөлүмдөрүнүн, ИИМдин Борбордук аппаратынын жана Чүй ОИИББдин кызматкерлери катышкан.

Автотранспортторду салтанаттуу түрдө тапшыруу учурунда КРнын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын начальниги Сталбек Рахманов ИИМ коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо үчүн ИИОнун бөлүктөрүнүн материалдык-техникалык ресурстарына өзгөчө көңүл бураарын билдирген.

Тапшырылып жаткан автотранспорттор милиция кызматкерлеринин алыскы райондорго чыгууларына, кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын санын азайтууга, анын ичинен үй-бүлөлүк зомбулукту, жашы жете электер арасындагы укук бузууларды алдын алууга жана түшүндүрүү иштерин колго алууга жол берет.

Бул кызматтык унаалар керектүү жабдыктар менен жабдылып, Чүй облусунун Панфилов жана Аламүдүн РИИБге жөнөтүлгөн. Башында автоунаалар ИИМдин Каржы-чарба камсыздоо башкы башкармалыгынын эсебинде турган.

Милициянын көчмө кабылдамасы социалдык органдардын жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен тыгыз иштешип, жеринен арыздарды кабыл алышып, тиешелүү чараларды көрүшөт. Ай сайын жер-жерлерге чыгууларынын графиги түзүлүп, ал аймактык ИИОнун жетекчилиги менен жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары тарабынан бекитилет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 21 = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: