Menu

Наралы Асанбаев, журналист: “Кандектерге” жооп… “Курманбек Салиевичке терең ыраазымын” деп айткан Атамбаев өзү эле го… же ачуу чындыкты көргүсү келбеген анын “Чырпыктары”

Бөлүшүү:

 

Гезиттин өткөн жума тагыраагы 5-февраль күнү чыккан санында “Резиденцияда жатып өлкөнү башкарган президент” деген аталыш менен президент Алмазбек Атамбаевди баш кылып, бүгүнкү башкаруу системасын сындаган макалам жарык көргөн. Ал макалам Ак үйдүн жетинчи кабатындагылар менен “үч тамганын” шефинин талуу жерине тийген экен, ушул жума “ПолитКлиника” деген гезитке “Бакиевдер “маршы” же реванш алууга жасалган аракеттер…” деп аталган макала менен менин жазган макаламдын артында Бакиевдер турат деген “саламын” жарыялашыптыр. Макаланын автору Акбата Чырпыков деп жазылыптыр. Ушундай журналист жигит бар экенин укпаптырмын. Журналисттик чөйрөдө жүргөн агаларым да мындай атты биринчи жолу угушу экен. Эгер ошол Акбата деген жигит бар болсоң, атыңды атаң жакшы ниет менен “Элдин керегине жараган жигит болсун” деп азан чакырып, аксакалдардын берген ак батасынан кийин Акбата деп койгон болсо керек. Эгер бул жашоодо Акбата деген чын эле болсо… Бирөөнү мактап, ага жагалданам деп жүрүп азан чакырылып койгон Акбата атың эл арасында өчүп, Карабата болуп тескери бата деген атка конуп калгандан этият бол. Мен ал макаланы сага окшоп жылуу кабинетте олтуруп алып, оюмдан чыгарып жаза берген эмесмин. Бир ай бою түштүктү түрө кыдырып, бул жагы Нарынга чейин барып, эл менен жолугуп, карапайым калктын жашоосун өз көзүм менен көрүп, далилдүү фактылар менен жазганмын. Мага караганда президент эл менен аз жолугат эмеспи. Ал жерде ачуу чындык болбосо сенин “шефтериң” сага жооп да жаздырмак эмес. Чындык деген ушундай кытайдын ачуу келемпириндей өтө эле ачуу болот.

Менин макаламды “Апрель окуясынан бери карай эч нерсе өзгөргөн жок” дегендей пикир камтылат” деп сындапсың. Бакиев кызматтан кеткенден бери 6 жыл өттү. Өлкөдө жарытылуу, мактана турган кайсыл өзгөрүү болду? Атамбаевдин заманы жыргал жашоону алып келди деп кайсыл жетишкендикти көрсөтө аласыңар сен мактаган шефиң экөөң? Өлкөнүн келечеги үчүн деп окко учкан азаматтардын тилеги 6 жыл өтсө да аткарылбай жатпайбы. Же алар Атамбаевди Шералы хандай чокоюн унуткан президент болсун деген кыял менен курман болушту беле! Ошол жигиттердин жок дегенде арбагы ыраазы болсун деп апрель окуясынын чыныгы күнөөкөрлөрү кимдер экенин далилдеп, Чубактын кунундай чубалган соттук териштирүүнү аягына чыгарып койгонго Атамбаевдин эрки жетпей жатпайбы. Эгер калп сүйлөсөм анда айт! Анан кайдагы өзгөрүү тууралуу сөздү козгойсуң? Мурун президенттик-авторитардык, үй-бүлөөлүк башкаруу режими орногон болсо, азыр андан ашып түшкөн жарым криминалдык партиялык-кландык башкаруу орноп, анын башында ажо өзү турбайбы. Парламенттик-президенттик башкаруу системасына өттүк деп айтыптырсың. Жогорку Кеңештин төрагасынан барып “Парламенттик башкаруу системасына өтө алдыкпы?” деп бир ооз сурап койсоң жакшы болмок экен. Мен уккандан Асылбек Жээнбеков да бир нече ирет парламенттик башкарууга өтө элекпиз деп айтып келет. Президент өзү да эми “Парламенттик башкарууга өтүшүбүз керек” деп сөз кылууда. Анан сен кайдагы парламенттик башкарууну айтып жатасың? Сен деги кандай башкаруу формасы өкүм сүрүп жаткан өлкөдө жашап жатканыңды терең далилдесеңчи.

Өткөн жылы октябрь айында болуп өткөн шайлоону кеп кылып, “бийликке жакын деп саналган партия маарага биринчи болуп келгени менен калган партиялардан пайыздык жактан анчалык айырма албаганын тана албайбыз” деген экенсиң. КСДП бийликке жакын деп саналган партия эмей эле, өлкөнү башкарып жаткан партия экенин неге так айта алган эмес? Шайлоодо ал партия үчүн президент өзү баш болуп үгүт иштерин жүргүзүп жүрбөдүбү. Ал тургай шайлоодо жеңишке жетишкен партиялардын арасындагы партияларга “Бул тизмеге кирет, муну киргизбейсиң” деген тескеме жогор жактан түшкөнү азыр эл арасында айтылып жүрөт. Бул сөз куру болбосун үчүн Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Улукбек Кочкоровдун маегинен үзүндү берейин:

“ошол маалда кээ бир партиялар талапкерлердин тизмесин бийлик менен макулдашып, керек болсо болочокто депутаттыкка өз талапкерлигин койгондордун тизмелерине президент өзү “добро” берип жатканы боюнча маалыматтарым бар эле” “Жаңы Ордо” гезити № 37 (500) 20-ноябрь 2015-жыл.

Мунун өзү эле парламентке президент каалаган партиялар келди дегенди түшүндүрөт да. Партиялардын тизмесине чейин президент өзү “добро” берип жатса, кайдагы ачык шайлоо тууралуу кеп койгойсуң? Бакиев учурунда “Ак Жол” партиясы парламенттен көпчүлүк добушка ээ болсо, азыр деле бийликтин шинелинен чыккан партия Жогорку Кеңеште олтурушат. “Кыргызстан” партиясын эл арасында бийликтин “бакма баласы” деп атап алышканын угуп эле жүрөбүз. Ал тургай бул партия үч депутатын Конституцияны уруп ойнобой мандатынан ажыратты эле, сот алардын пайдасына өкүм чыгарып берди. Ошондой эле жагдай менен “Республика-Ата Журт” партиясы депутатын мандатынан ажыратты эле, Ак үйдүн көзүн караган сот башкача чечим чыгарып бербедиби. Ушул мисалдын өзү эле КСДП менен “Кыргызстан” киндиктеш, ажонун эгиздин түгөйүндөй партиялары экенинен кабар берет да. Бакиевдин түбүнө сен айтып жаткан “Ак Жол” партиясы, аны тегеректеп жүргөндөр жеткен. Бүгүн да Атамбаевдин түбүнө КСДП жана анын шинелинен чыккандар жеткени турат. “Ак Жолдун” арыгын чаап жүргөндөр бүгүн КСДПда депутат болуп жүрүшөт. 7-апрель күнү аянтта балдар өлүп жатканда Ак үйдүн ичинде Бакиев менен чогуу олтургандар азыр деле Атамбаевдин жанында ар кандай кызматтарда чогуу олтурушат. Керек болсо Атамбаев аларды кызматтан-кызматка көтөрүп, мурункудан дагы эрке-талтаң кылып койду. Кыргызстандагы 6 жылдан берки кадрдык өзгөрүү ушул гана.

“Өткөн бийликтин учурунда журналисттер бычакталып, журналист Геннадий Павлюк өмүрү менен кош айтышкан” деп азыр сөз эркиндиги абактан чыккандай болду дептирсиң. Журналист чөйрөсү кайсыл бийлик болбосун сөз эркиндиги үчүн күрөшүп келет. Мактоосун да угат, ошол эле учурда муштумун да жейт. Атамбаевдин тушунда сөз эркиндиги азаттыкка чыкпастан, кайра ар кандай кысымдарга туш болуп жатканын Чырпыков сен, сенин ушул макалаңды жарыялаган “ПолитКлиника” гезити эле көрбөй жаткан болсо, калгандарыбыз көрүп-билип эле жүрөбүз. “Вечерний Бишкек”, “Жаңы Агым” гезиттери кандай жол менен тартып алынды? Андагы журналисттерге эмне деген сөздөр айтылды? Муну сөз эркиндиги деп баалайсыңарбы? Дайырбек Орунбековду президент өзү сотко берип 2 млн сом доолаганынчы? “Керек болсо тепкилеп урмакмын” таризде журналисттер менен жолукканда сөз айткан президенттин сөзү да сөз эркиндигинин азаттыкка чыкканыбы? Уран Ботобековдун үстүнөн президенттин азыркы кеңешчиси Илмиянов сотко кайрылып, биздин “адилеттүү” соттор 1 млн 800 миң сомду Илмияновдун пайдасына чечип берип, Ботобеков ал акчаны төлөй албай, аргасыздан өлкөдөн сыртка чыгып кеткени да балким силер үчүн сөз эркиндигидир? Мен Бакиевге да, Атамбаевге да жагалданган эмесмин, мындан кийин да жагалданбайм. Атамбаев кайра эле мурунку абалды алып келип жатканын айтып сындагам. Ошол сын көз карашыма сенин жообуң чыкканына сүйүнүп, бийликтин сөөгүн сыздаткан экен деп олтурам. Билген кишиге ал макала – президентти, тегерегиңизди жакшылап караңыз, элдин жашоосу кыйын, өлкөдө абал күндөн-күнгө оорлоп баратат, бул жакшы жакка алып барбайт, кеч боло электе ойлонуңуз деген коңгуроо. Президент Илмиянов, Ниязов жана башкалардын жомогун угуп Бакиев салдырып койгон жылуу үйдө олтура бербей, элдин азыркы жашоосун өзү көзү менен көрүп, Чайчи айылында жабыр тарткандардан кабар алып келсин деген ойдомун. Ушундай да жатып ичер президент болобу?- деп эл бекер сөз кылбай жатат.

Интернеттеги “Атамбаев Түркиянын чалгындоо кызматынын агенти” деген тасмага сен эмес, президент өзү жооп бериш керек. Ал жоопту бүтүндөй кыргыз эли күтүүдө. Эгемен өлкөнүн президенти болгондон кийин бул жерде ким кожоюн экенин көрсөтүү зарыл. Ал тасмада айтылган Атамбаевдин Түркиядагы бизнестери тууралуу да сен жооп берүүгө далалаттаныптырсың. Же сен президенттин кайсыл жерде бизнеси бар экенин тизмектеп жүрөсүңбү? Алмазбек Шаршеновичте саясий эрк болсо, өзүбүздүн, чет элдин маалымат каражаттарын Ак үйгө, ал жакка келе албаса резиденцияга чакырып билдирүү жасашы керек болчу. Дүйнө эли эмес, кыргыздар өзүбүз президентибиз чын эле агентпи деген ойдо турабыз. Президенттин маалымат бөлүмү да андай билдирүүнү жасаганга дарамети жетпегенсип олтурат. Баса, мени Бакиевчил деп күнөөлөгөндөй болупсуң, Атамбаевдин маалымат бөлүмүнүн башчысы Алмаз мурун Бакиевдин маалымат бөлүмүндө чуркап иштеп, ак кызмат кылган жигит. Азыр бакиевчилер кимдин жанында жүргөнүн жакшылап билип ал.

Президентибиз Алмазбек Атамбаевдин Түркиядагы бизнестери боюнча Жогорку Кеңештин мурунку депутаты, азыр саясий качкын болуп Түркияда жүргөн Садыр Жапаров “Кыргызстан бүгүн” сайтына маек куруп, жакшынакай болуп иштеп атканын айтат. Сен “Эгерде дүйнөнүн кайсы бир чалгындоосу Түркияда мага катталган мүлктөрдү таба алса, анда өзүнө алып алса болот” деген президенттин жообун жазыптырсың. Биз дагы кимде-ким президенттин Түркиядагы бизнестеринин сүрөтүн, далилдеген фактылары менен алып келсе чоң байге берерибизди жарыялаганбыз. Эгер далилденип калса, ошол далилди биринчилерден болуп сага жөнөтөм. Президентке кирип ошол адамга мүлктөрүн каттатып бересиң.

Түркия менен Россиянын ортосундагы талашка биздин президент качан конкреттүү пикирин билдирди? Президенттин саясатына көз салып жүрсөң аны жакшы билмексиң. Башка өлкөлөрдүн президенттери өз пикирин билдирип жатса, биздин ажобуз эмес, тышкы саясат боюнча бөлүмдүн башчысы Сапар Исаков билдирүү жасабады беле. Өз учурунда өлкө башчысы катары билдирүү жасай албаган президентибизде саясий эрк жок экенин ошол учурда анык көрбөдүкпү. Россияга барып келгенден кийин “Түркия Россиядан кечирим сураш керек” дегенге жарабадыбы. Андан кийин түрктөр биздин президентти эмне деп жазганын журналист болсоң ММКдан окуган чыгаарсың. Окубасаң азыр да бир көз чаптырып кой, менин жообумду окугандан кийин жазасың.

Электр энергиясын “Электр энергиясынын баасы кымбаттап кетти, Бакиевдин убагында мындан арзан эле” дегендей ойду кыйытат” деп жазыпсың. Мен сен айткандай кыйытпай эле арзан болчу деп так эле айткам. Нарынга барып элдин арманын, электр энергиясына канча төлөп жатканын угуп келсең абал кандай экенин жакшы билмексиң. “Жарыкка болгон баа көтөрүлбөш керек, көтөрүү күнөө” деп мен айтпагам. Сен мактап жаткан Алмазбек Атамбаев өзү оппозицияда жүргөндө электр энергиясы арзан болушун эсептеп “Учур” деген гезитке кенен интервью берген. 7-апрель окуясынын эртеси, элдин көзүнчө далай нерсени жобураган. Ошол сөзүн дагы бир жолу аргумент катары келтирейин, балким сен президентке ушинтип айткан экенсиз деп гезитти көтөрүп кирип, эсине салаарсың.

“Эч качан бааларды көтөрбөш керек. Бул деген күнөө. Сен базардан 8 рублге бир нерсе сатып алып, аны 70 рублга кайра сатсаң аздык кылабы? Туура, ТЭЦтин электр энергиясы кымбат. Аны биз Казакстан менен Россияга сатабыз. Элге жалаң гана арзан электр энергиясын беребиз.”

Бул азыркы президенттин электр энергиясынын баасы боюнча айткан сөзү. Кана ошол сөздүн ишке ашканы? Бакиев да тарифти көтөрүп жатып, тарифти көтөрүү менен биз өзүбүздүн эртеңки келечегибизди, жарыкты камсыз кылабыз деген. Азыр Атамбаев да ошол сөздү айтып жатат. Бакиев менен Атамбаевдин айырмасы кана? Кочкордо мындан бир аз убакыт мурун эле 1000 сомго жетпеген электр энергиясынын карызын төлөй албай калган адам, жүрөгү кармап бул жарыктык менен коштошту. Бул дагы электр энергиясынын кымбатташына байланыштуу. Кана Атамбаевдин арзан электр энергиясы? 70 тыйындан 2 сом 16 тыйынга кымбаттады го…

Макалаңдын аягында биздин баш редактор Бекен Назаралиевди Бакиевдин жакын адамы катары көрсөтүп, Бакиевдер менен майлуу-сүттүү күндөрдү чогуу өткөрүп калган деп жазып, анын Минскиге барып интервью алып келгенин сындаптырсың. Бекен Назаралиев эгер азыркы президент Атамбаев да өлкөдөн качып кетсе, ага да барып интервью алып келерине шегим жок. Үч ирет гезиттерин жаптырган Аскар Акаевден да кенен маек алып келип, бир сөзүн өзгөртпөй гезитке жарыялады. Убагында Акаевдин белекке берген үйлөрүн, алтын калемин алган журналисттер көп болгон. Акаевдин башына иш түшкөндө бирөө колдоп койгонго жарабады. Кокус, Атамбаев да Түркия же эс алып келген Индияга кача турган болсо, ага да сен барбайсың, Назаралиев барат. Буга бөркүңдөй эле ишене бер. Бул анын чыныгы профессионал журналист экенин билдирет. Ал сага окшоп борборго жатып, “Чырпыктын” арасына жашынып алып ар нерсени жаза бербестен, согуш оту күйүп жаткан Чеченстанга, Тажикстанга барып, журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзүп келген өлкөдөгү бирден-бир журналист. Баткенге террорчулар кирип келгенде дагы журналисттерден Зардалыга боевиктер менен жолукканы жалгыз гана биздин редактор барган. Бакиевге “Балаңыз Максимди токтотуңуз. Болбосо Акаевдей болуп өлкөдөн качып кетесиз” деп ачуу чындыкты гезит бетинен айта алган журналист да биздин редактор. Анын жазган макаласын чаң жугузбай мактап жаткан Атамбаевиң окуп алып, азыркы Кадр кызматынын башчысы болуп дайындалган Сооронбой Жээнбековго телефон чалып “Бекендин макаласын окудуңбу? Бакиевге оппозицияда жүргөн биз айта албаган сөздөрдү айтыптыр” дегенин Жээнбеков да жокко чыгарбайт. “Данакер” ордени менен сыйланып жатып “Көрсө, Бакиев алтын киши экен. Мен Өкмөт башында иштери турганда бардык убакта президент бардык маселелер боюнча мага жардам гана берди, колдоо гана көрсөттү. Мен бул үчүн Курманбек Салиевичке терең ыраазымын” деп айткан Атамбаев болбоду беле. Ачуу чындыкты айткандарды элге жек көрсөтүүгө аракет кылган “Полит–Клиника” гезити, бийликке жагынам деп жүрүп “БалитКлиникага” айланып калбагыла…

Наралы Асанбаев

“Жаңы Ордо” гезити

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 63 = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: