Menu

Тумандуу Кыргызстан. Резиденцияда жатып өлкөнү башкарган президент

Бөлүшүү:

Кыргыздын “Ишенген кожом сен болсоң” деген жакшы кеби бар. Бүгүн көртирилигин араң өткөрүп жаткан карапайым калк “Кыргызстанды өнүктүрөбүз, элдик бийликти орнотобуз, электр энергиясынын баасын арзандатабыз, сатылып кеткен жерлерди, ишканаларды мамлекеттин эсебине алабыз” дешип жыргал жошоону куруп берүүгө ант бергендерге ошол сөздү айтып, тфү-тфү деп түкүрүп, тишин кычыратып турган кези. Ант бергендер да “Ата-Бейитте” кыргыздын жыргал жашоосу деп жан бергендердин сөөгүн жерге берип жатканда көздөрүнө жаш алып ант беришкендери элдин эсинде. Көрсө, алардын көздөрүнөн жаш агыза ант бергени саясат театрындагы аткарган ролу, артисттик бийик чеберчилиги экени бүгүн даана билинбедиби…

Андан бери 6 жыл өттү. Бул мезгилде төштү кагып, ооз көптүрө мактана турган алгылыктуу алты иш жасалбады. Мурунку бийлик эл аралык финансы уюмдары менен бирге түптөп, фундаментин куюп кеткен иштердин ишке киришүү учуру гана азыркы бийликтин маңдайына туш келип калды. Ошол ишканалардын гана лентасын кыркып алты жыл абийирин жабып келет.  Ушул кезге чейин азыркы кыргыз бийлигинин мамлекетти өнүктүрүү боюнча иштеп чыккан программасы бар экени да күмөндүү. Болбосо, саясат айдыңы менен экономика тармагына көз салып жүргөн кыйындар жөн жерден “Максимдин программасы азыр да иштеп жатат” деген жыйынтыкка келе бербесе керек. Максим салган чыйыр жол кыргыз элинин жыргалчылыгы үчүн иштебей турганын, бийлик демократиялык башкаруудан чыгып, монархиялык башкарууга өтүп, баары бир адамдын көзүн карап, тур десе туруп, жат десе жата турган абал түзүлөөрүн, камчы менен башкарууга жол бербеген, эркиндикти сүйгөн кыргыз эли андай бийликти бир күндө кулатып, тыптыйпылын чыгарып коёрун көрбөдүкпү. Бул кургурлар андан да сабак алышпады. Тарых кайталанат деп коёт. Алты жылдын ичинде эле мурунку абал кайра кайталанып, андан да күч алып турганы өкүнүчтүү. Биздеги тал түбүнөн чыга калып, саясий серепчимин деп адамды коркуткан серепчилердин эмес, кыргыз саясатына көз салып турган орустун, батыштын аналитиктери, белгилүү институттар биздеги абал кайрадан бийлик алмашууга алып келиши мүмкүн экенин айтып жатканы бул бийликти ойго салбаганы менен Кыргыз Мамлекетинин келечеги үчүн күйгөн кыраандарды бир топ түйшөлтүп жатат. Ошондон улам эл арасында жаз келгенде революция болот экен деген сөз жайылууда. Бул да бекер жеринен эместир.

Параша жыттаган президент менен келечегибиз кенен болмок беле?

Кыргыз эли ажону тандаганда үчүнчү ирет жаңылышканын кеч билип олтурат. Ал эми Роза Отунбаеваны кыргыз эли шайлаган президент деп айтууга ооз барбайт. Аны эл президент кылып шайламак турсун, Конституцияда көрсөтүлгөн “Президенттикке талапкер болуп кеминде 50 миң шайлоочунун колтамгасын топтогон адам каттала алат” деген норма аткарылган эмес, 50 миң киши турмак 500 киши Отунбаева президенттикке талапкер болсун деген колтамгасын чогултушкан эмес. Анан кантип ал адамды президент деп санайсың?. Бирок, уялбастан экс-президент макамы менен айлык алып, жыргал жашоону кечирип жатат.

2013-жылы 12-июнь күнү Алмазбек Атамбаев орус тарап менен Жогорку-Нарын каскадынын фундаментин куюп жатканда  СИЗОдо олтурган ошол кездеги депутаттар Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Талант Мамытовдорду “Алар түрмө эмне экенин билишпейт. Параша жыттаган да эмес” деп элдин көзүнчө балп эттирбеди беле. Демек, парашаны азыркы ажобуз өзү жыттаганбы? Парашаны түрмөдө жаткандар гана жыттайт эмеспи. Бул сөздү Атамбаев эмес, Феликс Кулов айтса башка кеп болмок. Президентибиз Алмазбек Шаршенович качан параша жыттап жүрөт? Кайсыл жылы түрмөдө олтуруп чыкты эле?  УКМКнын тергөөчүлөрүнүн кабинетинде гана олтуруп чыкканын уккан жайыбыз бар. Эгер президент параша жыттаган болсо канча бир жылга кесилмек да. Атамбаев соттон акталды деген маалыматты уккан жан жок. Элдин көзүнчө балп эттирерде эмне жөнүндө сөз айтаарын ойлонуу кажет да. Түштүк Африка Республикасынын сегизинчи президенти болгон Мандела Нельсон 27 жыл түрмөдө олтуруп чыккан болсо да эч качан параша деген сөздү эл арасында айткан эмес экен. Ал адам укугу үчүн ошончо жыл түрмөнүн муздак дубалында олтурса да күрөшүп улуттун лидери болууга жетишти. Биздин президентчи? Акыйкаттык издеп аргасыздан жол тосууга чейин барышкан Баатыр-Энелерди ОБОН аялдарга теңегени улуттун лидери болом деген адамдын айта турган сөзүбү? Атамбаев да Мандела негрлердин укугун кандай талашса, кыргыз жаранынын укугун ошондой коргогонго жан үрөгөндө кыргыздан чыккан же болбосо Орто Азиядан чыккан Манделага айланмак.

 Мурунку президенттин баласы кыргыздарды кой десе, азыркы президент өз элин койго теңеген замана…

Өткөн жума Нарында иш сапар менен болуп кайттым. Бир киши арактан бир аз серпип алган экен, колумдагы фотоаппаратты көрдүбү, жаныма келип “Журналистсиңби? Кайсыл жактан келдиң?” деп сурап калды. Бишкектен келгенимди, гезитте иштеген журналист экенимди айттым. Баягы киши “Биз Нарындыктар койбузбу? Мал болуп калдыкпы? Биз шайлаган президент бизди койго теңебедиби!” деп ыйлап кирсе болобу. Атамдай болгон киши жаныңда күйгөнүнөн ыйлап атса эч нерсе деп айта албайт экенсиң. Мурун президенттин баласы Максим Бакиев “5 млн коюм бар” деп 5 млн кыргыз элин койго теңеди деп күйчү элек. Азыр нарындыктар президент өзү койго теңеди деп ыйлап олтурушат.

70 тыйындын ордуна 2,5 сом төлөп калдык

2010-жылдагы кандуу төңкөрүштүн негизги себептеринин бири электр энергиясына тарифтин көтөрүлүшү болгон. Бааны көтөрө коём деп Бакиев балээге кабылбады беле. Атамбаевдин бийлиги келген күндөн баштап бааны арзандатуунун үстүндө иш алып барган жок. Баалар көтөрүлгөндөн көтөрүлүп жатат. Азыр айыл жеринде жашаган бир үй-бүлөө электр энергиясы үчүн жок эле дегенде ай сайын 3000-5000 сомдон жогору төлөйт. Бирине тапса экинчисине жетпей жаткан жашоону баштан кечирген калк үчүн бир гана электр энергиясына 3000 сомдон ашык акчаны ай сайын төлөө жеңил эмес да. 2010-жылы апрель айында Алмазбек Атамбаев азыркы Өкмөт үйүнүн алдында “Эч качан бааларды көтөрбөш керек. Бул деген күнөө. Сен базардан 8 рублге бир нерсе сатып алып, 70 рубльге сатсаң аздык кылабы? Туура ТЭЦтин электр энергиясы кымбат. Аны биз Казакстан менен Россияга сатабыз. Элге жалаң гана арзан электр энергиясын беребиз” деп кыйкырып, элге кол чаптырбады беле. Бүгүн өзү айткандай бааларды көтөрүп күнөө кылып жатат. Базардан 8 рублга бир нерсе алып, аны 70 рублга кайра сатпастан, 250 рублга сатып жатпайбы. Кана ошондогу Россия менен Казакстанга сатабыз деп айткан сөзү? Тескерисинче, өзү казактардан кымбат баада электр энергиясын сатып албадыбы. Элге арзан электр энергиясын беребиз деп айтканы аткарылдыбы? Албетте жок.

Алты жыл аралыгында бул бийлик айлык акыны, пенсия менен жөлөк пулду көтөрүү боюнча жарытылуу жаңылык айта алдыбы? Пенсияны көбөйттүк дегенде араң эле 100-200 сом кошулган болот. Элдин жашоосу жакшы жакка бурулду, көчөлөргө машина батпай кетти деп оозунан көк түтүндү буркуратып мактанса, булардан кыйын иштеген адам жоктой сезилет. Кыргызстанда айлык менен үй салган, машина минген жумушчу табылаар бекен? Табылышына да көз жетпейт. 7-8 миң  сом айлык акы менен бүгүнкүдөй кымбатчылыкта үй салып, машина минмек турсун ич кийим сатып ала албайсың. Көчөгө батпай калган машиналар кара жанын карч уруп, бөлөк жерде тыйын үчүн иштеп жаткан мигрант мекендештердин маңдай тери экенин бул бийлик жокко чыгарып, өздөрү гүл заманды элге тартуу кылгандай айтып жатканына не дейсиң, бурадар? Мурунку бийликтин буларга караганда бир аз напсиси бар экен. Бааларды мындай тездик менен көтөргөн эмес. Кыргыз элине 2,5 сом аздык кылат, мындан да жогорулатыш керек деген таризде электр энергиясынын баасы дагы көтөрүлө турганын азыртадан баштап акырындык менен айтып жатышпайбы. Бул деген азыркы баалар акыркы чекит эмес дегенди түшүндүргөн ишаарат. Акаевдин учурунда баласы Айдардын, Бакиевдин тушунда Максимдин аттары баанын көтөрүлүшү тууралуу кеңири айтыла турган болсо, азыр Атамбаевдин баласы Сеид Атамбаев жетектеген “Автомаш-Энерго” компаниясы электр энергиясынын үстүндө олтургандыгы эл арасында көп айтылып, кыжырданууну жаратып жатканын кайда катабыз? Ажо өзү болсо балдары эч кандай ишке аралашпай турганын , эгер кандайдыр бир мыйзам бузууга аралашкан болсо мыйзам чегинде жоопко тартылаарын, өзү бут басып барбай турганын шардана кылып айтып келет. Президент минтип айтканы менен эл арасында “Максимдин ордуна Сеид менен Сейтек келди” деген сөз пайда болду. Бул “Айран жокто Айдар бар, Максым жокто Максим бар” деген ылакаптын эле уландысы болуп жатат. Алмазбек Шаршенович балдарын сүттөн ак деп мактанса, “kabarlar.org” интернет сайтына 2014-жылдын 10-ноябрында “Ажонун балдары бизнестерин бөлүштүрүп киришти” деген макала мындан үч жыл мурун жарык көргөн. Ошол макаланы төкпөй-чачпай, бөлүп-жарбай мисал келтирейин.

Ажонун балдары бизнестерин бөлүштүрүп киришти

Эсиңиздерде болсо, 28-октябрда “Башат” Маалымат агенттиги “Атамбаевдердин “Автомаш-Энергосу” өзгөртүлүп кайра түзүлдү” деп жазган.

Маалыматтар боюнча “Автомаш-Энергонун” жаңы кожоюндары “Автомаш-Радиатор” ЖЧКсы, Сеид Атамбаев жана Иван Васильев экендиги айтылат. Ал эми ажонун кийинки уулу Сейтек Атамбаев болсо түзүүчүлөрдүн катарынан чыгып калганы маалым болгон.

Маалым болгондой, ошол эле дата менен, тагыраагы 24-октябрда, Атамбаевдерге тиешелүү дагы бир фирма “Автомаш-Экол” ЖЧКсы да кайра каттоодон өтүп, эми анын жаңы кожоюну болуп Сейтек Атамбаев жеке ээлик кылып калган. Буга чейин Сеид жана Сейтек Атамбаевдер орток ээлик кылып келишкен болчу. Ишмердигинин багыты – электротехника жабдууларын (аккумулятор, батареи) чыгаруу. Негизинен Россиянын рыногунда иштейт. Жетекчиси – Норсеев Виктор Сергеевич. “Автомаш-Экол” да башка “автомаштардай” эле “Корпорация “Кыргызавтомаш” ассоциациясынын кожоюндарынын бири. Бул компания деле адаттагыдай болуп Бишкек шаарынын Матросов, 1а дарегиндеги Атамбаевдерге тиешелүү имаратта жайгашкан. Алгачкы жолу 1997-жылы негизделип, “Форум” кыргыз-түрк биргелешкен өндүрүштүк ишканасынын курамында болгон.

Буга чейин Алмазбек Атамбаевдин жогорку бийлик тактысын кармаганына карабай бардык “автомаштардын” жетекчиси катары көрсөтүлүп келгени боюнча ызы-чуу чыкканда, ажо “мен 2007-жылы эле “Кыргызавтомаштагы” жана ага кирген бардык фирмалардагы үлүштөрүмдү сатып жибергем, андыктан “автомаштардын” мага эч кандай тиешеси жок” деп актанып чыккан. Бирок, сатпай-этпей эле балдары аркылуу иштетип келатканы минтип дайын болуп келет. Өзү мамлекеттин башында турганына карабай балдары калчаган “автомаштар” мыйзамдарды одоно бузуу менен мамлекеттик сатып алуулар боюнча тендерлерде “ийгиликтүү” катышып, утуп келатканы айрым “ушакчылар” тарабынан айтылып кетип, бир канча кылмыш иштери козголгону да маалым. Алардын акырындап барып суутулуп кеткени да жашыруун эмес.

Ошентип, Сеид Атамбаев “Автомаш-Эколун” Сейтекке берип, ордуна “Автомаш-Энергону” алды. Орун алмаштыруунун максаты эмне экендиги азырынча белгисиз. Жөн эле ханзадалардын мүлк бөлүштүрүүсүбү же кандайдыр бир быкы-чыкынын айынан келип чыккан талашыбы?

Эсибизде болсо, мурунку президент К.Бакиевдин учурунда да ханзада Максим менен ажонун иниси Жаныш Бакиевдер бизнестеги таасир талашуунун айынан айыгышкан күрөш жүргүзүп келген жана алардын кармашы Бакиев бийлигинин алсызданышына алып келген жана саясий оппоненттерине болуп көрбөгөндөй ыңгайлуу шарт түзүп берген.

Базарчыбы, соттолосуңбу баарысына макул, болгону бийликке жаксаң болду

Кыргызстандагы кадр саясаты ушул абалга жетти. Колго суу куйганды жакшы билсең эле сенин эч нерсеңе карабай кызмат бере беришет. Кызматка барганыңдан кийин жогор жактан кандай үн чыгат экен деп күтүп олтурасың. Өзүң каалагандай иштеп баштасаң бир саат да сени кармап турушпайт. Заматта кызматың менен кош айтышып кете бересиң. Союз учурундагы райком менен азыркы акимдерди салыштыруу мүмкүн эмес. Бүгүн аким болуп соттолгон адамдар деле олтурат. Кечээ эле Кочкор районунун акими мурун соттолгону билинип калып жумуштан кетпедиби. Анан биздеги кайдагы кадр саясаты. Ош облусунда Өкмөттүн өкүлү же элдин тили менен айтканда губернатор болуп дайындалган адам соодада жүргөн азамат экен. Анын да аки-чүкүсүн иликтесең толтура нерсе чыкчудай. Ысык-Көл облусуна дайындалган губернатору “Аврора” санаториясын гана башкарып келиптир. Бир күн да мамлекеттик кызматта иштебеген адам экен. Ошол адам азыр бир облусту башкарып калды. Буларды сындайын десең президентибиз деле аким же губернатор болуп эл башкарган эмес. Премье-министр, президент болгондо да эки ирет элдик толкундоо, кандуу төңкөрүш жолу менен келди. Мейли, жаңы дайындалгандарды Өкмөттүн облустагы өкүлү дейли. Бир күн прокурор болуп иштебеген Аида Салянова менен Индира Жолдубаева  өлкөнүн башкы прокурору болуп дайындалбадыбы. Бул кадрдык башаламан эмей эмине урматтуу президент? Ушундай кадрдык саясат менен Кыргызстанды өнүктүрүүгө көзүңүз жетеби? Айланаңызда кимдер чөөгө окшоп тегеренип жүргөнүн жакшылап аңдасаңыз өзүңүзгө эле жакшы болмок. Бир эмес эки президентти жардан алыс түрткөн шылуундар өлкөдө кайрадан революциялык жол менен бийлик алмашууга шарт түзүп берип жатканын ажо өзү  байкабай жатса, карапайым калк эбак эле анализдеп койгон.

Конституциядан эки барак арыз күчтүү болгон өлкө

Эки революциянын тутанышына биздеги шайлоолор себеп катары каралып келет. Өткөн жылы болгон парламенттик шайлоо дагы кийинки революцияга себеп болуп берчү жагдайга чейин келип жетти. Рыскелди Момбеков болгондо дагы президенттин партиясынан келген депутат “Добуштардын баарын сатып алдык” деп парламенттен айтып жатпайбы. Анан кантип шайлоо таза өттү дегенге ишенебиз? БШК менен партия лидерлери өздөрүнө жакпаган депутаттардын мандатынан мыйзамды уруп-ойнобой эле ажыратып жатпайбы. Мыйзамды сыйлаган өлкө боло турган болсок, БШК башчысы менен депутаттын арызын оңдой койгон фракция өкүлү эбак кылмыш жоопкерчилигине тартылмак. Бул алты жылда Кыргызстан мыйзамдын үстөмдүгү эмес, акчанын үстөмдүгү бийлеген өлкөгө айландык. Бул бийликтин өзгөрүүгө алып барган бирден-бир жетишкендиги ушул болду. Депутаттын БШКга жазган “Менин катышуумсуз мандатымдан ажыратууну карабагыла” жана фракция лидерине жазган “Мени фракцияга мүчө кылып алышыңызды өтүнөм” деген эки барак арызы Конституциядан жогору туруп калды. Өлкөнү башаламан башкаруунун кесепети ушундай шартка алып келип такады. Бул үчүн кимди күнөөлөйбүз? Жооп бирөө гана. Ал өлкө башчысы Атамбаев Алмазбек Шаршенович.

2010-жылды элестеткен митингдер

Данияр Үсөнов Өкмөт башчы эмес беле мурунку бийлик кулаган мезгилде. Нарында митингдер башталган учурда ал жакка барып “Баары тынч, бир ууч адамдар эле ызы-чуу салышыптыр” деп айтып келген. Өткөн жумада дагы Нарында бийик тоолуу коэфицентти алып салабыз деген Өкмөттүн чечимине каршы митинг болгондо эл менен жолугушууга барган депутаттар “баары жайында” деп келишти. Миңден ашык эл чогулган митингди уялбастан 150-200 киши чыкты деп айтышты. Нарын гана эмес башка райондор дагы азыр бийликке талаптарын коюп жатышат. Эгер ошол талаптар аткарылбаса мөөнөтсүз митингдер башталаарын коңгуроо кылып кагышты. Бул бийлик үчүн жакшы жышаан эмес.  Мурун кызматтан четтетилип калгандар оппозиция болсо, бул жолу эл  бул бийликке оппозиция болуп кыр көрсөтүп жатат. Көтөрүлгөнгө  бийлик өзү шарт түзүп берип жатпайбы, кыйналган кыргыздын жонунан кайыш тилип. Казынаны толтура албай элдин эсебинен толтурууну эңсешип, камсыздандыруу дегенди ойлоп таап, социалдык төлөмдөрдү көтөрүп. Шордуу элдин да чыдамы түгөнөт да.

Сат, сат деген саясат

Атамбаев оппозицияда жүргөндө “Бийлик баарын сатып бүтмөй болду” деп сат, сат деген саясатка каршы чыккан. Бирок, өзү бийликке келгенден кийин баягы позиция жокко чыгып, сат деген саясатка өтүп кетпедиби. “Бизге “КыргызГаз” эмес, газ керек” деп “КыргызГазды” орустардын “Газпромуна” бир долларга сатып жиберди. Азыр бир эле компания бүтүндөй мамлекеттин газ тармагын калчап жатат. Бизге окшоп өлкөнүн негизги рычагы болгон тармакты бир компанияга бир долларга сатып жиберген өлкө болбосо керек. Эми газды кайра өзүбүзгө алабыз деп орустарга кыр көрсөтүп көрсүн эр болсо, орустар Үч-Коргондон таанытып коёт. Бүгүн Өкмөт болсо алтын жумуртка тууп жаткан “Мегакомду” сатыкка коюп жатат. Өздөрү убада кылган завод-фабрикаларды куруу, жыргал жашоо колго урунгандын баарын сатуу менен келип калбайт. Сат деген саясат айласы кеткендин гана иши.

Тумандуу Кыргызстан

Англияны “Тумандуу Альбион” деп коюшат. Мындай аталыш Лондондогу коюу тумандан келип чыккан. Лондонду туман басканда көчөлөрдөгү кыймылдардын баары токтоп, адамдар бара жаткан багытынан жаңылып калбашы үчүн жыла албай калышат экен. Биздин мамлекетибиздин да алган багыты түшүнүксүз, келечеги жок сыяктуу Тумандуу Кыргызстан болуп турат. Тышкы саясатта ким менен экенибизди так чече албай, ар кимдин колун кармап жүрөбүз. Россия менен биздин келечек деп ага боор тарттык эле, акыркы күндөрү талак алган аялдай болуп андан алыстай баштадык. Атамбаев Путин менен жолукканда протоколду уруп ойнобой, көчөдөгү балдар жолуккан ыкмага салып, орус президентин  кучактап, өпкүлөп жүрдү эле, кийинки мезгилде башкача нукка бурулгандай. Нарын дарыясына курула турган ГЭСтердин келишимине кол коюп жатып мактанганын азыр ал киши унуткан болуш керек. Ошол келишимди жокко чыгарып жатып башкача сүйлөдү. “Путин менен жолукканда дагы мен алар “Капа болбогула, биз башка инвестор издейбиз деп ачык эле айттым” деди эле, жарым саат өтпөй жатып Кремлдин башкы маалымат катчысы Песков “Андай сүйлөшүү болгон эмес” деп ажобуздун абийирин төгүп койду. Президентибиздин маалымат кызматы үн ката алган жок. Бизде ал кызматтын бар экени деле билинбейт. Болсо дагы үн чыгарууга дарамети да жетпейт болчу. Жылдын аягында ажобуз маалымат жыйынын өткөргөндө, президенттин аркасына бадырайтып “Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаевдин басма сөз жыйыны” деп жазган, басма сөз жыйыны менен маалымат жыйыны деген эмне экенин ажырата албаган  маалымат кызматынын тышкы саясат жөнүндө сүйлөгөнгө кудурети жетмек беле.  Түркияда орустардын учагы түрктөр тарабынан атылып түшүрүлгөндө дагы Атамбаев дипломат эмес экенин көрсөттү.  Журналисттерге маалымат жыйынын өткөрүп жатып кеч болсо да “Түркия атып түшүрүлгөн учак боюнча Россиядан кечирим сураш керек” деп айтты эле, түрк басылмалары Атамбаевдин Түркияга барып  эмне деп айткандарын президентибиздин эсине салып, “аркадан бычак сайган” адамга теңеп салбадыбы. Кечээ жакында эле кайрадан бул бийлик Түркияны стратегиялык өнөктөшүбүз деп атады. Курманбек Бакиев да Москвага барып “Манас” аэропортундагы АКШнын аскер базасын чыгарам деп айтып алып, бул жакка келгенде башкача ойной коём деп орустардын каарына калган. Атамбаев да ошол көрүнүштү кайталап жатат. Араб дүйнөсүнө барып, колдоо издегендей болду.  Тышкы саясатты мыкты билгендер президенттин бул сапарын кызматтан кетээрде эки жакка чыгып алайын деген аракети катары сыпатташты. Кээ бир маалыматтарга караганда биздин бийлик башындагылар Кыргызстанды НАТОго мүчө кылууга аракет көрүп жатыптыр. Бул ОДКБга кирген мамлекеттерге эгерим жакпайт. Орустар үчүн кечирбей турган иш. “Орус менен дос болсоң айбалтаңды ала жүр” деп бекер айтпаган кыргыз. Атамбаев да айбалтасы жок эле орус менен ойноп жаткандай элес калтырууда. Чакан мамлекет дөө-шаалар менен алака түзгөндө эки жакты карап, жети өлчөш керек. Болбосо кара чымынды ушалаган сыяктуу эле ушалап коёт эмеспи. Кыргыз эли түшкөн кемени башкарып бараткан капитаныбыз коюу туманга туш болуп, багытын билбей турган көрүнүшкө туш келдик. Капитандын тандап алган багыты туура болбой, тоого урунуп, кемебиз чөкпөсө эле болду. Атамбаев президент болгондон бери Ак үйдөгү президентке таандык кабинетте эмес, резиденцияда жатып алып Кыргызстанды башкарып жатканы абдан өкүнүчтүү. Ала-Тоо аянтындагы каза болгон кырчындай болгон жаш жигиттер Атамбаев жоопкерчиликсиз өлкөнү башкарсын деп окко учту беле!

Наралы Асанбаев

“Жаңы Ордо” гезити

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: