Menu

Бүгүн Ош облусунун жума окулган 182 мечитинде “Коомдун радикалдашуусунун алдын алуу, Ханафий мазхабынын негизинде” деген жума хутбалары айтылат

Бөлүшүү:

Бүгүн, 19-февралда Ош облусунун жума окулган 182 мечитинде “Коомдун радикалдашуусунун алдын алуу, Ханафий мазхабынын негизинде” деген тематикада жума хутбалары айтылат. Бул боюнча Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин 2016-жылдын 10-февралындагы буйругунун негизинде райондордун баш имам хатибдерине жана жума мечиттеринин имам-хатибдерине тиешелүү тапшырмаларды берди. Ошондой эле жума окулган мечиттердин имамдары Муфтияттан бекитилип берилген жума хутбаларын айтууну канчалык деңгээлде ишке ашырып жаткандыгы боюнча профилактикалык иштер жүргүзүлөт. Мындан сырткары жогоруда айтылган Муфтияттын №51 буйругунун алкагында КРнын Коргоо Кеңешинин чечимдерин ишке ашыруу максатында жана Кыргыз Республикасынын Президентинин “2014-2020-жылдарга КРнын Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы жөнүндө” жарлыгынын чегинде облус аймагындагы жума мечиттерде элге түшүндүрүү, эскертүү жана профилактикалык иш чараларын жүргүзүү боюнча иш-пландар бекитилип жүзөгө ашырылмакчы.

Эскерте кетсек, КМДБнын фатва бөлүмү тарабынан Кыргызстандагы жума мечиттерде элге түшүндүрүү, эскертүү жана профилактикалык иш чараларынын планына ылайык 2016-жылдын 5-февралынан 2017-жылдын 27-январына чейин 52 жумага ылайыкташтырылган бирдиктүү жума хутбалары бекитилип берилген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: