Menu

Фотобаян – Жалал-Абадда Мекенди коргоочулар Күнү салтанаттуу белгиленди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 22-февралда Жалал-Абад шаарындагы Барпы театрында  Мекенди коргоочулар Күнү салтанаттуу майрамдалды деп билдирди өкүлдүн басма сөз катчысы. Майрамдык иш чарага Жалал-Абад шаарындагы аскер бөлүктөрүнүн өздүк курамынын офицерлери менен жоокерлери, областтык ички иштер башкармалыгынын өздүк курамынын кызматкерлери, Улуу Ата Мекендик согуштун кадырман ардагерлери, Ооган жана Баткен согушунун катышуучулары жана Жалал-Абад шаарынын коомчулугу катышты.

23-февраль—Мекенди коргоочулар Күнүнө арналган майрамдык салтанаттын катышуучуларын өкүл Жумагүл Эгембердиева куттуктады.

–  Эгемендүү Кыргыз Республикасынын Президенти, мамлекетибиздин Куралдуу Күчтөрүнүн башкы командачысы Алмазбек Атамбаев өлкөбүздүн аскердик күч-кубаттуулугун бекемдөөгө жана мекенди коргоочуларга ар тараптуу ыңгайлуу шарттарды жаратууга терең көңүл буруп келаткандыгын баарыбыз жакшы билебиз. Акыркы жылдары Эгемендүү Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөп жатышкан офицерлер менен жоокерлерге ар тараптуу мыкты шарттар жаратылып, аскердик техникалык каражаттарды жаңылоо жана жоокерлерди бүгүнкү талапка жооп берген заманбап аскердик кийим-кечектер менен камсыздандырууда бир топ жакшы саамалыктар болуп жаткандыгына күбөбүз. Ала-Бука районунда жана Көк-Жаңгак шаарында аскердик заставалар курулду. Өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөп жатышкан офицерлер менен контрактык негизде кызмат өтөп жатышкан жоокерлердин үй-бүлөсүнө турак-жайлар курулуп, тапшырылып келе жатат. Согуштук жана аскердик тактиканы мыкты билген улуу орус полковедеци Александар Суворовдун: «Өз армиясын бага албаган эл, башка элдин армиясын багат» деген таамай-таасын сөзүн эч качан жадыбыздын чыгарбоого тийишпиз. Мекенди коргоочуларды майрамы менен куттуктап, аларга бекем ден соолук кааалаймын. Ар дайым асманыбыз ачык болсун!, -деди өкүл Жумагүл Эгембердиева.

Мекенди коргоочулар  Күнүнө арналган майрамдык иш чарада күжүрмөн кыргыз офицерлери менен жоокерлерин Жалал-Абад шаарынын 1-чи вице-мэри Таирбек Чойбеков жана Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Эрнис Ормоков куттукташты.

ЖА 23 фев

ЖА 23 фев4

ЖА 23 фев5

ЖА 23 фев6

ЖА 23 февраль

Майрамдык иш чаранын катышуучуларына өнөрпоздордун кеңири программадагы концерти тартууланды

Жолдошбай Осмонов, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: