Menu

Киев: Донбасстагы жаңжалда 2600дөн ашуун украин аскери мерт кетти

Бөлүшүү:

Донбасстагы салгылашуулардын натыйжасында Украина   2600дөн ашуун аскеринен айрылды.  Тогуз миңден ашууну ар кандай жаракат алышты.  Бул тууралуу Украинанын Тышкы иштер министрлигинин Минск келишиминин аткарылышына байланыштуу билдирүүсүндө айтылат.

Маалыматка караганда, акыркы эки ай ичинде эле жикчилдер Украина тарапты 2500дөн ашык жолу аткылап, 12 жоокер мерт кетип, 150дөн ашыгы жарадар болду.

Расмий Киев орусиялык офицерлердин кол башчылыгы алдында Донбасста заманбап курал-жарак, анын ичинде оор артилерия, реактивдүү системалар, байланыш жана байкоо каражаттары менен жабдылган кырк миң аскерден турган армия түздү деп Москваны айыптады.  Бул армиянын колунда   470ке жакын танк,   870 брондолгон жүк ташуучу техника,   450 артиллериялык система бар экени  да кошумчаланган.  Украинанын билдирүүсүндө, Орусия тыюу салынган кассеталык бомбаларды жана миналарды колдонууда.

Украинанын чыгышында  согуштук аракеттер 2014-жылдын жаз айларынан бери уланып жатат. Орусия Донбасстагы чатакты колдобой турганын жана аймакта аскерлери жоктугун кайталап келет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: