Menu

Кыргызстанда “Оппозициялык күчтөрдүн бирикмеси” – ОКБ түзүлгөндүгү тууралу БИЛДИРҮҮ

Бөлүшүү:

Кыргызстан өз башынан оор сыноолорду өткөрүп жатат. Өлкөдө кеңири кулач жайган коррупция жана бийликтин популисттик куру кыйкырыктары карапайым элибиздин ансыз деле оор турмушун андан ары татаалдатууда. Белгилей кетчү нерсе, бүгүн кыргыз жарандарынын турмуш деңгээлдери бир кезде бүгүнкү бийлик мурунку режимди айыптап чыккан негизги позициялар – туташкан коррупция, электрэнергияга тарифтердин көтөрүлүшү, биринчи кезекте керектелчү азык-түлүккө баалардын өсүштөрү боюнча начарлоодо. Андан сырткары, өлкөдө макроэкономикалык туруктуулук жоголуп, каржы жана банк сектору көзөмөлсүз калган.
1990-жылдардан тартып бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстанда чет элдик моделдердин негизинде гүлдөгөн мамлекет курабыз деген жалган убадалардын айынан Улуттук идеология жана кайра жаралуу идеясы унутулган. Улуттук кызыкчылык коррупциялык схемалар менен алдым-жутумдукка белчесинен баткан бийликтердин өз билемдигине тушугуп кор болгон.
Кыргызстанды бүгүн аны каптап келаткан саясый жана экономикалык коллапстан эч кандай косметикалык реформалар куткара албай тургандыгы айдан-ачык болуп калды. Өлкөнү узакка созулган кризистен чыгаруу үчүн чечкиндүү жана кынтыксыз кадамдар зарыл.
Республикада түзүлгөн бүгүнкү катастрофалык абалга бийликтин баардык бутактары күнөлүү. Ошол эле учурда айдан ачык көрүнүп турган саясый жана экономикалык кыйроолорго жана жасалбай жаткан реформаларга Кыргызстанда бийликтин бир да өкүлү жоопкерчиликти моюнуна албай келатышат. Бийликтин баардык бутактары: президент, өкмөт жана Жогорку Кеңеш өлкөдөгү кризиске менин тиешем жок дегендей мамиле кылышууда. Премьер-министрди жана өкмөттү шайлаган парламенттеги көпчүлүк башкаруучу коалиция өкмөттү кандай оңой шайласа ошондой эле жеңил-желпи мамиле менен кол жоолуктай алмаштырып, өзүнүн ошол кризиске түздөн-түз тиешеси бар экенин аңдабай жатышат. Логика боюнча ишке жарабаган өкмөттү шайлаган башкаруучу коалиция өкмөттүн таркалышы менен кошо өздөрү да кошо таркап, парламентте жаңы башкаруучу коалиция куралышы керек.
Бүгүнкү күнгө чейин бийликтеги саясатчылардын бири да мамлекеттеги реалдуу экономиканы талкалаганы үчүн өзүнө жоопкерчиликти алганга кудурети жетпеди. Бийлик өзүнүн саясый банкрот болгонун алигиче түшүнгөн жок жана реалдуу турмуш менен байланышын эбак эле жоготуп алган.
Карапайым элдин бүгүнкү кризистин шарттарында тездик менен жакырдануусун эске алуу менен Бишкек форуму, Каршылык Көрсөтүү Кыймылы, “Бүтүн Кыргызстан” жана “Ата-Журт” саясый партиялары биригип, “Оппозициялык күчтөрдүн биримдигин (ОКБ)” түзүүнү чечишти. Бул уюм Кыргызстанга бакубатчылыкты жана гүлдөп өсүүнү каалаган, чыныгы реформаларды ишке ашырууга кызыкдар адамдардардын, патриоттордун башын кошкон ачык коом болот.
Жаңы оппозициялык кыймылдын эшиги Кыргызстан бүгүн саясый, экономикалык, социалдык катастрофалардын босогосунда турат деген пикирди тең бөлүшкөн баардык саясый партиялар, кыймылдар, коомдук уюмдар, саясый жана коомдук ишмерлер үчүн ачык. “Оппозициялык күчтөрдүн биримдиги” (ОКБ) Кыргызстандагы баардык саясый партиялардын, кыймылдардын, коомдук бирикмелердин жана катардагы жарандардын иш аракеттерин бириктирүү жолу менен Кыргызстан бүгүнкү оор экономикалык абалдан чыгып кете алат жана өлкө ичиндеги бузуку күчтөргө Кыргызстанды саясый баш аламандыкка тартууга жол бербейт деп ишенет.
“Оппозициялык күчтөрдүн биримдиги” (ОКБ) республиканын бийликтеринен Кыргызстанды саясый жана экономикалык кыйроолордон сактап калуу үчүн токтоосуз чараларды кабыл алдырууга умтулат жана жетишет. Бул максаттарда “Оппозициялык күчтөрдүн биримдиги” (ОКБ) бийликтин баардык бутактарынан төмөнкүлөрдү талап кылат:
1.Бүгүнкү кризиске өкмөт менен кошо Министрлер кабинетин түзгөн КР Жогорку Кеңешинин башкаруучу коалициясы да отчет берип, жыйынтыктарына толугу менен жоопкерчилик тартууга тийиш.
2.Өкмөттөгү кызматтарга партиялык квоталар менен дайындоо бул министрлик менен мекемелердин жетекчилерин профессионалдык сапаттарына карабай эле кайсы партияга таандык экенине карап дайындоого алып келерин көрсөттү. Кыргызстан азыр саясый жана экономикалык катастрофалардын босогосунда турганын эске алуу менен өкмөткө партиялык принципте эмес, өз ишинин мыкты профессионалдарын чакыруу аркылуу Элдик ишенимдеги өкмөттү түзүү зарыл.
3.Коомчулуктун өкүлдөрүн тартуу менен Улуттук антикризистик программаны иштеп чыгып жана кабыл алуу зарыл.
4.Электрэнергияга тарифтердин көтөрүлүшүн жана күндөлүк керектелүүчү азык-түлүккө баалардын көзөмөлсүз өсүшүн токтотуу керек.
5.Талаш жараткан кен байлыктарды иштетүүгө мораторий кабыл алуу зарыл. “Жерүй” алтын кени менен “Мегаком” ишканасын сатуу процессин коррупциялык шектенүүлөрдү жаратканы үчүн токтотуу керек.
6.2016-жылдын 27-мартында өтө турган Жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду бийлик тарабынан административдик ресурстарды пайдаланбай өткөрүү.
7.Шаар мэрлерин шайлоону ал шаарларда жашаган калктын пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен өткөрүү. Мэрлерди калк өзү түз шайлоо жолу менен шайлаш керек.

“Оппозициялык күчтөрдүн биримдиги” (ОКБ) Кыргызстанда улам татаалдашып бараткан саясый жана экономикалык ситуацияны эске алуу менен президентке, өкмөткө, Жогорку Кеңештин депутаттарына өздөрүнүн жарандык позицияларын, патриоттук сезимдерин жана өз элине реалдуу кызмат кылуу тилектерин иш жүзүндө ачык көрсөтүүнү сунуш кылат. “Оппозициялык күчтөрдүн биримдиги” (ОКБ) бийликтин, оппозициянын жана коомчулуктун биргелешкен аракеттери менен гана өлкөнү кризистен чыгарууга болдорун белгилейт.
“Оппозициялык күчтөрдүн биримдигинин” (ОКБ) катышуучулары:
1.“Бишкек форуму”
2.“Каршылык Көрсөтүү Кыймылы”
3.“Бүтүн Кыргызстан” партиясы
4.“Ата-Журт” партиясы

Кол койгондор:
1.“Бишкек форумунун” атынан форумдун төрагасы Адахан Мадумаров
2. “Каршылык Көрсөтүү Кыймылынын” атынан теңтөрагалар Өмүрбек Суваналиев, Бегалы Наргозуев
3.“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын атынан төрага орун басары Дүйшөмбү Сооронбаев
4.“Ата-Журт” партиясынын атынан теңтөрагасы Камчыбек Ташиев

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: