Menu

Рамзан Кадыров: Немцов кара ниет максаттын курмандыгы болду

Бөлүшүү:

Чечен лидери  Рамзан Кадыров  бир жыл мурун Борис  Немцовдун киши колдуу өлүм табышына маркумдун ысымын өз кызыкчылыктары үчүн пайдаланып жаткандар айыптуу экенин  «Интерфакс» агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтуусунда, азыр Немцов тууралуу ар кандай сөздөрдү айтуу менен бул адамдар өз кызыкчылыктарын ишке ашырууну максат кылууда.

“Мурун бул партия жана активист деп аталгандар менен эч кимдин иши жок болчу.  Эми алар Немцовдун өлүмү үчүн бардыгын күнөөлөп жатышат”,- деди Кадыров.

Ошол эле маалда бул кылмышка күнөөлүүлөрдү эч качан коргобой турганын айтып, калыс иликтөө жана акыйкат соттук териштирүүлөр жүрөт деген ишенимин кошумчалады.  Кадыровдун баамында, Борис Немцов өлкөдөгү кырдаалды туруксуз кылууга багытталган кара ниет пландын курмандыгына айланды. Ал эми аны максат кылгандар чет мамлекетте жүрүшөт.

Орусиянын оппозициячыл маанайдагы саясатчылары Борис Немцовдун өлүмүнө Чеченстандын президентинин катышы бар экенин бир нече ирет жарыялашкан.

Чечен президенти кызматтан кеткенден кийин эмне менен алек болорун да айтып өттү.  Тогуз балалуу Кадыров президенттик тактан түшкөндөн кийин үй-бүлөсү менен алектенип, Орусиянын кызыкчылыгын коргоону уланта берерин белгиледи.  Владимир Путин ордунда калууну суранса, республиканы мындан ары да башкарууга даярдыгын кайталады. Кадыровдун президенттик мөөнөтү быйыл 5-апрелде аяктайт.   Расмий Кремль чечен башчысынын болочогу тууралуу эч кандай маалымат айта элек.  Оппозиция болсо анын отставкасын талап кылууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: