8-март эл аралык аялдардын эл аралык майрамына карата “UNA – Ты не один” фондусунун жетекчиси Назгүл Насиева Ысык-Ата районунда караштуу Серафимовкадагы мээримге муктаж карылар үйүндө болуп кайтты.
Назгүл Насиева: “Майрамдык кубаныч менен уул-кызына болгон кусалыктын кайгысы бар экени көздөрүнөн билинип турат. Булар мээримге муктаж. Андыктан апалар менен аталарга кубаныч тартуулоону салтка айлантып алганмын. Албетте ал жерде карылардын жатаар жери бар, тамак-ашы даяр. Бирок алар баары-бир өз баласынын мээримине муктаж”- дейт.
Мекеме жетекчиси Бакыт мырза: “Буларга көп чоң нерсе деле керек эмес. Буюгуп, жинденип, катуу кыйкырып баштаганда, эч нерсе дебей эле, акырын келип, бекем кучактап коюу гана жетиштүү”- деди.
Андан сырткары Назгүл Насиева жетектеп бар топ карыларга концерттик программа тартуулашты.
Эске сала кетсек Кыргызстан боюнча 1000дин айланасында кароосуз калган карылар бар. Бизди мындай көйгөйдөн алып чыга турган нерсе биздин наркыбыз. Мисалга алсак мындай кайгылуу карылар үйү араптардын түшүнө да кире элек.
Булак: kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ