Menu

Аскат Тейит: “Бул бийлик апрелде ѳлгѳндѳрүн мүрзѳсүн кучактап алып ыйлап айткан убадасына турган жок… көп маалыматты Курманбек Бакиевден уктум”

Бөлүшүү:

Мен, 2010-жылы башкалар сыяктуу Атамбаев, Текебаев, Сариев жана Отунбаева баштаган убактылуу ѳкмѳттүн убадаларына ишенип, аянтта Бакиев башкарган бийликке каршы ниеттеги адамдардын катарында болгомун. Ооба, электр жарыгынын баасы 1 сом 50 тыйынга кымбаттайт экен деген суук кабар тарап, Атамбаев баштаган оппозиция “электр жарыгынын 1 кВт наркы 10 тыйын, Бакиев негизи жок кымбаттатканы жатат, Токтогулдагы сууну сатып жиберди”,-деп жер сабап ыйлактап, элге ѳзгѳчѳ жакшы жашоо алып келээрин айтса мен дагы “Бакиев кетсе экен, Атамбаев жакшы жашоо алып келет беле”,-деп ичимден ойлонуп койчу элем. Ошентип, элди удургуткан оппозиция 7-апрелде аянтка куралчан адамдарды алып келип, кандуу кагылыштагы дарексиз тараптан атылган куралдын огунан канчалган курмандык болду. Муну Убактылуу ѳкмѳт Бакиевдин буйругу менен Акүйдү кайтаргандар атты деген бүтүм чыгарган. Бирок, атайын иликтѳѳ экспертизадан Акүйдѳн сунулган куралдан чыккан октон эч ким курмандык болбогонун бул бийлик да жашырган жок.

Күнѳѳ кимде экенин айтуудан мурда, Убактылуу ѳкмѳт убада кылган жакшы жашоого биз жеттикпи? Албетте буга коомчулуктун жообу бар, ал – ЖОК!
Күнүмдүк жашоо-тиричиликке керектелүүчү заттар 3 эсе кымбаттап, андан чыгуунун жолун кооз жана куру сѳз менен убагында элдин башын айландырган Атамбаев таба алган жок. Ѳзү апрелден кийин ѳлгѳндѳрүн мүрзѳсүн кучактап алып берген убадасына турган жок. Коррупция гүлдѳп, жемишин берсе, кымбатчылык жана элдин жакырчылыгы жеткен чегине барды. Электр жарыгына болгон баа 2 сом 16 тыйынга кымбаттап, Токтогул суу сактагычы Максим Бакиев жок болсо да ѳзүнѳн ѳзү соолуп бара жатат. Башкача айтканда Токтогул суусун тымызын сатуу токтогон жок. Тизмектеп айта берсе каңырыгың түтѳп, элдин башына келген кейиштүү тагдырга шолоктоп ыйлагың келет. Мына ушундай кейиштүү тагдырды кыргыз эли ѳзү тандап алдыбы же алдамчы Атамбаев баштаган кыйратуучулардын азгырыгына ишендикпи, эми ѳкүнүп жатабыз. Мен да кѳптүн бири катары ѳкүнүп, президент Курманбек Бакиевди кубалап, анын бийлигин кулатканга кейийм. 6 жылдан бери мына ушул ойлор менин жан дүйнѳмѳ тынчтык бербей жүрдү.
Кѳптѳн бери ушул ойлорумду, элдеги абалды, ѳкүнүч менен армандарды Курманбек Салиевичке айтып, чындыкты жеткирип сыр бѳлүшүп, андан кѳпчүлүктүн атынан кечирим сурагым келчү. Бул менин адамдык абийир алдындагы каалоом эле. Ошол максатым ишке ашып, жакшы адамдар аркылуу Минск шаарындагы Курманбек Салиевич менен жолугушканга мүмкүнчүлүк алдым. 23-февралга чакыруу алып, жѳнѳп кеттим. Толкундануу менен кубануу аралаш сезим ортосунда бара жаттым…
Жолугуу убактысы келип, амандашып аркы-беркини сураштык. Бир топ баарлашып отургандан кийин 7-апрелдеги окуя боюнча сурадым…

“Билесиңби Аскат, мен каза болгондорго чын жүрөгүмдөн кайгырамын. Алар алданып калды… Президент тараптан “Элди аткыла!” деген эч кандай буйрук болгон эмес. Карапайым элди ким атканын, азыр Кыргызстанды башкарып жаткан бийлик аябай жакшы билет. Тилекке каршы алар, болуп өткөн жана болуп жаткан окуяларды деле бүт баарын Бакиевдерге шылтоолоп отурганы, бул көрүнүш жакшылыкка алып келбейт.

Чын эле азыркы бийлик ак болсо, Кыргызстанда эле соттой бербей, дүйнөлүк сотко берсе, соттошконго даярмын. Мен өмүр бою мамлекеттик кызматтарда иштеп, кыргыз элиме ак дилден кызмат өтөп келдим. Элим үчүн кызмат кылдым, жардам сурагандардан эч нерсе аяган жокмун. Бирок ошондо көпчүлүк, “алдагандан башкага жарабаган” топту ээрчип кеткенине аябай өкүндүм… Бирок, кыраакы, көрөгөч кыргыз калкым ким кандай иштегенин түшүнүп жетти деп ойлоймун.

Айрым, эр жүрөк Асейин Саралаевге окшогон азаматтарыбыз, социалдык тармактагы миңдеген колдоочуларым кимдин-ким экенин айтып ачык жазып жатышат, Кыргыз элиме ыраазымын. Чек ара меселесин алсак, бул маселе өлкө башчыларына карап чечилет. Мен президент болуп турганда Тажикстандын чек арасы тарап менен бир дагы чуу болгон эмес. Алсак, ушул таптарда чек ара маселеси, күн сайын көйгөй жаратып жатат. Бул көрүнүштүн себеби, президенттин аброюу кошуна мамлекеттерде дээрлик жоктугунан… Азыркы бийликтин же болбосо президенттин, “чек ара маселесин чечебиз” деп көкүрөк каккылагыны ал карандай катардагы калпы. Билесиңерде убагында алар өздөрүн “чыныгы демократпыз” деп бийликке келген.

Бийликке келгенче, кыргыз элинин башын бир эмес, миң айлантып, ооз көптүрүп айткан ураан убадаларын такыр унутуп калды. Чек ара маселеси бул жакта турсун, эптеп экономиканы көтөрө албай, карыз сурагандан башка эч нерсеге жараган жок, тескерисинче тээ алыскы европа салыктары менен муунткан өлкөгө айлантты”,-деп айтты.

Сѳз арасында Кыргызстанга кайтып келесизби деп сурасам, мындай деди:
“Албетте барам. Менин барарымды кыргыз элим гана чечет, мен эле эмес тунгуч президент Аскар Акаев дагы барышы керек. Негизи мамлекетибизге тополоң-ынкылап жолу менен эмес, элдин эрки менен кайрылам”,-деп айткан Курманбек Салиевич башка кѳп суроолорума жооп берип, менден Кыргызстан тууралуу кызыгып сурап, элдин жашоосу тууралуу тынчсызданып жатканын жүрѳгүнѳн билдирди.
Баарлашуу соңунда жакында жарыкка чыккан китебин белекке берип, мага амандык, Кыргызстанга бакубатчылык тилеп мени узатты…
Аскат Тейит, Москва – Минск – Бишкек

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 − 67 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: