Menu

Сузак районунда мал союлуучу жайлардын ишине арналган семинар-кеңешме болуп өттү

Бөлүшүү:

11-мартта Сузак районунун базасында мал союлуучу жайлар бүгүнкү шартта кандай болуусу керек темада көргөзмөлүү семинар-кеңешме болуп өттү деп маалымдады өкүлдүн басма сөз катчысы.

Семинар-кеңешменин ишине Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорунун айыл чарба департаменттеринин башчылары, райондук башкы ветеринар кызматынын жетекчилери, ветеринар жана зоотехник адистер катышты. Мындан сырткары семинар-кеңешменин ишине өкүл Жумагүл Эгембердиева, өкүлдүн орун басары Бактыбек Анаракулов, Сузак районунун акими Абдумуктар Маматов, Жалал-Абад областтык мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча боюнча инспекциясынын башчысы Жумабек Аскаров катышты.

Семинар-кеңешменин катышуучулары Сузак районунун Сузак айыл аймагынын Арал айылындагы Исмаилжан ажы Ата атындагы жаңыдан курулуп, ишке берилген мал союлуучу жайдын иши менен жеринде кеңири таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

– Областыбызда мал чарба азык-түлүктөрүн кайра иштетүү маселесине жакшы деңгээлде көңүл бурулбай келе жаткандыгын моюнга алышыбыз керек. Ачыгын айтсак, бизде сүт азыктарын жана этти кайра иштетүүдө эч кандай демилге сезилбей жатат. Ошондуктан бүгүнкү семинар-кеңешмеден кийин мал чарба азык-түлүктөрүн кайра иштетүү тармагын колго алуу боюнча демилгелүү иш аракеттер башталат деген ойдомун,- деди өкүл Жумагүл Эгембердиева.

Ветеринар адис Алымкул Сабырканов мал союлуучу жайга коюлган талаптар, документтик иш кагаздары жана мал ылаңдары менен ооруларын алдын алууда коюлуучу талаптар туурасында кеңири маалымат берип, семинар-кеңешменин катышуучулары тарабынан берилген бир катар суроолорго ынанымдуу жоопторду берди.

Мал союлуучу ишкананын башчысы Рустамжан Атажанов белгилеп кеткендей учурда жаңыдан ишке киргизилген мал союлуучу жайда 10 адам такай иш менен камсыз болушкан.  Күнүнө бул жерде иштегендер  20 кара мал, жылкы жана кой-эчкилерди союу мүмкүнчүлүгү бар экендигин айтышты.

Ушул эле күнү семинар-кеңешменин катышуучулары Барпы айыл аймагына караштуу Пригородный айылындагы жаңыдан курулуп ишке берилген Давран Мадаминов жетектеген мал союлуучу жайдын иши менен дагы кеңири таанышып чыгышты. Бул жерде дагы мал союудагы бардык зооветеринардык талаптар менен эрежелер толук сакталган.

 

Жолдошбай Осмонов, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: