Menu

Бегалы Наргозуев, ОКБнын мүчөсү: УОК, “Эл үнү” , ОКБ жана башка оппозициялык уюмдар чогуу бир муштумга түйүлүп, акцияларын бир күнгө уюштуруп, жалпы аракеттенишсе болмок”

Бөлүшүү:

– Бегалы байке, сиздер, Адахан Мадумаров, Өмүрбек Суваналиев, Камчы Ташиевдер болуп түзгөн “Оппозициялык күчтөрдүн бирикмеси” – ОКБ жакынкы күндөрдө кандай иш-чараларды пландаштырып жатат?
– Азырынча ОКБ жакынкы жана алыскы убакытка бийлик менен күрөшүүнүн стратегиясы менен тактикасын иштеп чыгуунун үстүндө алек болууда. Нарын, Талас, Жалал-Абад, Ош облустарында бийликтин элге каршы саясатына нааразычылык акцияларына чыгып жаткандар менен байланыш түзүп, биргелешкен иш-аракеттердин планын ойлонуштуруп жатат. Ошто 27-мартта өтө турган шаардык кеңешке шайлоодо “Ата-Журт” партиясын колдоону пландаштырууда.
– Кубаныч Кадыров менен Бектур Асанов баштаган УОКтун бир бөлүгү 14-мартта бүт өлкө боюнча митингдерди өткөрүп, бийликти алмаштырууга аракеттенип жатышканы тууралу кептер кеңири тарады. Силердин алар менен байланышыңар кандай?
– Биз да ал оппозициялык топ тууралу жана алардын митингдерди уюштуруп жатышканын угуп жатабыз, бирок, алар менен жолугушуп сүйлөшкөн жокпуз. Пландарын да билбейбиз. Биз албетте алардын оппозициялык иш-аракеттерин колдойбуз, бирок, алардын иш-чараларына катышуу маселеси талкууланган жок.
– Азимбек Бекназаров баштаган “Эл үнү” кыймылы 24-мартта Ошто элдик курултай өткөрүп, бийликтин алдына өздөрүнүн талаптарын койгону жатышат. Силердин ОКБ кыймылыңар ал Курултайга катышабы?
-Биз бүгүн ал Курултайга чакыруу алдык. ОКБнын мүчөсү Камчыбек Ташиевди “Эл үнү” менен кызматташууга багыттадык. ОКБнын калган мүчөлөрү Курултайга барар-барбасы али чечиле элек. Жакынкы күндөрдө бул маселе талкууланат. Алардын иш-пландарын да деталдуу түрдө билбейбиз. Ошентсе да биз “Эл үнү” кыймылынын оппозициялык иш аракеттерин колдойбуз. Дегеле УОК, “Эл үнү” , ОКБ жана башка оппозициялык уюмдар 14-мартта же 24-мартта деп бөлүп-бөлүп акцияларды уюштурбай ,чогуу бир муштумга түйүлүп, бир күнгө уюштуруп, жалпы аракеттенишсе болмок.
Суроо салган Адилет Айтикеев
Булак: “Искра”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: