Menu

“Эл үнү” оппозициялык кыймылы: “Атамбаев, тилиң кычышып жатса, аркадан “катын ушак” таркатпай, КТРК, ЭлТР телеканалдарыңар аркылуу түз эфир менен теледебатка чык!”

Бөлүшүү:

2015-жылдын аягында жыл жыйынтыгын чыгарып жатып өткөргөн бриффингде Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаевдин:  “журналисттер  менин энем менен агамдын өлүмүнө себепкер болду” деп айтканы бар эле. Жалган  жалаа жапкан жаман сөздүн октон да  катуу тиерин түшүнгөн  адамдар, туура эмес болсо да, Президенттин сөзүн унчукпай кабыл  алышкан.

Бирок акыркы мезгилде өздөрүн оппозициябыз деп атаган аттуу-баштуулардын дарегине  Президентке караштуу “кол бала” гезит, сайттар: Fokus.kg, “Фабула”, “Жаңы Агым”,  “Аят”, Багыт.kg, Fakt.kg аркылуу жалган жалаалар жабылып, адам оозуна алгыс ыплас сөздөр менен мазактоо күч ала баштады. Эмки кезекте “кара жашиктердин”  каралоосу күтүлүүдө.

Биздин көз карашыбызда  бардык материалдарды Ак  үйдүн жетинчи кабатында олтуруп алып, же ГКНБнын бөлмөсүндө бекинип алып бир эле адам даярдап  Президенттин басылмаларына, сайттарына берип жаткандай. Эгер ишенбесеңер 2016-жылдын 9-10-мартында  жарык көргөн Атамбаевдин аталган гезит, сайттарына чыккан коендой окшош  макалаларды карагыла.

А.Атамбаев  оппозицияда жүрүп, каралоонун зыянын жакшы эле өз терисинен өткөрдү эле. Тилекке каршы, ишембиликте жүрүп: «Элди чогултуп төңкөрүш кылам дегендер оппозиция эмес, алар эл бузарлар, алар чындап эл душманы. Бир балээ болуп кетсе чөнтөгүмдү толтурайын деген эле ой бар аларда. Кыйкыргандардын артында жалаң кан же уурулук бар. Ачык айтайын, алар канга тойбогон кузгунга окшош бузукулар»деп айтканы бул адамдын оңолбой турганын дагы бир ирет көрсөттү.

Оппозиция, “Эл үнү”  коомдук кыймылынын демилгеси менен   2016-жылдын 24-мартында Ош шаарынын борборунда Элдик Курултай өткөрүүнү пландап, күн тартибине өлкөдөгү саясий, социалдык-экономикалык абалды, мамлекеттик бийликтин тагдырын талкуулоо боюнча  ачык айтып, Президентти баш кылып, бийлик бутактарынын баарын чакырды.

Оппозиция мамлекеттик бийлик башчыларынын  анын ичинде Президенттин жеке турмушун талкуулоо, жамандоо, каралоо үчүн  Курултай чакырган жок.

Президент Элдик Курултайга барып,  калк турмушун оңдоп жаткан алгылыктуу иштери болсо айтып,  эл менен арай көзү чарай  сүйлөшүүнүн ордуна  өзүнүн “дүжүр” гезит, сайттары аркылуу оппозицияны каралап кириши 2005-жылдагы Акаевди, 2010-жылдагы Бакиевди  элестетип турат. Анткени мунун артында ошол эле А.Сегизбаев, О.Ибраимов, Ф.Ниязов, А.Карашев ж.б. турганы белгилүү.

Эки сөзүнүн биринде “кудайды күбө тартып” сүйлөгөн Атамбаев  сайтка жазгандай, “досторунун”  “миллион долларларды” жымырып алганы чын болгондо  алда качан эле  каматып салбайбы! Ушактын да чеги болот, кудай баарын көрүп турат.

Кыргызда “кыздын сыры төркүнгө маалим” деп коет эмеспи.  Алмазбек Шаршенович, оппозицияда деле сиздин “кухняңызды” жакшы билген, “алыс”, “жакын” “досторуңуз” жүрөт.   Атамбаев тууралуу деле жаза турган толгон-токой  материалдар бар. Болгону оппозиция түштүк эли айткандай, азырынча “пастыкка” барбай турат.

Же, болбой эле тилиңер кычышып жатса, аркадан “катын ушак” таркатпай,  КТРК, ЭлТР  телеканалдарыңар аркылуу түз эфир менен  теледебатка чыккыла, кимдин-ким экенин,  чындыгында кимдердин “миллиондорду жымырып жатканы” тууралуу ачык айтышалы, эл билсин.

Ошондуктан оппозиция маалымат согушун  баштай электе токтотуңуз, Алмазбек Шаршенович!  Оппозиция сиз айткандай “ички душман” эмес. Сиздин саясатыңызга  оппонент. Кийин кеч болуп калып, тигил же  бул тууганыма журналисттердин зыяны тийди деп наалып жүрбөңүз. Бул эскертүү  Президентке жетпей калса,  “дүжүр” сайт, гезиттер жеткирип коюшуңарды өтүнөбүз.

Эл үнү” коомдук кыймылы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 − 23 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: