Menu

Элнура Кулуева, журналист: “Бийлик, өкмөт тарабынан көп кемчиликтер кетип жатат. Кемчиликтерди булар жоёбуз, биз бийликке келгенде деген убадалары бар болчу…”

Бөлүшүү:

Ушул айдын 14-24-мартта  оппозициялык бириккен кыймыл  Бишкек жана Ош шаарларында  бийликке  өз үндөрүн жеткирүү максатында  жыйын өткөргөнү жатат. Буга Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев дагы оппозициянын үнүн укпай аягы  бийликтен кетүү менен аяктаган. Азыркы бийлик оппозициянын үнүн угат деп ишенесизби?

Тарых тастыктагандай оппозициянын үнүн укса да кандай болгондугун биздин коомчулук жакшы билсе керек.  Бүгүнкү жаз алды келе жаткан кризистер, элдин  акыбалы, өкмөттүн туура эмес кадамдары элдин  кыжырдануусун жаратып жатпайбы. Бул он чакты оппозициянын өкүлдөрүнүн бийликке коюп жаткан  дооматтары эмес да.

Бул жерде элдин арасындагы чыңалуу, 2005-2010-жылдарды айтылган элдин  мүдөөлөрүн кайрадан эле бийликке барган адамдардын туура эмес кадамдарды жасап жатышканы элди ишенбөөчүлүк сезимин пайда кылды.  Буга көңүл бурбай кою мүмкүн эмес.

Демек ошол жердеги Аксыда, Бишкекте, Ошто өтө турган курултайларда  негиздүү талаптар эл тарабынан бийликке коюлса  ошонун жыйынтыгына оппозициялык күчтөр  туруп бере алабы деген маселе жаралып калды.

Анткени талаптар коюлуп, курултай өткөрүп коюп эле кагаздарды жок кылып коюп өз миссиябызды аткардык дегенден алыс болуусу зарыл. Талаптарды коё билип, алардын аткарылуусун күн сайын көзөмөлдөп тура  турган күч керек. Анткени бийлик, өкмөт тарабынан  көп кемчиликтер  кетип жатат. Кемчиликтерди булар жоёбуз, биз бийликке келгенде деген убадалары бар болчу.

Азыр бир нерсе деп айтыш кыйын болуп калды. Көп нерселер  кыштын кыйын учурундагы кырдаалдар, ошол эле “Мегакомдун”  сатылышы, элге каршы чыккан мыйзамдардын  чыгып жаткан менен оппозиция бир ууч болуп биригип үнүн чыгара албай калды. Трибунасы жок болуп калды. Эртең элдин үнүн угабыз деп аракет кылып жатышат.

Бирок буга чейин эле коомдук пикир жаратып иштешсе болмок деп ойлойм. Тилекке каршы 5-6 айдан бери кандайдыр бир пикир жаратып өзүнүн үнү менен  чыккан оппозициялык күчтөрдү көрө алган жокмун. Бул  тарых чындыгы.

.

Баян Кулова

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: