Menu

Качкынбек Булатов, укук коргоочу: “Пара алган Данияр Нарынбаев, Атамбаевдин жардамы менен кутулуп кетиши мүмкүн”

Бөлүшүү:

Коркмазов – Нарынбаевдин чуулгандуу соттук териштирүүсү бир жылга жакындап калды. Мындай  бийик даражадагы адамдардын кылган кылмыш иши, элди кооптондурбай койбойт. Ак үйдүн 7 кабатынан  кызмат элеп турган Нарынбаев пара алып жан багып жүргөнүн, бийликтин жүзүн ачты десек жанылбайбыз.  Айлыгы, сый урматы  деле ачкадан өлтүрбөйт эле. Анан калса Нарынбаев  жылдар бою өлкөнүн тагдырына чечип, мыйзамдарды, конститутциянын долбоорун түзүп келбеди беле. Көрсө көшөгөнүн артында кылган иши мыйзамга каршы, коомго кара “көө”  калтырды. Ак үйдүн кутун кетирип, ак жүзүн кара кылып, пара алып жаткан жеринен кармалып отурушат. Кармалганда дагы далилдүү фактынын негизинен, колмо кол акча алып турган жеринен кармалды.
Кыраакы генерал,  чекист Кормазов болгон ишти танбай туруп,  чындыкты айтып  кылмышын мойнуна алып отурат.  Ууру уурдап алып, уурдаган жокмун деп каргана берет эмеспи, так уурулардай Нарынбаев дагы алган эмесмин деп тана баштады. Ал тургай Нарынбаев  Исыккөлдүк  өзүнүн туугандарына, Каракол шаарында олбасттык админстрациянын алдынан митинг өткөрүп жиберди.
“Биздин бала Нарынбаев таптаза, бошоткула, пара алган эмес, бул саясый буйрук, көрө албагандардын кылган иши” деп  чыгышты. Мындай кадам бардык акчалуу адамдарды дежурлар колдоп, кыйкыра берет эмеспи. Себеби  чабал бийлик, чабал күч органы, Нарынбаевге окшогон парадан башка билбеген соттор, прокурорлордун кылган иши, баш аламандыкка алпарып жатбайбы.
Бардык ММКан сот процессин чагылдырып эле жатат, бирок бийлик соттордун мыйзамдуу иштерине киришип, мыйзам үстөмдүгүн тебелеп,  Д. Нарынбаев ишин көз карандысыз карап жаза алышы абзел. Болбосо , Д.Нарынбаев кутулуунун амалын таап, ак үйдөгүлөр менен келишип кутулат деген имиш айтыла баштады. Кыязы Нарынбаев, Атамбаев менен сөз тапкан окшойт. Жакында оор кылмыш кылган Данияр Ильич кутултуп кетиши мүмкүн деп жарыя пайда боло баштады. Эгерде Кормазов Нарынбаев кутулса, анда ушундай ызы- чунун кереги бар беле. Же  коррупция бийликти  башкарып, мыйзам чегинен чыгып кеттиби.  Куч органы тамтыгы кетип, кереги жокторду камап, калаганын бошото берсе болобу.
Качкынбек Булатов Укук коргоочу

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 20 = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: