Menu

Токон Мамытов, КР Чек ара кызматынын экс-төрагасы: “Өзбекстан кечээ басып алган Аксыдагы жер 1938-жылдагы документтерде деле Кыргызстандыкы деп көрсөтүлгөн”

Бөлүшүү:

“Кечээ, 18-мартта эрте мененки саат 7.40. да Өзбекстандын аскерлери кирип бууп салган Аксы районуна караштуу Кашка-Суу айыл округунун Сары-Булак участкасы дайыма эле Кыргызстанга карап келген”, – деп билдирди КР Чек ара кызматынын экс-төрагасы Токон Мамытов журналисттерге.
“Бул участок 1938-жылы Кыргыз ССРинин Караван районунун “Бирлик” айыл чарба артелине караган. Ал эми 1951-жылдан тартып бул участок “Бирлик” айыл чарба артелинин базасында түзүлгөн ошол эле Караван районунун “Ленин жолу” айыл чарба артелине карап калган. 1960-жылдан тартып бул участок Караван районунун базасында түзүлгөн Жаңы-Жол районунун (азыркы Аксы району) Ленин атындагы колхозуна бекитилип берилген. Бул участоктун аянты 50 гектарды түзөт. Ал жерден Ала-Бука – Кербен жолунун 1,8 чакырымы өтөт. Асфальтталган жолдон башка ал участкадан 350 метрдей Кыргызстандын электр өткөргүч линиялары да өтөт. Азыр бул участка Аксы районунун Кашка-Суу айыл округунун балансында турат. Бул жерде башынан эле кыргыз жарандары жашап жана дыйканчылык кылып иштетип келишкендиктен биз ал территорияны биздики деп эсептейбиз. Албетте ага жакын жерде Кыргызстан менен Өзбекстандын чек аратилкеси өтөт жана ал тилке боюнча алигиче өз ара макулдашууга кол коюла элек. Ошондуктан ал участкага Өзбекстандын куралдуу күчтөрүнүн кирип келиши көп суроолорду жаратат. Өзбек тарап ал территорияга эмнеге негиздеп аскер техникасын киргизгенин түшүндүрүп бериши керек. Мыйзам боюнча алар ал биздин территориядагы ар бир кыймылын Кыргызстандын Чек ара кызматы менен макулдашып гана жасаш керек болчу. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Чек ара кызматы өзбек тараптан расмий түшүндүрмө берүүнү талап кылышы зарыл”, – деди генерал Токон Мамытов.
Эсиңиздерге сала кетсек, кечээ 18-мартта Өзбекстандын куралдуу күчтөрү Аксы районунун Сары-Булак участкасына 40-45 аскер, 2 бронетранспортер жана 2 КАМАЗ маркасындагы автомашинаны киргизип, Аксы –Ала-Бука жолун бууп салышкан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 + = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: