Menu

Ош облусунда диний туризимди өнүктүрүү боюнча аракеттер көрүлүүдө

Бөлүшүү:

Бүгүн, 31-мартта Ош облусунун мусулмандар казыятынын окуу жана маалымат бөлүмүнүн адистери Ош облдусундагы тарыхый диний объектилер жөнүндөгү маалыматтарды чогултуу максатында Ош облустук “Сулайман-Тоо” тарыхый музей комплекси менен кызматташып баштады. Бул туралуу Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдирди.

Казыяттын кызматкери Ыйман Матраимовдун билдирүүсүндө учурда КРнын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым өкүлчүлүгүнөн жана КРнын Туризм департаментинен Казыятка диний туризимди өнүктүрүү максатында Ош облусунун аймагындагы диний объектилер боюнча маалыматтарды чогултуу тапшырмасы берилген. Андыктан жоопкерчиликтүү тапшырманы аткарууда бардык аркеттер көрүлүүдө. Ош облусундагы диний тарыхый объектилер жөнүндөгү маалыматтарды туристерге жеткире алсак, элибиздин диний маданиятын, Исламдын баалуулуктарын даңазалап, жергиликтүү экономиканы көтөрүүгө жол ачылат деп баса белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 + = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: