Menu

Качкынбек Булатов, укук коргоочу: Атамбаев, “шоопурду” колдобой, Кубанычбек Кадыровду колдосо болмок, Атамбаевдин кылган иштери “ботко” болуп калды”

Бөлүшүү:

Ак үйдүн ар бир чиновниги, жакындарына “крыша” боло берип, кадимки атом бомбасындай чынжырлуу реакция берип өлкөнүн тамтыгы кетирип бүттү. Бир эле адамдын укугун кордосо, кордолгон үй бүлөгө тийген залалы, жакырчылыкты коштоп, кайгы муун, азап тозокту башынан кечирип келет, бечера акыры өлүп жаны тынат. Андай жорукту бийликте отурган чиновниктер жакшы билет, бирок кураган куу кекиртек, көр оокат деп улам байыган сайын дагы алсам деп көздөрү тойбой, акыры ажыдарга айлангандар көбөйдү. Чиновник сөрөйлөрдүн суйлөгөн сөзүндө мыйзамдуулукту сактайлы, мыйзам ченеми менен иш алыпаралы дегени менен көшөгө артында иштин барын былгытып, бирин-бири колдоп, мыйзам ченеминен чыгып, калаганын жасап жатканын көрүп келетабыз.

Бийликте отуруп иш билбеген кызматкерлер жана бийликтен иштей албай уурулуктан башы бошобой, пара алып кубаланган чиновниктер, эч качан чабалдыгын, кошоматчылыгын, эки жүздүүлүгүн, жүзүкаралыгын, уурулугун, паракорлугун мойнуна такыр албай, кайра эле бийликке тырышат. Сен иштей албай кызматтан кеткенсиң десе, жоок, мен саясый кугунтукка кабылгам дешет уялбай. Жан талаша актанып, мен кызматта турганда планды жогорку деңгээлге жетишкем деп курулай мактанганын кантесиң.

Жалаң ушундай демогог паракорлорлор өлкөнү жакырчылыкка алып келди, иштен кубаланса дагы кабинеттен кетпей креслосун кучактап “бербейм” деп айлап кабинетине түнөп чыгат. Жан талашып ар кайсы айла амалдарды жасай баштап, “менин бомбам бар, жардырып ийемин” деп коркутуп кирет. Же бомбасын жарылбай, өз көчүгү калбыр экенин сезип, кайра кошоматчылыкка өтүп жаткандарды көрүп таң каласын. Айласы кеткенде бийлик менен оппозициянын ортосунда көпүрө боло калып, болбосо оппозициянын катарына кире калып бийликке азуусун көргөзүп, же тымызын саткынчылык кылып кызматка илинүгө аракет кылмай адатка айланды. Так ушундай жүзү кара чиновниктер өлкөнү толуктап, ошолордун кесепетинен экономикалык кризиске кабылып жатканыбызды президент Атамбаев билди бекен? Же өзү жол көргөзүп кол ийрисине тартат кылып жалаң жакындарын бийлик бутактарына коюп, өлкөнү жакырчылыкка алып келгенин сезди бекен. Коомчулук, саясат чөйрөсүндөгүлөр ачык эле айтып жатат, Атамбаев шоопурун бийлик башына алып келди, бул эмне деген жорук, үч уктаса түшкө кирбеген нерсе болду дешет. Ажо Атамбаев болсо, кайра элди шылдыңдап шоопурун залкар мамлекеттик ишмер С.Ибраимовко теңеп, С.Ибраимов деле тракторист болуп иштеген деп уулу инсанга теңеп салды. Бирок С.Ибраимов аскерге бара электе тракторист болуп иштеген эле андан кийин жогорку окуу жайды бүтүрүп билим алып жана жумуш өрнөгүн өтөп кызматтан кызматка көтөрүлүп эмгеги өлкөгө сиңген. Атамбаев болсо акчанын аркасы менен келип, жанындагы шопур, жансакчыларын, массажисттерин бийлик бутактарына алып келгени, мамлекетти сыйлабагандык эмеспи. Демогогдор  өлкөгө ири зыян келтирип, кызмат ишин билбеген, болгону ар кимге “Крыша” болуп акча таап жатканы менен белгиленет. Ошо шоопур, крим төбөл, кошоматчы кеңешчилери сабатсыз болгон үчүн Атамбаев эл алдында туура эмес “Фильтрлеп”сөздү сүйлөп жатканында. Чындыгында калп убадалар, элди шылдыңдап, малга теңегени, коомчулукту кыжырын келтирип жатпайбы. Мен бетке эле айтам деп жакынкы кошуна өлкөлөрдун ажолоруна тура эмес сөздөрдү сүйлөп атып, жаман көрүнүп бүттү. Путин менен досум, Эрдоган байкем геосаясаттан дагы уттуруп, эки өлкөгө баркы кетти. Чындап келгенде Путиндин өзү экономикалык начар абалда турат. Ошондуктан өлкөбүз саясый кризиске кептелип турганда, бийлик мындай саясый кризистен чыгыш үчүн, элди алаксытуу маанайда, жөн жеринен оппозицияны камакка алды. Илгери Акаевдин заманында Топчубек Тургуналиевди дагы Акаевге кол салуу уюштургансың деп түрмөгө камап, кесип ийген эле, кийин Топчукени жана жан жоокерлерин жогорку соттон актап, 250 000 миң сом материалдык чыгымды мамлекет төлөп берген. Топчукенин каталыгы ошо жөн жеринен жалган кылмыш ишти токуган прокуратура, сот, тергөөчүнү каматып юридикалык баа берилиши керек эле. Аликбек Жекшенкуловдун тапанчасы менен түрк жаранды атып өлтүргөн деп камалып, кийин бийлик алмашкандан кийин акталган. Ушул эле Атамбаевдин камчысын чапкан Кубан Кадыров дагы бийликтен ур токмок, куугунтукка кабылып кийин акталган эле. Эми президент Атамбаев мурунку, ажолор, баскан жолду кайра басып, мурунку бийликке кол кабыш кылгандарды,  өзүнө жакын ишеген вазир кылып, эски ыкманы тандап алды. Атамбаев, “шоопурду” колдобой, Кубанычбек Кадыровду колдосо болмок, Атамбаевдин кылган иштери “ботко” болуп калды”. Эргулдардын жардамы менен азыркы тапта оппозиция лидерлерин жөн жеринен камап жатат. Мындай кадам оппозицияны чыңалууга алып келет. Элдин жакырланышы, нараазычылыктын артынан жаны күч, жаңы идеяны жаратып, бийликтин жүзүкаралыгы менен карама каршы тура берет.  Кошомат артып “Атамбаев үчүн өлүп берем” деген кумайыктардын аракети, Атамбаевди жардан түртүп жатканын сезбей жатат, билбесе айтып коюш абзел, “Закон Тойинби” далили бар, маңкурт бийлик өзүн-өзү жок кылуу кадамга барат. Бул Тойинби мыйзамы дүйнө жүзүндө, ошондой эле Кыргызстанда далилденген. Акаев – Бакиев карама элге карама каршылыктан, ууручулуктан, элди тоготпой койгондуктан, кубаланганы жалганбы? Ошо көңтөрүштү үгүттөгөн, башчысы болгон Атамбаев өзүн болгонуңду унутуп калдынбы? Бийликке келип коркконунан желмогуз ажыдаарларды жаратып койдуң. Ал ажыдаарлар мен “крышамын” деп акча ала беришип, Ажонун аркасына бычак сайып жатканын билди бекен. Ар бир “крыша”, Ак үйдө отура берип миллиондогон долларды ала берип өлкөнү кризиске алып келишти, акыры Д.Нарынбаев Ак үйдүн бетин ачып, акча алып жүргөнүн ачыкка чыгарды, мактаганга татыйт. Ошо паралардын арты жакырчылык митинг, пикетин наразычылыктын өзөгү болуп жатканын бийлик билдиби. Чындап келгенде оппозицияны жанданткан Ажо жана Ак үйдүн “крыша” чиновниктери, муну эсиңерден чыгарбагыла. Ташка тамга баскандай иш алып барса кантип эле оппозиция каршы чыксын. Атамбаевдин бактысына акчалуу оппозиция жок болуп жатат. Акчалуу оппозиция болгондо эчакта Ак үй, КӨК ҮЙдөгү ууру “крышаны” эчак эле кубалап кетирмек. Мамлекетке ири зыян алып келген “крышаларды”,  Атамбаев жана тегеректеги кошоматчыларга мыйзам алдында жооп берүүгө күн келер. Атамбаев качып кетпейм деп жатат, опол тоодой байлыгы менен кыргыз тынч жашатмак беле. Өзү токуган крим топтор биринчи кол салат, андан кийин самандай жайнаган генералдар ар кайсы жерин чукуп отуруп түрмөгө отургузуп коёт, көзү кызарган саясатчылар Атамбаевдин акчасын эчакта эле эсептеп койгон. АЙ ЖӨН КОЙБОЙТ качып кетпесе, өтө опурталдуу тенденция түзүлүп калды. Ага өзү гана күнөөлүү.

Укук коргоочу

Качкынбек БУЛАТОВ

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 + = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: