Menu

Өкүл Жумагүл Эгембердиева Базар-Коргондогу «Апсамат Ата» багбанчылык чарбасында болду

Бөлүшүү:

Бүгүн, 8-апрелде өкүл Жумагүл Эгембердиева атайын иш сапары менен Базар-Коргон районунда болуп, 88 жаштагы кадырман эмгек ардагери Апсамат Эргешовдун багбанчылык багытындагы иштери менен жеринде таанышыты деп маалымдады өкүлдүн басма сөз катчысы. Базар-Коргон районундагы Акман айыл аймагынын Кош-Коргон айылындагы Акмат Дөң айылында жашаган 88 жаштагы эмгек арадагери Апсамат Эргешов өзүнүн балдары менен биргеликте 2,6 га аянтка былтыркы жылы мөмө берүүчү бактардын жаш көчөттөрүн жана 350 даана теректин көчөттөрүн олтургузган. Экинчи жылга караган жаш көчөттөр жакшы камкордук менен бапестеп аяр кароого алынгандыктан, алардын өсүп жетилүүсү талаптагыдай барууда. 88 жаштагы кадырман эмгек ардагери Апсамат аба 14 уул-кызды тарбиялаган болсо, анын 12си жалаң уулдар. Ардактуу эс алууга чыкканга чейин айдоочулук кесипти аркалаган Апсамат аба азыр карылыктын бактылуу доорун сүрүп, балдарына багбанчылык боюнча баалуу кеп-кеңештерин берип, бардык иштерге өзү баш – көз болуп турган кези.
Алымжан Божуев
– Өткөн жылы Ноокат районуна барып, Кызыл-Кыя айылындагы мыкты сорттогу бак дарактарын өстүрүүчү питомниктен 100 түп даана жаңгак, 650 түп кокон гиларс, 210 түп шабдаалы жана 200 даана ширин бадам көчөттөрүн жеринде сатып алып келип, балдарым менен олтургуздум. Астейдил көңүл бөлүп карасаң, жер сенин мээнетиңди текке кетирбей, адалдап кайтарат. Менин негизги максатым ушул бакзар балдарым менен неберелериме жана айылдаштарыма менден белек болуп калсын деген гана ниет тилек,- дейт кадырман аксакал Апсамат Эргешов.
Алымжан Божуев2
Апсамат абанын уулдары Тагдыр, Нияз, Кубаныч, Талант жана неберелери атасынын айткандарын өз убагында аткарышып, бакты талаптагыдай асырап кароону астейдил көңүл бөлүп жүргүзүп жатышат. Олтургузулган көчөттөр жаш болгондуктан былтыр анын ичине күздүк буудай эгишкен. 88 жаштагы эмгек ардагери Апсамат абанын Россияда эмгектенген баласы Т-82-1 маркасындагы дөңгөлөктүү трактор сатып берген. Ал трактордун жардамы өзүнө гана болбостон айылдаштарына дагы көп пайдасы тийип жаткан чагы.
Алымжан Божуев4
– Ушул жашка чыгып, балдарыңыз менен багбанчылык ишин жүргүзүп жаткандыгыңызга ырахмат айтамын. Уул-кыздарыңыз жана неберелериңиз менен тынч болуп, карылыктын бакубат доорун сүрүңүз. Сиздин өрнөктүү ишиңиз айылдаштарыңызга үлгү болуп, алар дагы Сиздин жолуңузду жолдосун. Элибиз барчылык менен бакубаттуулукта жашасын,- деди өкүл Жумагүл Эгембердиева 88 жаштагы Апсамат абанын ишине чын дилинен ыраазы болуп.
Базар-Коргон районунун акими Таалайбек Дөлдөев белгилеп кеткендей, Апсамат Эргешов аксакал балдары менен 750 метр жерге зым тосмосун тартып, темир мамычаларын кошо орнотуу үчүн өз жанынан 220 миң сом акча каражатын сарптаган. Мындан сырткары иш билги багбан мөмө берүүчү бак дарактарды талаптагыдай көрктөндүрүп, асырап өстүрүүдө жана жайылтууда айылдаштарына дагы өрнөктүү, кадырлуу жана урматтуу ата болуп калды дешет жердештери.
Жолдошбай Осмонов, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 − = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: