Аксы районунда мен билгенден эки жол бар. Ала-Букага кеткен үчүнчү жол бар. Ар бир адам кыргыз элин, өзүнүн жашаган жерин, киндик каным тамган жерди сакташыбыз керек. Бийликтегилердин бул жөнүндө башы да оорубайт. Бул дүйнөдө мекен үчүн сүйүп өткөн адам болуш керек. Мына Өзбекстан биздин ата бабабыздан бери келе жаткан жолду талашып жатышат. Биз буга кантип чыдап карап турабыз. Азыр Аксы районунун элин алсак, мына жаш балдар турат. Бул силердин жериңер. Силердин балдарыңардын, небере чөбөрөлөрүңөрдүн жерлери. Биз кыргыз эли, биздин ата бабаларыбыз киндик канын төгүп, келечегибизди ойлоп, тарыхыбызды сыйлап, өзүбүздүн жер экенин айтып, баатыр эл экенибизди даңазалап, кошуна колоңдорубузга дагы билдиришибиз керек. Биздин чек араны мыйзамдын чегинде сүйлөшүш керек. Анда болуптур, баш мыйзамдын негизинде гана сүйлөшөлү. Элдик кошуундарды түзөлү. Бул бир гана Аксыда эмес, Баткендин көп жерлеринде да ушундай маселелер болуп жатат. Баардыгы келечек муундар, ата бабаларыбыздын өтүп кеткен арбактары үчүн кыргыз элинин келечеги үчүн жасайлы, кыргыз элинин келечеги үчүн тик туралы.
Баяна Кулова
Булак: “Жаңы ОРДО”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ