Menu

Бекболот Талгарбеков, экс-министр: “Алмаз Атамбаев – кыргыз элинин трагедиясы”

Бөлүшүү:

- Бекболот мырза, 2011-жылы “кыргыз жерин учурда кара туман каптап калган” деп айттыңыз эле. Алгач кепти ошол пикирден баштабайлыбы?
- Дүйнө элдери ар кайсы мезгилде өтө оор, кыйчалыш жашоону башынан өткөргөн. Эгерде ал жашоону териштирсек, анда үч фактордун үстөмдүгүн көрөбүз. Алар – мамлекеттик башкаруунун, экономикалык абалдын, коомдогу ыйман-ынтымактын жалпы кризиси. Мен Кыргызстандагы дал ушундай абалды “кара туман” деп аныктагам жана ал туман дагы деле басып турат.
- Аныктаманы жүйөөлөр менен бере аласызбы?
- Албетте. Азыркы бийлик өлкөдө “парламенттик башкаруу орноду” деп ишендирип келет. Аныгында бизге анархиялык башкаруу киргизилди. Эске салалы. Анархисттер өткөн кылым башында Россияда саясый күч болгон. Алар “мамлекетте бирдиктүү, күчтүү башкаруу зыян, бийлик бөлүнүп-жарылып, ар кайсы жааттарга (партияларга), уюм, топторго чачырашы зарыл” деген идеяны туу туткан. Башкы девизи: “Анархия — мать порядка!”. Үч жылдан берки өлкөдөгү башаламан, чакчелекей башкаруу, “бардак” жашоонун башаты дал ошол анархиялык системага байланыштуу.
Экономиканы көрөлү. Азыркы бийлик экономика өсө баштаганы жөнүндө сөздөрдү көп айтат. Албетте, өкмөттө экономиканы түшүнгөн адистер бар. Болгону алар бийликтин талабына жараша кооздолгон маалымат берип турушат. Мисалы, инфляцияга жараша “өсө” берген ИДП (ички дүң продукция), же карыз, бажы төлөмдөрү, грант менен “көбөйгөн” бюджеттин кирешеси. Анда анык фактыга көз салып, азыркы абалды бийлик сын таккан мезгилге салыштыралы. 2004-жыл. Ички киреше-чыгаша (бюджет) барабар. Сырткы киреше-чыгаша (экспорт, импорт) барабар. Мигранттардын которуусу 500 миллион доллар. Демек, ал жыл өлкө байлыгы (капитал) жарым миллиард долларга көбөйүүсү менен аяктаган. Мындай абалга кандай баа берсе болот? Туура, жакшы эмес, орточо. Эми 2012-жыл боюнча. Ички киреше-чыгаша (бюджет): 16 миллиард сом дефицит. Мигранттардын которуусу 2 миллиард доллар. Тышкы киреше-чыгашаны көрөлү. Экспорт 1,9 миллиард доллар. Бирок, анын 30 пайызын алтын түзүптүр. Бул жерде киреше жок. Инвестор берген гана кургак цифра. Демек, экспорттун накта көлөмү 1,3 миллиард доллар. Импорттун көлөмү 5,4 миллиард доллар. Тескери сальдо 4,1 миллиард долларды түзгөн. Бул суммага бюджет дефицитин кошуп, аны мигранттардын салымына азайтсак, анда өлкө 2012-жылды эки жарым миллиард доллар байлыктан кол жууп аяктаганына күбө болобуз. Тактап айтсак, өткөн жылы мигранттар акча которууну 2004-жылга салыштырма төрт эсе көбөйтсө да, өлкө экономикасы 113 миллиард сом, же бюджеттин киреше бөлүгүнөн да көп, байлыктан ажыраган. Элдин, мамлекеттин ошончо байлыгы башка өлкөлөргө өткөн. Бул факт-учурда Кыргызстандын экономикасынын “кыр аркасы сынганын” далилдеп турат.
Ошондой эле азыркы бийлик үч жылда элди, коомду бөлүп-жарып, “өз-өңгө” кылып кармаштырып, биримдик, ынтымакты тыптыйпыл талкалап салды. Учурда өлкөдө “война всех против всех” абалы орун алган. Бул саясатка Атамбаев жеке өзү, анын арзыматтары, политтехнолог, серепчи, жазмакер-сүрөткерлери зор салым кошууда.
- Сиз “Кара тумандын ээси – Атамбаев. Ал кара туман анын сөзү, иши, саясаты” деген да аныктама бердиңиз эле…
- Мамлекетти башкарууда тажрыйбасыз, түшүнүгү тар Атамбаев оппозициянын лидерлигине жалгыз критерий менен тандалганы жалпыга маалым. Ал акчалуу болчу, ошол кездеги жылаңач оппозицияны каржылаган. Ошондон улам, Атамбаев үч жылдан бери өлкөнү көрүнөө да, көмүскө да жалгыз бийлеп келатат. Бул мезгилде ал өлкөнү башкарууну, образдуу айтсак, “куурчак театрга” айлантты. Өзү “кукловод”, көрүүчүлөр – эл, ал эми “куурчактар” тынымсыз алмашууда: УӨ, Отунбаева, Техникалык өкмөт, ЖК коалициялары, Бабанов өкмөтү, азыркысы. “Куурчактар” олуттуу маселе чечүүгө укуксуз, бирок элдин оор турмушуна алар кезектешип “күнөөкөрлөр”. Ал эми мамлекет тагдыры менен топ-таш ойноп, эл тагдырын чүкөдөй калчаган Атамбаев дайыма суудан кургак чыгып келатат.
- Кайсы өлкөлөр “кара туманды” башынан өткөргөн, кантип ал абалдан чыгышкан? Биз алардан кандай сабак ала алабыз?
- Россиядагы 17-кылымдагы кыйын кезең “смутное время”, “смута” деген аныктама алып, орус элинин тарыхында калган. Сабак үчүн акыркы жүз жылдагы айрым окуяларга көз чаптыралы.
Россия, 1917-жыл. Монархиянын күнү батып, мамлекет бийлиги, Ленин айткандай, “балчыкта жаткан”. Өлкөдө хаос күчөп, ар кандай саясый күчтөр “балчыктагы” бийлик үчүн күрөшкөн. Акыры большевиктер жеңди. Ооба, алар кийин “коллективизация”, “чистка” саясаты менен миллиондогон дыйкан, интеллигенция каймагын кырып салышты. Бирок, темирдей тартип орнотуп, натыйжасы зор “индустриялоо” саясатын жүргүзүп, ири державаны — СССРди кура алышты. Сабак, Россияны кризистен системаны түп-тамырынан өзгөрткөн күчтүү партия жана анын көсөм жетекчилери (Ленин, Сталин) сууруп чыгышкан.
АКШ, 1929-жыл. Өлкөнү ири гангстердик бандалар башкарган. “Жапайы рынок” өкүм сүргөн. Шишик бир күндө жарылып (“чёрная пятница”), капитализм дүйнөсүн ааламат каптайт. “Улуу депрессия” атыккан бир жылда АКШ, Батыш Европада өндүрүш 40 пайызга төмөндөп, 300 миллион адам жумушсуз калган. Социализмге өтүү маанайы кеңири жайылган. Мындай жагдайда ири капитал өкүлдөрү Ф. Рузвельтти президенттикке алып келишти. Ал биринчи күнү эле тарыхый иш жасаган. Кечинде элге кайрылып, өлкө келечеги үчүн банктарга акчаларын салууну үндөйт. Эл бир адамга ишеним артты. Эртеси бүткүл өлкө боюнча банктарга кезек күткөн адамдарды көрүшкөн. Жашыруун кызмат гангстерлерди кырып жоготот. “Коомдук иштер” долбоору миллиондогон жаңы жумуш орундарын түзгөн. Рузвельт капитализмди сактап, өлкөнү өнүгүү жолуна салды. Мунун сабагы, АКШда система өзгөртүлбөй, чыңдалып, улуттук лидердин көсөмдүгү менен кризистен чыгышкан.
Франция, 1958-жыл. Өлкө согуштан кийин парламенттик башкарууга өткөн. Партиялар тынбай кармашып, өкмөт бат-бат алмашып турат. Акыры Франция ири кризиске кептелет. Айласы куруган президент Р. Коти 13 жылдан бери айылда жашаган генерал де Голлго өкүлүн жөнөтүп, өкмөттү жетектөөнү суранат. Генерал макулдугун берет, бирок, партиялык системаны жек көргөндүктөн, парламентке баруудан баш тартат, “заочно” бекитилет. Де Голль дароо жаңы Башмыйзам кабыл алдырып, президенттик башкаруу киргизет. Парламентти таратып, өзү президент болуп шайланат. Ал Францияны кризистен толук чыгарган. Эгер мурда Франция карыз сурап жүрсө 5 жылда анын алтын запасы 4,5 миллиард долларга жеткен. Жыйынтыгы, Франциядагы өзгөрүү улуттук лидердин көсөмдүгү жана башкаруу системанын алмашуу жолу менен жетишилген.
Чили, 1973-жыл. Үч жылдан бери социализм куруу аракети жүрүп, өлкө кризиске тушуккан. Элдин жашоосу оорлоп, бюджетти дефольттон СССР сактап турган. Бирок, президент С. Альенде: “Алган багытыбыз туура, жакшы иштер жасалууда, келечекте мыкты өлкө курабыз” деген бекем ишенимде болчу. Альенденин сөздөрү тааныш угулуп жатабы? Ооба, үч жылдан бери кыргыз эли да Атамбаевдин дал ушундай сөздөрүн угуп келатпайбы. Чилиде абалды туура баамдаган аскер жетекчилери генерал Пиночетти лидер кылып, төңкөрүш жасоону чечишет. Башка арга калбаган. Альенденин жактоочулары (гвардиясы, “кошууну”) бар болчу. Өзү кармашка даяр экенин жарыялап турган. Кандуу төңкөрүштө Альенде жана 25 миң адам курман болду. Пиночет бийликти алып, күчтүү тартип орнотуп, рынок экономикасына кеңири жол ачты. Чилини өнүккөн өлкөлөр катарына кошту. Чилидеги өзгөрүү — аскер жетекчилеринин жана алардын эрки темир лидеринин аракетинин натыйжасы.
Иран, 1979-жыл. Монархиялык башкаруу ирип-чириген. Коомдо ыйман талкаланат. Жагдайды түшүнгөн ислам диний жетекчилери жаштардын жардамы менен “ислам революциясын” жүзөгө ашырышты. Президенттик башкаруу орнотулду. Батыштын идеологиясы түп-тамырынан кыркылды. Иранда отуз жылдан бери наркотик, ичкилик, сойкулук, адепсиздик жок. Батыштын кысымына туруштук берип, ал гана эмес атом энергиясын өздөштүрүп келүүдө. Ирандагы өзгөрүү-ислам диний өкүлдөрүнүн, жаштардын өлкөнүн башкаруу системасын, элдин жашоо образын түп-тамырынан бери алмаштыруусунун натыйжасы.
Россия, 1999-жыл. Өлкөнү олигархтар, криминал башкарчу. Коррупция туташ курчап, өлкөдө биримдик ыдыраган. Ельцин эрдик кылып бийликти өткөрүп берди. Путин кандай иштерди жасады? Бийлик вертикалын күчтөндүрдү. Чеченстандагы согушту токтотту. Олигарх, криминалды талкалады. Экономикага дем берип, экспорт өстү. Чөгөлөгөн Россия бутуна турду. Сабак: Россияны улуттук лидер жана мамлекеттик башкарууну күчтөндүрүү кризистен алып чыкты.
Кыргызстан, 2013-жыл. Тоң районунун жараны М.Абыловдун баасы (“Алиби”, 22.03.13). “Кыргызда азыр башкаруу сансыз көп. Айыл башчысынан баштап, өкмөт, президент, депутат баары башкарат. Карапайым эл кимисине баш ийип, кимисине кайрылууну билбейт. Кыргыз мамлекети кайда баратат, белгисиз. Дөңгөлөк тескери тегеренип баратат”.
- Ал эми Атамбаевдин үч жылдык саясатына, иш-аракетине кандай баа берсе болот?
- Улут лидери катары таанылган жетекчинин өлкөнү өнүктүрүү боюнча программасы болот. Мисалы, Рузвельттин программасы “Жаңы багыт”, Тэтчердики – “тэтчеризм”, Рейгандыкы – “рейганомика” деген өчпөс наамдар менен тарыхта калды. Атамбаевде эч убакта программа болгон эмес, бирок убадалары толгон-токой. Эгерде чар-топондон тазаласак, анда Атамбаевдин убадалары үч гана бөлүктөн турат: гүлдөтөм-жыргатам, кыргыз улутун жоготом, кыргыз-кытай темир жолун курдурам. Кантип, кандай багыт, иш-чаралар менен гүлдөтүп-жыргатаары жөнүндө айталбайт. Ырас, элге бир рецебин сунуштаган: “гүлдөп-жыргайлы десеңер жаратканга жалынгыла” деп.
Эми саясий баага келели. Экинчи дүйнөлүк согуш алдында Франциянын тышкы иштер министри парламентте: “Германия менен мыкты саясат жүргүзүп жатабыз” деген отчетуна бир депутат жооп кайтарат: “Сиздин саясат – сууда агып бараткан өлгөн иттин саясаты” деп. Айткандай, анан Германия Францияга согуш ачып, басып албадыбы. Баскан жолу, сүйлөгөн сөзү, жасаган иши алдамчылыктын, жүзүкаралыктын символуна айланган Атамбаевдин саясатына, ишмерлигине баа берүүдө ошол депутаттын сөзү эске түшөт. Үч жылда өлкөнү анархияга чулгатып, экономиканын кыр аркасын сындырып, коомдо ынтымактын таш-талканын чыгарган Атамбаев, чындыкты тике айтсак, кыргыз элинин трагедиясына айланды. Убакыт жылган сайын анын саясаты, иш –аракети элди, мамлекетти алсыратып, кансыратып келүүдө. Акылман кыргыз эли: “Бастырганды билбеген жолду бузат, башкарганды билбеген элди бузат” деп бекеринен айтпаптыр.
- Бир тактоо. Жакында өнүгүүнүн “стратегиясы” кабыл алынды го…
- Үч жылдан бери иштешкен беш өкмөттүн биринин да программасы болбоду, бирөөсү да жасаган ишине отчет бербеди. Азыр да парламент, президент, өкмөт программасыз иш алып барышууда. Алар орус жоокерлеринин “война план покажет” позициясын жетекчиликке алышкан. Ал эми “стратегия” программа эмес. Программанын ээси (автору) болот. Андан эл ким (же кимдер) жоопкер экенин билиши керек. “Стратегия” кимдин документи? Ким ага ээ, жоопкер? КСДПбы, коалициябы, өкмөтпү же президентпи? Же эл өзүбү? “Стратегия” – бул анархисттер кыялданган документ.
- Дагы бир тактоо. Жаңы Башмыйзамдын “атасы” Текебаев деп айтылып жүрбөйбү. Анархиялык башкаруу орношуна биринчи кезекте ал жоопкер эмеспи?
- Эгерде сиз айткан терминди колдонсок, анда Текебаев “энеси”, ал аткаруучу гана болгон. “Атасы” – Атамбаев, анткени негизги саясый чечимдерди өзү кабыл алып келатат. Кийин юристтери чечмелеген го, өткөн жылы 28-февралда Атамбаев КТРдеги маегинде “өлкөдөгү түзүлүш парламенттик эмес” деп моюнга алган. Акыры президент түшүнгөн тура, эми жаңы Башмыйзам алынат го деген коомдук үмүткө суу себилди. Политтехнологдору кеңеш беришсе керек, “азыркы ызы-чуудан башы чыкпаган парламент, өз алдынча маселе чече албаган өкмөт сизге ылайыктуу ” деп. Атамбаев кайра “өлкө парламенттик башкарууга өткөнүн, анын келечеги барын” айтып калды.
- Албетте, президенттин ишмерлигине саясий, моралдык баа берүү жаран катары сиздин конституциялык укугуңуз. Атамбаевди “алдамчылыктын, жүзүкаралыктын символу” деген аныктаманы чечмелеп берсеңиз. Адегенде анын орчундуу алдоо иштерине токтололу…
- Коомчулукка карааны 90-жылдары пайда болгон Атамбаевдин алдамчылыгына өзүм да күбө болгом. Вице-премьер экенимде бир күнү телефон шыңгырап калды. Алсам залкар жазуучу Ч. Айтматов экен. Ал көрүп тургансып ордуман тура калганым эсимде. Саламдашып, мен тейлеген тармакта бир маселени чечип берүүнү өтүндү. Премьерден тил уктум, бирок, ал маселени чечтим. Айтматов ыраазы болуп калды. Кийин дагы бир маселени айтты. Кыскача мындай: Атамбаев “Адабият фонду” деген уюм ачат. Анан сиз экөөбүз кытай уруусунан болобуз деп Айтматовду жетелеп, Акаевге киргизет. Жазуучуларды колдойт экенбиз деген ойдо Айтматов фондко ири сумма акча бөлдүртөт. Ал акчага Атамбаев беш заводду менчикке сатып алыптыр. Жаны кашайган Айтматов мага айтып жатпайбы: “Акаевге түшүндүрүп, акчаны кайтартып берсеңер” деп. Мен бул маселеге кийлигишүүгө укугум жогун, өнөр жай боюнча вице –премьерге кайрылуусун сунуштагам. Жыйынтыгы, ал заводдордун байлыгы сатылып, 20–30- миңдей адам жумуштан айдалып, уникалдуу станоктор Кытайга, Түркияга арзан баада кеткени көпчүлүккө белгилүү.
Атамбаев коомчулукту алдаганды “хоббиге” айландырган. Бакиевдин бийлигинде премьер-министр Атамбаев элге кайрылып (22. 05. 07), аны ууландырып салышканын жарыялайт. Аны Ф. Кулов, Т. Кулибаев (Назарбаевдин күйөө баласы) жана россиялык атайын кызмат жасады деп күнөөлөгөн. Президенттик шайлоо учурунда да (15. 06. 09) мени бийлик ууландырды деп чуу салган. Айткандары жалган болуп чыкты. Атамбаевдин дүйнө коомчулугун да алдамай адаты бар. Ал УӨ мүчөсү кезинде Москвага барып келип, “Кремлден Путин кабыл алды, ал бир ай ичинде ири жардам, грант берүүгө убадасын берди” деп пресс-конференция өткөрөт (13.04.10). Буга Кремль расмий жооп кылууга аргасыз болот. Путиндин пресс-секретары Д. Песков: “Путин Атамбаев менен жолуккан жок жана жардам убада кылган эмес” деген билдирүү жасаган. Дагы бир мисал. Биринчи вице-премьер Атамбаев пресс-конференция өткөзүп (25.05.10), “күзүндөгү парламенттик жана кийинки жылдагы президенттик шайлоого катышпоону бекем чечтим” деп дүйнө коомчулугунун кулагына “лапша” илген.
Кийин президенттикке секирүүнү пландаган премьер Атамбаев 2011-жылы, шайлоого утурлай, мугалим, врачтардын айлыгын, карылардын пенсиясын көтөргөнү эсибизде. Өзүн эки-үч ай тынбай мактаткан. “Каражат каяктан?” деп адистер таң калган. Көрсө Атамбаев алдамчылык жасап, 8 миллиард 600 миллион сомдук баалуу кагаз чыгарып, аны 200 миллион сом үстөгү менен банктарга күрөөгө коюп, акча алып, айлык, пенсия төлөптүр. Кийин, 2011-жылды жыйынтыктап, Атамбаев “бюджетти профицит менен калтырдым” деген маалымат таратат. Эки ай өтпөй анын калпын Улуттук банктын төрайымы З. Асанкожоева ашкереледи. Көрсө ал жылы бюджет 16 миллиард сом дефицит менен жабылыптыр.
- Атамбаевдин жүзүкаралык иштери боюнча эмне айта аласыз?
- Атамбаев эл биримдиги жөнүндө кооз сөздөрдү көп айтат. Биздин душманыбыз “маңкуртчулук, регионализм” дегенин угуп жүрөбүз. Иш жүзүндө кандай? Ал кыргыз улутун жоготууга бир нече жолу аракет жасады. Өзгөчө президенттикке талапкер кезинде ачык эле сунуштап жатты: “Улуттарга бөлүнбөй, баарыбыз кыргызстандыкпыз деп жашайлы. Кыргыз улуту дегенди паспорттон алып салалы” деп. Атамбаев кыргыз улутун жек көрөөрүн премьер кезинде да көрсөткөн. Жалгыз ирет айылга иш сапар жасап, “кыргыздын эркектерине караганда саан уй артык” деген дүйнө таанымын жарыя кылган. Коомчулуктун каршылыгынан улам Атамбаев кыргыз улутун жок кылуу көксөөсүн ишке ашыра албай келатат.
Атамбаевдин регионализмге “каршы” экенин да талдап көрөлү. Анын президенттик шайлоодогу ыплас технологиясы өлкөнү түндүк-түштүккө бөлүп салды. Анткени, алар колдобойт деп, түштүк кыргыздардын 20 пайызы гана тизмеге киргизилди. Россиядагы 1 миллион мигранттар да тизмеге кирбеди. Себеби, алардын кеминде 80 пайызы түштүктүк кыргыздар экени “эсепке” алынды. Ошентип, А. Мадумаров айткандай, Атамбаев эл тарабынан эмес, компьютер аркылуу “шайланды”. Мындай жүзүкаралыкка каршы Ош, Жалал-Абад, Баткен эли митингке чыгышкан. Ошондо Атамбаев атаандашы Ташиевге айткан сунушу мындай: “Мен түндүккө эле президент болом. Түштүктүн мага кереги жок. Ал жакты бөлүп Түштүк Кыргыз Республикасын жарыялагыла. Мадумаров экөөңөр бириң президент, бириң премьер болгула”. Мына регионализмге “каршы” адамдын чыныгы жүзү, жүзүкаралыгы.
- Азыркы бийликтин тышкы саясатына да көз жүгүртсөк…
- Учурда Кыргызстандын так аныкталган жана көз карандысыз тышкы саясаты жок десек жаңылбайбыз. Үч жылдан бери Атамбаев “пулуң болсо кулуңмун” позициясында. Аны түшүнгөн таасирлүү өлкөлөр улам бир “пирог” сунуп келатышат. Алгач, Россия менен мамилени талдап көрөлү. Бүгүнкү Россия –дүйнөлүк геосаясий талаада зор таасирлүү өлкө. Путин — прагматик лидер. Россия биздин өлкөгө кызыкчылык артып, грант берип, айрым ири долбоорлорду сунуштоодо. Бирок, Россиянын активдүү кийлигишүүсү- экономикалык кызыкчылык дегендер жаңылышат. Белгилесек, Нарын дарыясына ГЭСтерди курууга Россия бюджеттен бир рубль бөлбөйт. Керектүү каражат — коммерциялык кредит. Анда анык сыр каякта?
Жакында “РБК” каналында эксперттер тобу Россиянын Борбордук Азиядагы ролун кеңири талкуулашты. Алар НАТО кеткен соң, болжолу 2015-жылы Афганистан, Пакистандагы “Талибан” кыймылы Россия тарапка жылаарын, согуш сөзсүз болоорун белгилешип, талибдерди Борбордук Азияда, негизинен Кыргызстан, Тажикистанда токтотууну эп көрүшүп, ал эки өлкөнү согуш талаасына айлантууну кубатташты. Алардын пикирин жакында Н. Бордюжа да коштоп: “Кыргызстан, Тажикистанды куралдандыруу- бул Россиянын коопсуздугун бекемдөө” деп ачык жарыялады. Мындан улам Россиянын түпкү кызыкчылыгы каерде катылганы көрүнүп турат. Тилеке каршы, ал саясатты Атамбаев түшүнө элек.
АКШ да Борбордук Азияда демилгени колго алуу аракетинде. Кыргызстанды өз кучагына тартуу максатында алгач Катар, Азербайжанды колдонду, өз чабармандары да келип жатышат. Учурда “оор артиллерияны”, Түркияны оюнга киргизди. “Пирог”- Эрдоган айткан миллиард доллар. “Кайсы тарабы көбүрөөк акча берет” деп Атамбаев бийлигинин башы айлан-көчөк. Ал ортодо “улуу экспансия” саясатын салмактуу жүргүзгөн Кытай Кыргызстан аркылуу темир жолун алып өтүү үчүн алдын-ала кредит, гранттарын жөнөтүүдө.
Кыргыз эли “алыскы туугандан жакынкы коңшу артык” дейт эмеспи. Атамбаевдин жеке жүрүм-турум, иш-аракетинен коңшу өлкөлөр менен мамиле кескин начарлады. Ал Назарбаевди “диктатор”, “суу бербей казактарды чөгөлөтөм” деп мазактады. Кыргыз элин сыйлаган Нураке катуу тирешүүгө бара элек. Бирок, убада кылган 100 миллион долларды бербей койду, Кыргызстандан келчү тамак-аш импортуна блокада жарыялатты. Атамбаевдин “Каримов үч-төрт жылда өлөт, анан кыргыз-өзбек чек ара маселесин чечебиз” деген позициясына жооп кылып, өзбек тарап чек араны чычкан жөргөлөгүс кылып жаап салды. Азабын карапайым калк тартууда.
- Президент Атамбаев коррупцияга каршы күрөшүүнү негизги ишине айландырды. Кандай жыйынтык болууда?
- Дүйнөлүк тажрыйбаны карасак, алгач коррупцияга каршы күрөшүүнүн толук укуктук базасы түзүлөт. Экинчи шарт: күрөшүүчү орган көз карандысыз болуп, ал президент, парламент же өкмөткө түздөн-түз баш ийбеши зарыл. Атамбаев ал шарттарды эске албады. Өзүнө караштуу коррупцияга каршы кызмат түзө салып, Чапаевдей чаап жөнөдү. “Коррупциянын таш-талканын чыгарам, жарым жылда жемишин көрөсүңөр” деди. Көрдүк. Адегенде эле беш баланын атасы, МАИ кызматкери А. Эшбаевди жүз доллар пара алды деп өлтүртүп тынды. Көз жашы көл жесирден, ботодой боздогон жетимдерден кечирим сураганга эрки жетпеди. Анан бир взвод спецназ “Мегакомдун” жетекчиси А. Мурзалиевди кабинетинен “колго түшүрүп”, УКМКга камады. Айласы түгөнгөн Мурзалиев 1 миллиард 700 миллион сомду Атамбаевге которгон күнөөсүн моюнуна алды. Эстери оогон “күрөшчүлөр” аны тынч жатып туруусун суранып, бул иш азыр унутта.
Өткөн жыл башында КТРдеги маегинде Атамбаев “банк кутучалары”, “мародерлук”, “Мегаком”, “ууланган көмүр” афералары өз көзөмөлүндө экенин, ал эмес ири фигуранттардын аты-жөнүн билээрин, жыл аягына дейре баары сотко өтөөрүн шаңдана жарыялаган. Жыйынтыгы белгилүү, баары жабылды. Коррупция менен экономикалык кылмыштын айырмасын билбеген Атамбаев бийлиги учурда мугалим, врач, милиция кызматкерлерин баса калып, аны коррупцияга каршы күрөштүн “жемиши” катары даңазалоодо. Атамбаевдин майнапсыз, “өз-өңгө” бөлгөн бир жактуу коррупция күрөшүнө эл ишенбейт. Эл үнүн жакында эмгек сиңирген юрист С. Касымов: “Коррупция менен күрөшүп жатат деп айтпай эле койсок болот” деп таамай билдирди (“Ачык саясат”, 01.03.13).
- Коомдо биримдик, ынтымак начарлаганын калкыбыз да, ММКлар да талкуулап келатышат. Эмне себептен Атамбаев бийлиги элди жемиштүү максат, иш-аракеттер айланасына бириктире албады?
- Өнүгүү жолундагы өлкөдө жемиштүү идеология мамлекет институттары, эл ээрчиген лидерлер аркылуу жүзөгө ашат. Ал эми биздин өлкөдө идеология-бул Атамбаевдин сүйлөгөн сөзү, жүрүм-туруму, кылган иши болуп калган. Ал идеология –өткөндү караламай, саясый күчтөрдү чабыштырмай, эл ичинен душман издемей. Атамбаевдин билдирүү-кайрылууларын талдасак, алар үч бөлүктөн тураарын көрөбүз. Биринчи бөлүгүндө ал мурдагы жетекчилерди, өткөн мезгилди каралайт, экинчисинде өзүн мактайт, үчүнчүсүндө “гүлдөйбүз, жыргайбыз” деген убадаларды кат-кат берет. Президенттик мөөнөтүнө бир жыл толгондо “Вести” каналына берген маегин көрөлүчү. Акаев, Бакиевди жамандаганга жарым убактысын коротту. Анан өзүн мактоого өттү. “Мен таңгалам -деди ал. Эмнеге буга дейре эч бир жетекчи эл, өлкө тагдырын ойлогон эмес”. Мунусу россиялык журналистке Кыргызстанда “экинчи Манас” бийликке келди деп түшүндүрүп жатканы. “Экинчи Манасты” уксак, кыргыз эли азап-тозоктон башы чыкпай, анан 2010-жылдын апрелинен баштап гана мыкты заманга бет алыптыр. Анын айтымында үч жылда өлкөбүз ондогон жылдарга алдыга кетиптир. Убадалары да көкөлөп баратат. “Жакында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн баарынан ашабыз” дейт. (“Независимая газета” 22.03.13). “Кантип ал өлкөлөрдөн ашабыз”, “кантип гүлдөп-жыргайбыз” деген суроого “жаратканга жалынгыла” рецебине жакында дагы экөөсүн кошту (07.04.2013.). Биринчиси – эмгектене турган мезгил эми келиптир. “Аны ар ким өзүңөрдөн баштагыла” деди Атамбаев. Горбачев да перестройканы өзүңөрдөн баштагыла деп мээ кайык кылганы эсте. Экинчиси –“мамлекет мага эмне берет дебей, мен өзүм мекениме эмне жардам бере алам деп сурагыла” деди. АКШ экс-президенти Дж. Кеннеди тирүү болгондо бул плагиат сөз үчүн сотко кайрылмак. Атамбаевдин элге берген үч рецебинин мазмуну бирдей: “Мамлекеттин, президенттин башын оорутпагыла, өзүңөр жалынгыла, өзүңөр эмгектенгиле, өзүңөр жардам кылгыла”.
- Коомчулукта Атамбаевдин кылмыш иштерге тиешеси бары да көтөрүлүп келатат. Сиздин пикирди уксак?
- Атамбаевди кылмышкер катары сот чечими гана аныктайт. Жарандарда андай укук жок. Бирок, ал катышы бар делген кылмыш иштерин айтууга милдеттүүбүз. Биринчиси. Бийликтен кетээр замат Атамбаевге ири заводдорду кантип менчиктегени, алардын байлыгынын каякка жоготкону боюнча кылмыш иши козголот. Экинчиси. “Деньги и власть” гезити көтөргөн кылмыш иши. “Атамбаев, как глава правительства КР, своим распоряжением № 463-р от 8 ноября 2007 года совершил тягчайшее государственное преступление, передав китайцам рудник Иштамберди. Преступления данной категории относятся к измене Родине” (28.09.13.). Үчүнчүсү. Апрель окуясынан кийин банк кутучалардан уурдалган акчалар. Ал кылмыш иши боюнча Атамбаев негизги фигурант болоору айтылууда. Экс-баш прокурор К. Байболов жакында ачык айтты: “АУБда жаткан 200 миллион доллар россиялык кредит, 35 миллион доллар гранттык акча, 1 миллиард сом кайда? Ким, каякка сарптады?” (“Учур”, 4.04.13.). Төртүнчүсү. Каргашалуу июнь окуясы боюнча СССР КГБ полковниги И. Кушматов терең изилдөө жүргүздү (“Деньги и власть”, “Ачык саясат”, “Трибуна” гезиттери, 2012–2013). Анын фактыларына таянсак, кыргыз-өзбек согушу алдын-ала Атамбаев жана өзбек лидерлери тарабынан чогуу даярдалганын, Атамбаев согушту баштоого жеке “добро” бергенин, кооптонгон сепаратисттерге ал “убийство пяти-шести идиотов кыргызов ничего не значит, родственником окажем денежную компенсацию, рот закроем” деп колдоо көрсөткөнү белгилүү болду. Түштүктөгү абалга биринчи вице-премьер Атамбаев, өкмөттүн атайын токтомуна ылайык, башкы жоопкер болсо да согушту баштатып коюп, өзү үйүндө жашынып жатканы да ачыкка чыкты. Келечекте бул кылмыш ишин эл аралык Гаага трибуналына өткөзүп, Атамбаевге карата “преступление против человечества” беренеси боюнча айып тагууну көздөп жүргөн мекенчил жарандардын максаты колдоого арзыйт.
- Жакынкы келечек тууралуу пикириңизди уксак?
- Эл, өлкө тагдыры жөнүндө мен жүздөгөн адамдар менен баарлашам. Алар аркылуу миңдеген адамдардын пикирин билүүгө болот. Учурда коомчулук өлкө оор абалда экенин, андан чыгуу үчүн башкы эки маселени чечүү зарылдыгын түшүнүп калды. Биринчиси- Атамбаевден кутулуу, экинчиси — Башмыйзамды өзгөртүү. Бирок, бул эки маселени чечүү жолуна келгенде биримдик жарала элек, пикирлер ар кандай. Бирөөлөр коалицияны кайра курап, президентке көз карандысыз өкмөт түзүүнү сунушташат. Экинчилери- алгач парламентти таратып, анан Башмыйзамды өзгөртүүнү жактырышат. Үчүнчүлөрү — Атамбаевдин жолун тандап, азыркы бийликти кубалап чыгууну туура көрүшөт.
- А балким акыбалды туура баамдаса, Атамбаев өзү президенттиктен кетип, Башмыйзамды өзгөртүүгө, таза шайлоолорго, дегеле жаңы жашоо, жаңы заманга жол ачаар…
- Кете албайт. Чилинин президенти Альенде өзү кетсе болмок. Ал таза адам болгон, тынч оокатын өткөрө бермек. Ал эми Атамбаев бийликтен кетээри менен камакка түшөөрүн жакшы билет. Ошондон улам бийлигин коргоого, Альенденин “эрдигин” кайталоого даяр, мажбур. Менин пикиримде, саясий, интеллигенция өкүлдөрү, жалпы калайык айтылган эки башкы маселени акыл-эс, тынчтык жолу менен чечкени оң.
Наралы Асанбаев
Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 − = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: