“Ачыгын айтканда, 2010-жылы мен да Бакиевдин режимине каршы күрөшкө кошулгам. Төңкөрүштүн алдындагы 3-4 айда мен Текебаев, Сариев, Жекшенкуловдор менен бирге иштеп жүрдүм”, – деп билдирген Кыргызстандын экс-вице-премьер-министри Бекболот Талгарбеков “Республика” гезитинин башкы редактору Замира Сыдыковага 28-апрелде берген интервьюсунда.
“Бирок, 7-апрелде аянтта болгон окуялардан кийин мен дароо алардан кетип калдым, анткени биз бийликти күч менен басып алганыбызды түшүндүм. Ага чейин мен бийликти зордук менен басып аларыбызга анча ишенчү эмесмин, цивилдүү, тынч саясый күрөш болот деп ойлогом. Чынын айтсам, мен Атамбаев бийликти куралдуу басып алууну даярдап жатат деп уккам, бирок, ага ишенген эмесмин. Алар бийликти алары менен дароо өтө коркунучтуу иштерди жасай башташты. Биринчиден, мародерчулук, бул тууралу баары билишет, экинчиден, банк ячейкаларын талап-тоноо. Ошондо гана мен аларга кошулуп алып өтө коркунучтуу, ыплас ишти жасап салганымды түшүндүм. Баса, ошондон бир аз убакыт өткөндөн кийин мен мамлекеттик бийликти басып алууга катышкандыгым үчүн элден кечирим сурап, билдирүү жасадым. 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялар боюнча келечекте калыс иликтөөлөр болоруна мен ишенем”,- дейт Бекболот Талгарбеков.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ