“Кең Талас” коомдук бирикмеси Кыргыз Эл акыны Байдылда Сарногоевдин эстелигин Талас шаарына орнотуу үчүн баардык скульптор жана архитекторлордун арасында ачык конкурс жарыялайт.
Эстелик төмөндөгүдөй талапка ылайык келиши керек:
•Эл акынынын көркөм образын чагылдыруу
Жеңүүчүлөр Кыргыз Республикасынын маданиятынын чыгармачыл кызматкерлери жана коомдук бирикменин атайы өкүлдөрүнөн түзүлгөн комиссиясынын негизинде аныкталып, жыйынтыгы чыгарылат.
Көркөм чыгармачылык иштер 2016-жылдын 1-июлу, саат 18:00 го чейин кабыл алынат.
Байге фонду 60 000 (алтымыш миң ) сом
Конкурска катышууну каалагандар өз эмгектерин жабык негизде төмөндөгү дарек боюнча тапшыра алышат: Бишкек шаары, Лев Толстой көчөсү 12, “Бишкек курулуш” АКнун имараты.
Баардык суроолор боюнча 0312 59 01 87 номерлери аркылуу сурап билсеңиздер болот.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ