“Бишкек парк” соода борборунун ээси, 2016-жылдын 16-мартында ошол кездеги премьер-министр Темир Сариев өзүнө, КР премьер-министрине кеңешчи кылып расмий дайындап алган түрк жараны Айдын Мыстачоглуга кечээ алдамчылык беренеси боюнча кылмыш иши ачылды. Бул тууралу Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын басма сөз кызматы билдирүү таратты.
Айдын Мыстачоглу башка бир түрк компаниясынын акчасын алдамчылык жол менен уурдап алгандыгы үчүн айыпталып жатат.
Азыркы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков мурунку премьер-министр Темир Сариевдин кеңешчиси Айдын Мыстачоглуну КР премьер-министринин кеңешчиси кызматынан кетирди.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ