Menu

Чыныбай Турсунбековдун «Бишкек арак заводу» менен Өмүрбек Текебаев аралашкан «БНК» заправкаларынын жеке менчикке арзан сатылып кетишин УКМК менен ИИМ кайра текшериш керектиги талап кылынды

Бөлүшүү:

Жума күнү, 17-июнда Жогорку Кеңештин жаш депутаты Акылбек Жамангулов “Республика-Атажурт” фракциясынын жыйынында 2010-жылы 7-апрелден кийин мамлекеттин менчигине өткөн “Бишкек арак заводу” менен “БНК” заправкаларынын (Петрол групп) жеке менчикке сатылып кетишинин мыйзамдуулугун текшерүүнү УКМК, ИИМ жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына тапшырууну талап кылды.
“Бишкек арак заводу” 2011-жылы көз карандысыз эксперттер тарабынан 133 миллион сомго бааланганына карабай СДПКчы депутат Чыныбай Турсунбековдун бир тууган кайниси Жумгал Давлетбековго 66 миллион сомго, тең жарым баасына сатылып кеткен. ММКларда бул операцияга Алмаз Атамбаев өзү бата бергени көп жазылды. Ошондуктан арак заводунун эмгек коллективинин арызы боюнча УКМК кылмыш ишин козгору менен бийлик ал ишти кайра токтотуп койгон. Көп өтпөй эле бул ишке ошол кездеги премьер-министр Өмүрбек Бабанов да аралашып калганын депутат Камчыбек Ташиев : “Бишкек арак заводун арзан сатып алыш үчүн Чыныбай Турсунбеков премьер-министр Өмүрбек Бабановго $300.000. пара берген”, деп парламентте айыптап чыккан. Бирок, Чыныбай Турсунбеков да, Өмүрбек Бабанов да Ташиевди сотко бере алышкан эмес.
“БНК” заправкаларын (Петрол групп) 2010-жылдагы мамлекеттик төңкөрүштөн кийин “Ата-Мекен” партиясы басып алып, атамекенчи депутат Сайдулла Нышановду директор кылып дайындап коюшкан. Ал эми Сайдулла Нышанов Максим Бакиевдин өнөктөшү Кайрат Курбановду өзүнө орун басар кылып алып, ага өзүнүн KG номурлуу кызматтык джип машинасын мингизип койгон. Акырында атамекенчилер Бишкектин 9 жеринде иштеп жаткан заправкалары, андан сырткары бир нече заправка салчу жер участоктору бар Петрол групп (БНК) компаниясын ошол эле Кайрат Курбановго 3 миллион долларга сатылды деп катташат. Ал эми Кайрат Курбанов ошол замат ал ишкананы “Роснефть” компаниясына 40 миллион долларга сатып жиберет. Айрымасы болгон 37 миллион доллар мамлекеттин чөнтөгүнө эмес кайсы чиновниктердин чөнтөгүнө түшүп калганын аныктоо оңой эле болучу, бирок бийлик бул коррупциялык факты боюнча козголгон кылмыш ишин да жаап салган.
Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − 32 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: