Menu

Орозо кармоо убактысы эң узун жана эң кыска өлкөлөр – Исландияда 21 саат, Ваканда 3,5 саат

Бөлүшүү:

Кыргызстанда орозо кармоо убактысы 17 саат 40 мүнөттү түзөт. Ал эми географиялык абалынан улам быйыл 20 саат же андан да көп убакыт орозо кармаган мамлекеттер  бар. Быйылкы орозо жыл ичиндеги эң узун күн саналган 22-июнга туш келди. Андыктан быйыл Кыргызстанда орозо кармагандар таң заардан күн батканга чейин дээрлик 17 саат 40 мүнөттөй оозуна наар албай жүрүштү.

Белгилей кетсек, дүйнө жүзүндө миллиондогон мусулмандар бар. Орозо кармоо алардын парзы.  Айрым мамлекеттердеги мусулмандар жашаган өлкөсүнүн географиялык абалына байланыштуу 18 сааттан 21 саатка чейин орозо кармашууда.

Мисалы, Англияда орозо кармоо 18 сааттан ашса, Канадада 19 саатка чейин кармалууда. Ал эми Швеция, Норвегия, Германия жана Россиядагылар 20 сааттан ашык орозо кармашат.

Орозонун  эң эле узак убактысы Исландияда катталган, андагы мусулмандар орозо убагында 21 саат бою ооздоруна наар алышпайт.

АКШнын Чикаго шаарында орозо кармоо убактысы  биздегидей эле 17 саатка чейин  созулат. Алар таңкы саат 3.29га чейин ооз бекитип, кечинде саат 8.24төн кийин ооз ачышат.

Австралиянын Мельбурн шаарында учурда кыш болгондуктан  12 сааттан ашыгыраак орозо кармашат экен.

Орозого уруксат бербеген өлкөлөр

Орозонун башталышы менен ооз бекитип, орозо кармоого уруксат бербеген же анын айрым амалдарын аткарууга жолтоо болгон мамлекеттер да бар.

Кытайдын Синьцзян Уйгур автономиялуу облусунда жергиликтүү элдин орозо кармашына тоскоолдуктар жасалууда.

«Кытай бийлиги уйгурлар көп жашаган Синьцзян Уйгур автономиялуу облусундагы мамлекеттик жетекчилердин, окуучулардын орозо кармоосуна тыюу салганын жергиликтүү ЖМКлар маалымдашкан. 10 миллиондон ашык уйгурлар жашаган аймактарда күндүз айрым тамактануучу жайлардын иштөөсү милдеттендирилген.

Ал эми коңшу Өзбекстан орозо айында эл чогултуп ооз ачууга тыюу салганын өлкөнүн айрым жалпыга маалымдоо каражаттары билдирди. Тыюу салуу аракеттери былтыр да киргизилген. Анда мындай аракеттер элди диний экстремисттик агымдарга берилип кетүүсүн алдын алат деп түшүндүргөн.

6-июнда башталган Орозо 5-июлда аяктайт.

Аскат ЖЭЭНБЕКОВ, Санкт-Петербург шаары: Санк-Петербургда 21 саат ооз бекитилет

Рамазан айында орозо кармоо —мусулмандардын парзы болуп эсептелинет. Орозо, бизге ар дайым Алла Тааланы эскертет, жоопкерчилик сезимин ойготот. Жүрөгүбүздү жаман ой-пикирлерден алыстатат, башкаларга жамандык кылуудан коргойт.  Мен өзүм Жалал-Абад облусунун кулунумун. Учурда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында иштеп жатам. Бизде орозо кармоо абдан эле оор. Бирок мусулмандык парзды аткаруу үчүн кармап жатабыз. Орусиянын ак түндөрүнө байланыштуу 22:15те күн батып, 1:15те таң агарат. Ортодо үч саат гана оозубуз ачык болот.

Көпчүлүк мекендештерибиз курулуштарда жана башка оор жумуштарда эмгектенишүүдө. 21саат бою ооз бекитип жүрүүгө туура келсе да  орозо кармашууда. Орозонун өз касиети бар эмеспи. Башка мусулмандардай эле чыдап жатабыз. Орозо кармагандардын орозосу кабыл болсун.

Вакан кыштагында 3,5 саат гана ооз бекитилет

Акыркы жылдарда рамазан айы жайдын узак күндөрүнө туш болуп, көпчүлүк өлкөлөрдөгү мусулмандар 17-20 саатка чейин ооз бекитишүүдө.

Араб өлкөсү менен чектешкен Оман шаарынан 150 км алыстыкта жайгашкан Вакан кыштагында саат 11де таң агарып, кайрадан эле 14:30да күн батат. Географиялык абалы кызыктуу, тоого курчалган бул кыштакка туристтер көп келишет.

Булак: “Жаңы агым”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 8 = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: