“Бандит” операциясы учурунда, Жалал-Абад ОИИБнын изкубарлары тарабынан ок атуучу куралдарды сактагандыгы жана ок атуучу куралдарды жасагандыгы боюнча оперативдүү маалымат алынган. Ал маалыматтардын негизинде жана Майлуу-Суу ШИИБнүн кызматкерлеринин жардамы менен опертивдүү топ түзүлүп, 2016-жылдын 24-июнь күнү саат 14-00 чамаларында, Майлуу-Суу шаарынын Садовая көчөсүнүн тургуну 1953-жылы туулган Ф.А.нын үйүнө күбөлөрдүн катышуусунда, Жалал-Абад областык сотунун санкциясы менен үйүнө тинтүү жүргүзгөн учурда төмөндөгү курал жарактар алынды.
https://www.youtube.com/watch?v=UvzxzlNlm_4
1948-жылы чыгарылган “ТОЗ” үлгүсүндөгү сайлуу курал, 16 калибрдеги сайсыз курал, стволу жасалган “ТОЗ” үлгүсүндөгү сайлуу курал, ТОЗ үлгүсүндөгү сайлуу куралдын кундагы, “Револьвер” тапанчасы, ИЖ үлгүсүндөгү пневматикалык курал, 20 даана 16 калибрдеги гильза, 6 даана “Револьвер” тапанчасынын огу, 10 даана 32 калибрдеги ок жана анын 5 даанасы октолгон.
- Алынган курал-жарактар жана ок-дарылар боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ