Menu

Кыргызстандык окуучу Швейцарияда өткөн XLVII International Physics Olympiad олимпиадасында коло медалга ээ болду

Бөлүшүү:

11-17-июлда Швейцариянын Цюрих шаарында XLVII International Physics Olympiad (IphO) физика предмети боюнча Эл аралык олимпиада болуп өттү. Олимпиадага дүйнөнүн 90 өлкөсүнөн окуучулар катышты.

Кыргызстандан барган  команданы “Себат” эл аралык билим берүү мекемесинин 4 окуучусу: Мырзабеков Азамат, Сагымбаев Алымбек, Байзаков Нурбек, Садиков Артур жана №61 мектептин окуучусу Губарченко Михаил түздү. Бардык турлардын жыйынтыгы боюнча Кадамжай лицейинин окуучусу Садиков Артур 3-орунду ээлеп, коло медалга татыктуу болду.

Бул эл аралык физика предмети боюнча олимпиада (International Physics Olympiad) 1967- жылдын декабрынан баштап жыл сайын өткөрүлүп келет. Катышуучу өлкө 5 окуучудан турган командасы жана 2 жетекчиси менен катышууга укуктуу. Бул олимпиада түрдүү мамлекеттердин окуучуларынын арасында физика предметин билүү жана анын ыкмаларын колдонуу жөндөмдөрүн аныктоо боюнча өткөрүлүп келет.

Ученик Себат3

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 47 = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: