Menu

Муса кызы Бүбү Мариямдын авторлугу астындагы он томдук “Айкөл Манас” китеби Жумгал райондук соту тарабынан экстремисттик деп таанылды

Бөлүшүү:

Доогер Кыргыз  Республикасынын Башкы прокуратурасы, жоопкер Муса кызы Б.нын өкүлү,  үчүнчү жактар Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин  жана Кыргыз Республикасынын  ички иштер министрлигинин өкүлдөрүнүн катышуусу менен  “Муса  кызы Бүбү Мариямдын авторлугу астындагы он томдук “Айкөл Манас” китебин экстремисттик деп таануу, Кыргыз Республикасынын  аймагында  электрондук, аудио, аудиовизуалдык, басма жана кагаз алып жүрүүчү материалдарга чыгарууга,  нускалоого, сактоого, ташууга жана таратууга ошондой эле интернет тармагына  жайгаштырууга тыюу салуу  жөнүндө”  доо арыз боюнча жарандык иши Нарын облусунун Жумгал райондук сотунда каралды.     

Кыргыз Республикасынын  Башкы прокуратурасына Кыргыз Республикасынын  мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетине экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүүгө багытталган иш чаралардын алкагында “Жетинчи апрель күчтөрү” коомдук бирикмесинин кайрылуусун негиздеп кайрылган материалдарга ылайык китеп комплекстүү-филологиялык  экспертизага жиберилген, – деди сот отурумунда  доогер тараптын өкүлү Т.К.Ж.

Курамы 7 адамдан турган экспертиза дайындалып,  комиссиянын 2015-жылдын 4-майындагы корутундусуна ылайык жогорудагы китеп кыргыз элинин улуттук кадыр-баркын кемсинтүүгө алып келүүчү көптөгөн тарыхый  фактыларды бурмалаган эмгек болуп саналып,  аны таратуусу өлкөдө түзүлгөн диндер жана улут аралык тынчтыкты бузуп, улуттук жана диний касташууну тутандырышы мүмкүн деп көрсөтүлгөн.  

Андыктан доогер тарап иштин ичиндеги материалдардын негизинде аталган китепти экстремисттик деп таап, доо арызды толугу менен канааттандырып берүүнү сурайт.  

Сот отурумунда жоопкердин өкүлү С.У. автор бул китептерди транска кирип, медитация  жолу менен чиймелеп, анан аны кайра чечмелеп жазат экен. 8-класстык билими бар, ушул билим деңгээли менен жөнөкөй адам эмес чоң илимдин докторлору 10 томдук китеп жазбайт эле. Ага кудай берген касиет. Китеп филологиялык тил менен жазылган. Китеп басмаканадан басылып чыгаардан мурда текшерүүдөн өтүп,  тийиштүү жактардан  макулдук алынгандан кийин басылат. Эгерде ошондо макулдук берилбесе китеп чыкмак эмес деген жүйөөсүн келтирип, доо арызды канааттандыруусуз калтырууну сурайт.

Кыргыз Республикасынын Экстремисттик аракеттерге карата каршылык көрсөтүү жөнүндө Мыйзамынын 1-беренесинин 1-бөлүгүндө  (Коомдук бирикмелердин же диний уюмдардын, менчигинин түрүнө карабастан дагы башка ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын же жеке адамдардын расалык, улуттук же диний араздашууларды козутууга, улуттук ар-намысты кемсинтүүгө идеологиялык, улуттук же диний   жек көрүү ошондой эле ошого тете кандайдыр бир  социалдык топторго  карата  жек көрүүгө багытталган аракеттерди пландаштырууга, уюштурууга, даярдоого жана ишке ашырууга  багытталган  аракеттер экстремисттик аракеттер  катары таанылат) 

Сот иштин ичиндеги материалдарды иликтеп, сот отурумунда ачылган жагдайларды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жазык Процесстик Кодексинин 10, 60, 197-20 беренелерин жетекчиликке алып 2016-жылдын 15-июнундагы чечими менен Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын доо арызы канааттандырылды. 

Чечим боюнча жоопкер тарап апелляциялык тартипте экинчи инстанцияда даттанылмакчы.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 − = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: