Алмаз Атамбаев “Кыргыз Рсспубликасынын Чүй областынын Сокулук районунун Гавриловка айыл аймагындагы Жыламыш айылын Жангарач айылына өзгөртүп атоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2016-жылдын 9-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамдын долбоору Жыламыш айылынын жашоочуларынын кайрылууларынын негизинде жана “Кыргыз Республикасынын административдик-территориялык түзүлүшү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган эрежелерге жана жол-жоболорго ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан даярдалган.
Кыргыз Республикасынын Чүй областынын Сокулук районунун Гавриловна айыл аймагындагы Жыламыш айылы 1919-жылга чейин Жангарач айылы деп аталган. Кийинчерээк ал Чапаев, андан соң – Жыламыш айылы деп кайра аталган. Муну Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивинин материалдары тастыктап турат.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ