Menu

Алмазбек Атамбаев: “Тайлак Баатырдын өмүрү – Мекендин бир карыш жери үчүн кан-жанын аябай күрөшүүнүн, улуттук намыстын үлгүсү”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 30-июлда Нарын областындагы Соң-Көлдүн жээгинде Тайлак Баатырдын 220 жылдыгы салтанаттуу белгиленип жатат. Залкар тарыхый инсандын маарекесине байланыштуу Алмазбек Атамбаевдин кайрылуусун салтанаттын катышуучуларынын алдында премьер-министр Сооронбай Жээнбеков окуду.

Урматтуу мекендештер!

Быйылкы “Тарых жана маданият жылындагы” даңазалуу окуялардын бири – Теңир-Тоодон чыккан көкжал баатыр жана залкар тарыхый инсан – Тайлак Рыскул уулу атабыздын 220 жылдык маарекеси.

Тайлак Баатыр мамлекеттүүлүгүбүздү жана аймактык бүтүндүгүбүздү сактоого зор салым кошкон кыргыз элинин эӊ көрүнүктүү инсандарынын, уулдарынын бири болуп саналат. Биз Баатыр бабабыздын буга чейин бааланбай келген тарыхый ордун кайтарып берип жатабыз.

Тайлак Баатырдын торколуу тою быйыл өткөрүлүп жаткан Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына, 1916-жылдагы боштондук көтөрүлүштүн жана Үркүндүн 100 жылдыгына, Кыргызстандын мамлекеттик көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына шайкеш келгени – өзгөчө белги. Бул маарекелер кыргыз элинин тарыхый аң-сезимин арттырып, мекенчил сезимин курчутат, ынтымагыбыз менен биримдигибизди бекемдейт.

Өлкөбүздүн азыркы тарыхый-географиялык чегинин сакталып калышында даанышмандарыбыз менен баатырларыбыздын эмгегине баа жетпейт.Ошондойлордун бири –Теңир-Тоону, ага жакалаш өрөөндөрдү мекендеген бабабыз Тайлак. Ал 1796-жылы жарык дүйнөгө келген кезде Теңир-Тоо аймагы тоолук кыргыздардын эгемен журту болгон. Ал кезде теңир-тоолуктар бир тарабынан Алай, Памирди жердеген кыргыздар жана Фергананын Ош, Кокон, Анжыян аймактары менен чарбалык-соода мамиледе болсо, бир тарабынан Кашкардын саясий турмушуна аралашып турган.

Тайлак Рыскул уулу 1820-жылдары кыргыз жерине жортуул жасаган Цин империясынын баскынчылыгынын мизин кайтаруу, андан кийин Кокон хандыгынын Теңир-Тоого үстөмдүгүн орнотуу аракеттерине каршы күрөштөгү өзгөчө эрдиги жана акылмандыгы аркылуу эл ичинде Баатыр наамга татыган. Тайлак атабыздын колбашчылыгы астында кыргыздар Цин империясынынсаны жана куралы жагынан артыкчылык кылган кошуунун жеңилүүгө дуушар кылган. Ошондон кийин Цин императору Теңир-Тоо аймагы да бизге таандык деген позициясынан чегинип, кыргыздар менен чек араны таанууга аргасыз болгон. Ага кошумча кыргыздар Кашкар менен төлөмсүз, эркин соода жүргүзүүгө укук алышкан.

Андан кийин Тайлак Баатырдын кошууну Теңир-Тоого бастырып кирген Кокон аскерлерин кууп чыккан. Тилекке каршы,  Тайлак Баатыр чыккынчылыктын айынан мерт болуп, Теңир-Тоонун азыркы Ак-Талаа, Тогуз-Торо аймактары Кокон хандыгына каратылган.

Жоокер замандагы бир кокту-колоттун же бир уруунун таламын талашкан баатырлардан айырмаланып, Тайлак Баатыр бүтүндөй кыргыз журтунун тышкы чегин жоодон коргогон. Андан тышкары көп сандаган урууларды бириктирген. Тайлак Баатырдын мисалында тарыхый-көркөм фильм тартылат, көркөм-даректүү китептер жазылат деп бекем ишенем. Чынында эле Тайлак атабыз жалпы кыргыз элинин Баатыр уулу деген атка татыктуу.

Тайлак Баатырдын өмүрү –  Мекендин бир карыш жери үчүн кан-жанын аябай күрөшүүнүн, улуттук намыстын үлгүсү.

Тайлак атабыздын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!

Жараткан жерибизге берекет, элибизге ынтымак берсин!

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: