30-августта Бишкекте америкалык изилдөөчү Эдвард Дэннис Соколдун “Орустун Борбор Азиясындагы 1916-жылкы көтөрүлүш” (“Восстание 1916 в Русской Центральной Азии”) аттуу китебинин бет ачары болуп өттү.
Бул китеп 1954-жылы АКШнын Джон Хопкинс университетинин Борбор Азия жана Кавказ институту тарабынан англис тилинде басып чыгарылган. Эмгекти Америкадан Кыргызстандын АКШдагы экс-элчиси, журналист Замира Сыдыкова таап келип, англисчеден орусчага котортуп, китеп кылып басып чыгарткан.
Китептин автору, америкалык изилдөөчү Эдвард Дэннис Соколду Замира Сыдыкова Америкадан издеп тапкан эмес, ошондуктан көзү өтүп кетсе керек деген жыйынтыкка келген. Ал эми бул китепти таап берүүгө жардам берген АКШнын Джон Хопкинс университетинин Борбор Азия жана Кавказ институтунун директору Фредерик Старр китепке баш сөзүн жазып берген.
Китепте 1916-жылдагы Орус империясынын Борбордук Азия чөлкөмүндөгү көтөрүлүштөр, айрыкча кыргыз үркүнү терең изилдөөгө алынат.
Буга чейин китепти англис тилинен орус тилине Г.Бөрүбаева которгон жана “Республика” гезитине байма-бай жарыяланып турган. Эми китеп түрүндө “Res Publika» басмасынан 1000 даана нуска менен жарыкка чыккан.
Бүгүнкү бет ачар аземинде китеп тууралу, дегеле 1916-жылдагы Кыргыз үркүнү боюнча окумуштуулар Кубан Мамбеталиев, Осмонакун Ибраимов, Памир Казыбаев, Элмира Ногойбаева, Клара Сооронкулова, Элери Битикчилер кеңири айтып беришти.
Улуу үркүндүн 100 жылдыгын белгилөө жылында айтылган сөз көп, бирок реалдуу иш жасагандар аз болууда. Ошол аз сандагы патриоттордун бири Замира Сыдыкова болду десек жаңылышпайбыз.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ