Menu

Эмилбек Каптагаев, УӨ мүчөсү, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси: “Кадыржан Батыров менен Алмаз Атамбаевден башка көп жолуккан киши болгон эмес…”

Бөлүшүү:

31-август, эгемендик майрам-шаңында эл алдында президент Алмазбек Атамбаев Башмыйзамды өзгөртүү боюнча тилегине каршы чыгып жатышкан бир кездеги жакын үзөңгүлөштөрү болгон Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө карата катуу маанайдагы сын-пикирин билдирди. Биз бул тууралуу УӨ активдүү мүчөсү, экс-губернатор Эмилбек Каптагаевге азыноолак суроолорубуз менен кайрылдык.

–Эмилбек мырза, президенттин бүгүнкү пикиринен кийин бир кездеги Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн далайыңардын башыңарга кыйын иш түшөт го ээ, алдыңкы күндөрү?..

–Эми бийликтен кандай кыйынчылыктар болсо да чыдайбыз, башкаларды билбейм, мен өзүм даярмын. Кыргызда “Ак ийилет, бирок, сынбайт” дейт. Ишибиз ак.

–Бир кездеги оппоненттериңер болгон Адахан Мадумаров, Өмүрбек Суваналиев жана башка саясатчылар менен (2010-жылы силерге каршы чыккан) Атамбаевге каршылык көрсөтүү үчүн биригип жатканыңар чынбы?

–Алар менен учурдагы кай бир маселелер боюнча пикирибиз бир болуп калуусу мүмкүн.

–Бир кездеги шефиңиз, экс-президент Роза Отунбаеванын эгемендик майрамында Алмаз Шаршеновичтин пикиринен кийин трибунадан түшүп кеткенин кандай бааладыңыз?

–Эженин ал жерден башты бийик көтөрүп, кетип калганы туура эле кадам болду. Муну эл жакшы эле түшүнөт.

–Бирок УӨ мүчөлөрүнө карата Алмаз Шаршеновичтин мародерчулук, Кадыржан Батыровдун качышы сындуу айыптоолору жөн жерден эмес да. Күч органдарындагы маалыматтардан улам айтса керек. Буга кандай пикириңер бар?

–Буларды эмоция менен айтып жатат деп ойлойм. Ошол эле Кадыржан Батыров менен өзүнөн башка көп жолуккан киши болгон эмес…

–УӨ мүчөлөрүнүн элге кайрылуусу президенттин катуу жинин келтириптир. Анын ичинде сиз да барсыз? Натыйжада, өткөн иштериңизди күч органдары текшерип, сизге кылмыш иши козголуп кетпейби?

–Ичип-жеп, уурдап-тоногон эмесмин, Кудай алдында дагы, эл алдында дагы жер карап, уяла турган ишим жок. Муну ачык, так айта алам. Бирдеме-сирдеме жасалмалап жалаа жабуу аракети болсо болоор, бирок, андан коркуп-үрккөн мезгилден өтүп кеттик го!..

Калыгул Бейшекеев

Булак: “Азия Ньюс” 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 + = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: