Menu

Фотобаян – Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы жаштардын спорттук акциясы өттү

Бөлүшүү:

Кечээ, 20-сентябрда Жалал-Абад шаарында Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин демилгеси менен «Дени сак жаштар – ден сак өлкө»  чакырыгы алдында жаштар арасында атайын спорттук акция өткөрүлдү.  Аталган акциянын катышуучулары болушкан жаштар марафонунун катышуучулары   айтылуу мисте токоюна курчалган «Жалал-Абад» санаториясынан баштап,  шаардагы борбордук «Эркиндик» аянтына чейинки аралыкка марафондук чуркоо мелдешин өткөрүштү.  Сергек жашоого үндөгөн марафондук чуркоонунун катышуучулары болочок эненин  боюна түйүлдүк бүткөндөн баштап,   2 жашка чейинки наристелерди туура тамактандыруу, дегеле жаштарга туура тамактандыруу боюнча шаардыктарга жана ата-энелерге кошумча маалыматтарды таратууну өзүнүн негизги милдеттери катары кабыл алышты.

Жалал-Абад шаарындагы атайын жана жогорку окуу жайларынын стдуденттери катышкан 4,5 км. марафондук жарыш аягына чыккан соң шаардагы борбордук «Эркиндик» аянтында акцияны өткөрүүгө арналган жыйын болуп өттү. Анда акциянын катышуучуларын Жалал-Абад шаардык мэриясынын бөлүм башчысы  Гулина Базаркулова акциянын өтүүсү менен жаштарды куттуктады. Ал эми SPRING  долбоорунун координатору Аида Шамбетова туура тамактануунун мааниси тууралуу жаштарга кенен маалымат берди. Ачыгын айтканда, түйүлдүк  эненин боюна бүткөндөн тартып, ымыркай 2 жашка чыкканга чейинки мөөнөттө  наристелерди туура тамактандыруу боюнча болочок энелерге жана балдарын тарбиялап өстүрүп жатышкан энелерге ден соолугу  чың  наристелерди тарбиялап өстүрүү боюнча көптөгөн пайдалуу кеп- кеңештер жана сунуштар  берилди. «Дени сак жаштар – дени сак өлкө»  спорттук акциясын өткөрүүгө  SPRIHG долбоору  өзүнүн демөөрчүлүк жардамын көрсөттү.

«Дени сак жаштар – дени сак өлкө» акциясынын катышуучулары болушкан Жалал-Абад шаарындагы атайын жана ЖОЖдордун студенттери  4,5 км. марафондук чуркоо, аркан тартмай, жаздык урмай, колду бүгүп-түзөтүү, олтуруп турмай жана ордунан узундукка  секирүү  мелдештери боюнча күчтөрүн сынашты. Байгелүү орундарды камсыз кылышкан жаштарга атайын баалуу белектер тапшырылды.

zha-zhashtar3

zha-zhashtar4

zha-zhashtar5

zha-zhashtar6

zha-zhashtar7

zha-zhashtar

Жолдошбай Осмонов, журналист. Жалал-Абад шаары

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: