Мамалекетибиз тарабынан жүргүзүлүп жаткан «Коррупцияга каршы аракеттенүү» жөнүндөгү саясатын Республикабыз боюнча алгачкылардан болуп, 2012 жылдан баштап Жалал-Абад областтык «Коррупцияга каршы Элдик Көзөмөл» коомдук бирикмеси уюшулуп, Минюстициядан каттоодон өтүп, бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана укук когргоо органдары менен биргеликте 250 миллион сомдон ашык коррупциялык элементтердин бетин ачууга жетишти. Ал эми Мамлекетибиздин бийлик органдарына паракорлук жана коррупция менен күрөшүү саясатын ишке ашырууда, демократиялуу, укуктук мамлекетти курууга, элибиздин тынчтыгы үчүн, Мамлекетибиздин бүтүмдүгү үчүн жана 2012 жылдын 8-августундагы «Коррупцияга каршы аракеттенүү» жөнүндөгү № 153 Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 30-август 2012 жылдагы № 596 Токтомун, Кыргыз Республикасынын Президентинин 12-ноябрь 2013 жылдагы ПЖ №215 Жарлыгын ишке ашырууга көмөктөшүү максатында Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад областарында жана Ош шаарында Түштүк регионалдык «Коррупцияга каршы Элдик Көзөмөл» коомдук бирикмеси уюшулуп, 2-сентябрь 2016 жылдагы Жалпы чогулушунун чечиминин негизинде башкаруу органынын башчылары шайланышты:
Булак: “Майдан.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ