Menu

Аида Салянова, Жогорку Кеңештин депутаты: “Апамды уят кылбасам экен, аны кантип кубантсам деп тураар элем”

Бөлүшүү:

 

Жердештерим  мүнөзүмдү калыптандырып коюшту

  • Мен Нарын шаарында туулгам. Жердештеримдин акты ак, караны кара деп бетке айткан, тайманбаган жакшы мүнөзү бар. Мен үчүн ал чоң тарбия болду. Азыркы мүнөзүмдүн калыптанышына ошол элдин кулк-мүнөзү түздөн-түз таасир берди дейт элем. Атам курулуш, колхоз чөйрөсүндө өмүр бою кызмат кылды. Бүгүнкү күнү ардактуу кызматкер. Апам болсо мугалим болгону менен, бирок соц.фонд тармагында иштеди. Тилекке каршы турмушта ар кандай болот экен, мен кенедей кезимде эле атам башка турмуш куруп кеткен. Ага карабастан мен үчүн атам мыкты киши, менин эң жакын адамдарымдын бири болуп калды. Апам болсо башка балдардан кем болбосун деп, бүт өмүрүн мен үчүн арнады. Мен дагы апамды уят кылбайын деп, анын жаштайынан түйшүкчүл болгонун бала болсом дагы сезип аны аяп, кандай кылып апамды кубантсам деп тураар элем. Убактымдын көбүн окууга жумшадым. Жатып-туруп китеп көп окуган окуучулардан элем. Мектептен кийинки убактымды бош коротпоюн деп,  сот аткаруучуларга барып жардам берчүмүн. 10-класста окуп жатып сырттан юрфактын курсун бүттүм. Мамлекеттик университеттин алдындагы “Юный историк” деген мектепти дагы ошол эле жылы ийгиликтүү бүттүм. Негизи намыс деген сезим мага чоң күч берип жүрдү деп ойлойм. Окуучу кезимден эле эмгектен коркпойм. Калпычы, ичи тар адамдар менен келише албайм. Беш бир тууганым бар.

 

Жатып, туруп китеп окуу менин эң жакшы адатым

  • Бала кезден китепке жакын болгондуктан, колума кандай китеп тийбесин барактабай кое албайм. Негизи өзүбүздүн эле кыргыз адабиятына көп кызыгам. Залкар жазуучу, акын агаларыбыз Ч.Айтматов, Т.Касымбеков, К. Жусупов, А.Осмонов ж.б. залкарлардын чыгармалары бул – бир чоң аалам, турмуш мектеби. Адам болуп калыптануунун жолунда мыкты чыгармалар, ойчулдардын акылман сөздөрү болот. Китеп адамды жаман жакка эч качан үндөбөйт, тескерисинче ата-эне баласын келечекте мыкты инсан кылып көргүсү келсе аны китепке жакын өстүрүшү керек.  Акыркы окуган китебим Роза Исаковна Отунбаеванын фондусунун котормосундагы Япониядагы “Soni” корпорациясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Масару Ибуканын “Үч жаштан кийин кеч” деген тарбиялык маанидеги китеби болду. Ал эми ыр жаатына анча жакын эмесмин, ырдасам тар чөйрөдө ырдап коюшум мүмкүн. Негизи балдарым үчүн эле ырдайм.

Акын болсом менин темам – “эне мээрими” болоор эле

  • Мени сыртымдан көргөн адам, үйүндө деле ушундай катуу болуш керек деп ойлошу мүмкүн. Көбү үйүңүздөн да каардуу айымсызбы деп сурашат. Бирок андай эмес. Жумуш, жумуш менен болгону жакшы. Ал эми үй деген башка. Өзгөчө аял киши үчүн үйдөн өткөн бакыт, балдардан өткөн кубаныч болбойт. Мен үйгө киргенде эле балдарымды көрүү менен жүзүмдө жылмаюу кантип пайда болгонун билбей калам десем болот. Башка энелердей эле балдарым ооруп калса оорусу мага өтүп кетсе деп тилейм. Капа болсо капасын өзүңө алгың келет. Кыскасы акын болуп жаралып калганымда эненин мээримин жакшы айтып бермек болушум керек.

Келин мактаган кайнене болсом дейм

  • Ат-Башыга келин болуп барганда, өзүм Нарындын кызы болгон үчүн салт жагынан анча айырмачылыктар байкала берген жок. Жөн гана көп бүлөлүү үй-бүлөгө барганга анча-мынча кыйынчылыктар болду. Бирок бул жагынан сыр билгизбегенге аракет кылдым. Өзгөчө чай куйганда, келиндер өзүбүз чай ичкенге үлгүрчү эмеспиз. Ыраматылык кайненем мыкты киши болчу. Бардык нерсени көзү менен байкап, келиндеринин ортосундагы ынтымакты сактаган, бирин өйдө, бирин ылдый көрбөгөн калыс киши эле. Азыр өзүм келиндүү болуп, келин мактаган кайнене болгонго аракет кылып жатам. Мен өз кайненемди кандай жакшы көрсөм, ошондой сыйды келинимден да көргүм келет. Ал кишидей болуу кыйын, бирок аракет кылып жатам.

Убакыт  адамга сабыр берет, акыл берет…

  • Жумушта жүрүп убакыттын эмне болуп өтүп жатканына кээде отуруп таң калып, кырктан өткөндөн кийин эле ошондой сезилеби деп калсам, балдарым деле “Жок, апа биз үчүн деле убакыт бат өтүп жатат, бизге деле ошондой сезилет” – деп калышат. Азыр керек болсо убакыттын да берекеси кетип жатат окшойт. Ошол себептен ар бир мүнөттү текке кетирбей, ден соолук, эл үчүн пайдалуу нерсеге жумшап калыш керек. Мен үчүн убакыт бул жашыбызга эле жаш кошкон эмес, акылыбызга акыл, сабырыбызга сабыр кошкон чоң мүмкүнчүлүк.

Адал эмгек  кирешенин  берекесин арттырат.

  • Жаш адистер үчүн мамлекеттик кызматта жакшы айлык жок. Эгер бирөөсү кызматта, бирөөсү бизнесте болсо анда бул үй-бүлөнүн кирешеси жакшы болуп, тиричилигин тың кылганга мүмкүн. Экөө тең мамлекеттик кызматта болсо буттан турууга мүмкүн эмес. Там салып, балдарга кошумча билим берүүгө, кийин жогорку окуу жайында окутууга, өзүңдүн жашоо шартыңды ырастаганга бул жетпейт. Ошол себептен баш кошкон учурдан баштап элден кем болбой жашаш үчүн тырышып, бирөөгө жүгүңдү артуудан уялып, керек болсо муктаж адамдарга жардам бергенге мүмкүнчүлүк алгыдай жашаганга үйрөнүш керек. Ал үчүн талыкпаган, чарчабаган өжөр мүнөздү калыптандырыш керек жана эмгекчил боло билиш керек. Эң башкысы адал эмгек кылыш керек. Ушул гана кирешеңдин берекесин арттырат.

Маектешкен Гүлмира ШАРШЕЕВА

Булак: Фабула 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − 13 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: