Menu

Исмаил Исаков, генерал-лейтенант: “Кадыржан Батыров кыргыз бийлигинин баарын алдына салып танцага түшүрүп алды”

Бөлүшүү:

-Исмаил Исакович, өмүр бою эркинен ажыратылып сыртынан соттолгон Кадыржан Батыров “Азаттыктын” өзбек кызматына маек куруп, “2010-жылы 19-майда Алишер Сабиров менен полковник Исакжан Өмүракунов мага келип, Убактылуу Өкмөттүн адамдары менен жолугушуумду өтүндү. 20-май күнү Исмаил Исаков, Бакыт Алымбековдор менен “Достук” университетинде жолуккам. Исаков сыртка чыгып туруумду суранган” деп айтты. Жолугушуу кандай максатта болгон, анын айткан сөздөрү чындыкка жакынбы?

— Жомоктордо “Жарымы төгүн, жарамы чын” деп айтылат эмеспи. Бүгүнкү айтылып жаткан сөздөр да ошондой болуп жатат. Бул окуя эмнеден улам башталгандыгы тууралуу такыр сөз жок. 19-майда Жалал-Абадда кыргыздар менен өзбек улутундагылардын ортосундагы тиреши Батыровдун “Достук” университетинде болгон. Кагылышуу тууралуу маалымат бизге жеткенден кийин, мен комендант Бакыт Алымбековду кошуп алып, эл менен жолукканы, окуяны жакындан билип, коопсуздукту жөнгө салуу максатында ошол жерге бардык. Чындыгында, Батыровдун университетин билбейт экем. Кайсыл жерде?-деп сурасам, “Азыр көрсөтөбүз” деди. Үстүнөн учуп өткөнүбүздө окуу жайдын короосунда 600–700 бала чогулуп турушкан экен. Тегерегинде кыргыз тарап курчап, тирелишип турган. Мен Жалал-Абадга кетип жатканда “Майлуу-Суудан солдаттарды Жалал-Абадга тез жөнөткүлө, кагылышуу болуп жатыптыр” деген команда бергем. Үстүнөн тик учак менен айланып учуп, абалды көргөндөн кийин эки тарапты эки жакка ажыратуу боюнча тапшырма бердим. Армияны ортосуна киргизип, тирешип турган кыргыз-өзбек жаштарын эки жакка ажыратканбыз. Бул окуя кечке маал болду. Ошол эле күнү коменданттык саат киргиздик. “Эртең 20-май күнү “Телтору” ат майданында чоң жыйын болуп, он миңдей киши келебиз деп жатышыптыр” деген маалыматты мага беришкенден кийин, Сузактын акимине телефон чалдырып “айыл өкмөттөрдү, депутаттарды, аппараттагыларды чогултсун, мен барып сүйлөшөйүн” деп айттырдым. 20-май саат эртең мененки төрттө Сузак районунун акимчилигине бардык. Залга баарын чогултушкан экен, алар “Туугандар, мындай тирешүүнүн эч кимге кереги жок. Элге түшүндүргүлө. Жыйынга топтолбой эле койсун. Баарын мыйзам чегинде чечебиз” деп кайрылгам. Келгендер айтылган сөздөрдү туура кабыл алып, сүйлөшкөндөн кийин тарап кеткенбиз. Саат бешке жакын штабга келдик. Анда штаб облустук милиция башкармалыгынын имаратында болчу. Ошол жерден Алишер Сабиров менен өзүн полковникмин деп тааныштарган адам келди. Силер эмне кылып жүрөсүңөр?-деп сурасам, “Бизди Бишкектен жөнөтүштү, сизге жардам бергени” дешти. Андай болсо жакшы экен. Өзүңөрдүн туугандарыңарга барып айткыла, тирешүүнүн кереги жок, үгүт иштерин жүргүзгүлө дегенден кийин, Алишер Сабиров “Исмаил Исакович, кечээки окуялар боюнча далилдер бар, видеого тартылган. Ошону көрүп койбойсузбу?” деди. Алып келгиле көрөлү десем, “Бул жерде аппаратура жок экен, 5 эле мүнөттүк жол, ошол жерге барып көрөлү” деп калды. Менин эч кандай жаман оюм жок да, кайда барабыз деп деле сурабаптырмын. Макул, далилдер бар болсо баралы, көрөлү деп Алымбеков экөөбүз Алишер Сабиров айткан жерге бардык. Эшик караңгы болчу. Келсек короону ачышты, ичине кирдик. Көрсө ал жер Кадыржан Батыровдун менчик университетинин имараты экен.

— Батыров менен ошондо жолугуп жатасыңарбы?

— Тепкичтен чыгып бара жатканда эки киши туруптур. Анын бирөөсүн Кадыржан Батыров деп тааныштырды. Ошондо өмүрүмдө биринчи жолу Батыровду бет маңдай көрүшүм болчу. Залга кирдик, камералар турган студия экен. Эмнеңер бар, көрсөткүлө?-деп буйрук бердим. Көрсөк, кагылыштагы тартылган видео экен. Бакыт Алымбековго “Бул бир тараптуу” деп айттым. Видеону көрүп бүткөндөн кийин Батыров өзү “Мени күнөөлөп, имаратымды талкалады. Четке чыгып кетсем окшойт, эмне кылам?” -деп суроо салып калды. Мен ошол эле жерден сөзүн алып “Күнөөң жок болсо четке чыксаң чыгып кет. Тирешүүгө аралашпай жүргүлө!” дегем. Экөөбүздүн ортобузда ушундай кыска гана сүйлөшүү болгон. Чыгып кетип жатканда “Материалыңарды укук коргоо органдарына бергиле. Биз экинчи тарапты да угабыз” деп айтып кеткем. Ушунун баары жарым саатка жетпеген убакыт болду. Кайталап айтып коёюн, бул 2010-жыл, 20-май, эртең мененки саат бештерде болгон болчу. Азыр болсо биздин элди маңкурт дегендей кылып, маалыматты башкача берип жатат. Кадыржан Батыров 2010-жылы 10-июндагы тополоңду уюштурган делип сыртынан өмүр бою соттолгон. 20-майдагы окуянын 10-июнга кандай байланышы бар? Батыров интервьюсунда 20-майда чыгып кеттим деп айтыптыр. Эгер Кадыржан Батыров майда чыгып кеткен болсо, Текебаев айтып чыккандай 5-июнда кантип Атамбаев менен жолугушуп жүрөт? Чыгып кетсе, ал талаада болуш керек эле да. Эгер ал өлкөдөн чыгып кетсе, июнь окуясы боюнча биздин адилеттүү соттор аны кантип соттоду? Демек, ал чыккан эмес, ошол жерде жүргөн да. Мен ошол окуядан кийин экөөбүз жолуккан да жокпуз. Аны менен дос, тааныш дагы эмесмин.

— Убактылуу Өкмөттүн төрайымы Отунбаеванын атынан барып суранганыңызды айтыптыр?

— Мен Батыровдон сурангыдай ал мага ким эле? Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү болсом, бийлик биздин колдо турса, ошондон барып суранамбы! Андан сырткары биздин аскер адамдарына таандык мүнөздө, сураныч деген жок. Буйрук берип көнүп калганбыз. Отунбаеванын атынан дегени да карандай калп. Мен Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү катары Жалал-Абаддагы окуяны калыбына келтирүү үчүн келгенмин. Бакыт Алымбековду да кошуп жатат. Ал жерде Алымбеков оозун ачкан эмес. Булардын 20-майдагы окуяны 10-июнга байланыштырып, датасын тактабай берип жатканы атайлап мени, жана башкаларды элге жаман атты кылуунун аракети деп түшүнөм. 20-майда “Телторуда” чоң жыйын болду. Ага да барып катыштым. Ал жерде катуу талаптар коюлду. Биринчиси, Кадыржан Батыровду жазалагыла, экинчиси өзбектердин колдорундагы курал-жарактарды алгыла, үчүнчүсү, “Достук” университетин жапкыла, төртүнчүсү, түнү менен кармалган кыргыз балдарды бошоткула деген талаптар коюлду. Ызаланган катуу сөздөр айтылды. Маселе муну менен чечилбейт, өкүлдөрдү шайлагыла, ошолор менен сүйлөшүп, маселени чечебиз деп айткам. 16 адамдан турган өкүлдөрүн шайлашты. Ошолор менен штабда сүйлөшүп, кармалган кыргыз балдарын бошоттук. 20-май күнү кечке маал элден алган куралдарды жайып, журналисттерди чакырып көрсөткөнбүз. Саат кечки жыйырма бирде өзбек аксакалдары келди. “Исмаил Исакович, бизде да нааразычылыктар болуп жатат. Митингге чыгабыз деген сөздөр бар. Сиз менен жолугабыз деп жатышат. Бизге ушундай талапты коюп жөнөтүштү” деп айтышты. Эртеси саат ок экиде жолугушууга макул болдум. Барсам өзбек жарандарыбызды чогулушуптур. Ошол жыйын маалымат каражаттарынан берилген. Ал жыйында 16 адам сүйлөдү. Ким кандай сүйлөгөнүн жазып турдум. Көп плакаттарга “Батыровдон колуңду тарт” деп жазып алышыптыр. Мен чыктым да “Ким Батыровго атайлап асылып жатыптыр? Эгерде анын күнөөсү жок болсо, өзү келип далилдеп бербейби?” дедим. Ошол жерде Батыровдун агасы турган. Мага агасы турат деп айтышты. Бир күн мурун облустук прокуратуранын, УКМКнын облустагы жетекчиси, Бишкектен барган башкы прокуратуранын орун басары катышкан жыйын өткөзүп, “Элдер кандай талапты коюп жатканын көрдүңөрбү? Батыровго кылмыш ишин козгобойсуңарбы!” десем, “Ага кылмыш иши козголгон эмес” деди. Козголбосо ушул фактылар менен козгогула! “МезонТВга” барып сүйлөгөн сөзүн алгыла да жазага тарткыла!-деген тапшырма бергем.

— Анда Алишер Сабировду Жалал-Абадга кимдер жөнөткөн болуп жатат?

— Мен да ким жөнөттү?- деп сурадым. “Роза Исаковналар барып жардам бер деп жөнөтүштү”- деп, ошол фамилияны айтты.

— Батыров “улутчул фашисттер университетти өрттөйм деп чыгышты” деп айтууда. Кыргыздар Тейиттеги Бакиевдердин үйүн, ал жердеги кыргыздын туусун, боз үйүн Батыров башында турган өзбектер өрттөдү дегенден кийин ызаланып, Батыровдун университетин өрттөгөнү чыгышкан да?

– 14-майда Тейитте ошол окуя болгон. Мен 14-майда Оштон Жалал-Абадга түштөн кийин учуп келдим. Анда Бектур Асанов губернатор болуп обладминистрацияда эмес, ИИМ аскерлеринин имаратында олтурган. Обладминистрацияны элдер басып алып, алардан бошоткондон кийин мина бар, тазалайбыз дешкен. Облустагы жетекчилерди Бектур чогултуп коюптур. Жыйын өткөрүп жатканда облустук ГКНБнын жетекчиси “Исмаил Исакович, мага азыр эле маалымат келип түштү, өзбектер Тейит жакка кетип жатышыптыр” деп маалымат берди. Ошол учурда милициянын түштүк боюнча куратору, азыркы ИИМ министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаков болчу. Ал да ошол жыйында олтурган. Сүйүндү тургуздум да “Тез аранын ичинде күчтүн баарын жумшагының да, аларды токтоткула. Керек болсо күч колдонгула!” деп команда берип жөнөткөнбүз. Аны Сүйүн өзү деле айтып берсе керек. Кийин “Исмаил Исакович, баары жайында” деп билдирди. Бакиевдердин үйлөрү өрттөлдү деп мага айткан эмес. Тейит айылындагы Бакиевге таандык үйлөрдөгү туу, боз үйдү өрттөө кыргыздардын кыжырын кайнатты. Башка улуттун өкүлдөрү барып өрттөп жатпайбы. Эгерде кыргыздар “улутчул фашисттер” болгон болсо, анын университети иштебейт болчу! Байлыгын көбөйтүп, мансапка тоюп көппөйт болчу! Мен күч түзүмдөрүнүн облустагы жетекчилерине кылмыш ишин козгобойсуңарбы деп тапшырма бергенден кийин, мага өзбектер өздөрү келип, Кадыржандын ким экенин айта башташты. Ошолордун айтуусу боюнча, ал колунда бар өзбектерге салык салчу экен. “Ошол акчага курал алып жатат” деген маалыматтар айтыла баштады. 8-июнда менин демилгем менен Убактылуу Өкмөттүн чакан тобу Отунбаеванын кабинетинде чогулган. Мен төрт маселени көтөргөм. Биринчи маселе, Кадыржан Батыров жөнүндө болгон. Элдер нааразы болуп айтып жатат, кээ бир партиялар аны менен бир экен. Биз команда бердик эле, эмне үчүн ал кармалбайт?-десем, Убактылуу Өкмөттүн арасынан Өмүрбек Чиркешович ушул сөздү өзүнө алып “Исмаил ака, сиз эмнени айтып жатасыз?” деп мага кыйкырган. Талаш чыгып кетип жыйынтык чыкпай калган. Азыр Кадыржан Батыров маек берип өзүн актоого, кыргыздарды дүйнөгө бөкөчө катары көрсөткөнгө аракет кылып жатат. Ошону алып келип, эгер сен ак болсоң өзүңдүн ак экениңди далилде дегендин ордуна, ошол айтып жатат деп ызы-чуу түшүп жатат. Кадыржан Батыров кыргыз бийлигинин баарын алдына салып танцага түшүрүп алды.

— Эгерде Убактылуу Өкмөт тарабынан ошол учурда колдоо болбосо, Кадыржан Батыров өзүн-өзү ошондой деңгээлге алып чыга алмакпы?

— Албетте, көтөрө албайт эле. Мен өзүм тууралуу айтсам, аны колдогонго эч кандай негиз да, муктаждык да болгон эмес. Ага көз каранды да эмес элем. Башкаларды мен айта албайм. Бирок, ошондой негиздер бар. Бирөөлөр аны менен мамиле кылып жүрүшкөн. Кечээ Бектур Асанов абакта жатып кат жазыптыр. Анда ал далилдеп берем деп айтып жатпайбы.

 Маектешкен Наралы Асанбаев

Булак: Жаңы Ордо

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: