Menu

Журт бузар… же Өмүрбек Текебаевдин саясый бейнесине сүртүмдөр

Бөлүшүү:

Башкы “мародёр” Текебаевдин башы көрүндү

Нарын жергесинде эл менен жолуккан Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков “Ачыгын айтайын, саясатта менин эки устатым бар. Анын бирөөсү Атамбаев болсо, экинчиси Текебаев”-деп (“Кыргыз Туусу” № -75 (24068) 2016-жылдын 23-сентябры) абдан туура сөзүн айткан экен. Чынында, ушул эки үлкөн саясатчыны карап, элибиз түздөнө турган инсандар болушу керек эмес эле. Төраганын айткан сөзүндө калет жок. Балким “мародёрлук” темасы көтөрүлүп жаткан учурда төрага да өзүнө душман кылгысы келбеген чыгар. Атамбаев менен Текебаевдин тирешинде ЖКнын төрагасы Ч. Турсунбеков “эки устаты” туурасында лам этип ооз ачпаганы өкүнүчтүү. “Эки дөө кагышса ортодо чымын өлөт”-болбосун деген позицияны карманып турат го сыягы.

Бул эки үлкөн саясатчынын ортосундагы мамиле бузулуп, жарака улам тереңдеп, кеңейип баратканын кадимки саясатчылардан, карапайым адамдарга чейин сөз кылып жатышат. Атамбаевдин доорунда Өмүрбек Текебаев андан куугунтук жеген жок, кайра анын “эрке талтаң баласы” бойдон калды. Бирок Атамбаевдин доору аяктап баратканын туйуп, өзүн куугунтук жегендердин катарында көрсөткүсү келип жатканы байкалууда. Бул бийлик өкүм жүргүзүп турган аралыкта ал эмнени кааласа, ошону жасады. Караламан эл ичинде “Өмүрбек мырза “көмүскө президенттей” кимди кызматтан кетирем десе кетирип, каматам дегенин каматып, каалагандай калчап жүрөт… Текебаев азыркы бийликтин “Кудаяр ханындай” эле доор сүрдү. Атамбаев ага отурган президенттик тагынан башканын баарысын берди. Өмүрбек мырзанын айтканы-айткандай, дегени-дегендей болуп турганын ким танып кете алат. Бул жагынан президентке нааразы болбой эле койсо болот. Кийинчерээк, “Конституциянын атасымын” –деп көкүрөгүн кага берген Текебаевдин тизгинин тартып койгону ага жакпай калды көрүнөт..”-деген пикирлер айтыла баштады.

Атамбаев Ала-Тоо аянтында “Мародёрлор” туурасында катуу айтканы бар эле. Бирок, “сокур өзүнө алат” дегендей “мародёр” деген сөздү Текебаев өзүнө алып Атамбаевге душман болду да калды. Өткөн шайлоодо “Ата-Мекен” партиясы эң начар добуш алганы аз келгенсип, бир да партиянын фракция башчылары Текебаевдей бул бийликке эрке талтаң болгон жок. “Мен айткандай болуш керек!” деген эгоист Текебаевдин бул кылыктарына жалпы эл да нааразы боло баштады. Өмүрбек Текебаев кызыл өңгөчү үзүлгөнчө “мен мародёр эмесмин!”-деген сайын, ал жарлык ага уйгактай жабышты да калды. Өмүрбек Текебаевдин бир афёрасын Өмүрбек Абдрахманов мындайча баяндап берди. Ал жакында эле “Жаңы Ордо” гезитине (№ 20(525) 30-сентябрь, 2016-жылы) берген маегинде: “Максимдин БНКсын Текебаевдин балдары басып алган. “Ата-Мекенден” коюлган Фонд министри Абдылдаевдин приказы менен Текебаевдин үкаси жана жердеши Сайдилла Нышанов башчы болуп дайындалган. Текебаев Максимдин “макүрү” акчасын алып жатат деп көп эле айткам. Кийин БНК аукционго коюлуп 34,556 миллион долларга сатылып кеткен. Бирок, эки-үч күндөн кийин аукциондун жыйынтыгын жокко чыгарышкан. Андан соң Текебаевдин суранычы менен фракция жетекчилери кол коюп БНКны түз сатууга чечим чыгарышкан. БНК түз сатылып аны 2,924 миллион долларга өздөрү сатып алышкан. Бир топ убакыт өткөн соң БНК 39 миллион долларга “Роснефть” компаниясына сатылып кеткен. Мамлекет мында 36 миллион доллардан кур калган. Бул афера боюнча Коррупцияга каршы агенство кылмыш ишин ачкан.” -деп тастыктап берген эле.

Ө. Абдрахмановдун бул маеги коомчулук арасында бир топ ызы-чууну жаратып, Текебаев өзү жактырган соцсеттерде көп талкууланды. Өмүрбек Чиркешовичтин бул афёрасы ММК беттерине жарыкка чыккандан бери анда уйку жоктой сезилет. Текебаевдин “оту менен кирип, күлү менен чыккан” кол баласы, анын “кошелогу” аталган Сайдилла Нышановго кылмыш ишин козгосо эле, ал Арстанбаптын жаңгак токоюндагы булбулдай “бул иште Өмүрбек акам да бар эле! Аны да ала жатайын…”-деп сайрап берээри бышык. Кээбир саясатчылардай КГБнын подвалында эки ай кармабай эле Сайдилланы бир участкалык инспектор 2 саат суракка алса эле анделектей бант берип, бышат. Эгер коомчулук көңүл буруп караса, Текебаевдин ачкычы Нышановдун колунда тургандай таасир калтырат. Бизнестин битин сыгып, май кармаган бармагын жалап, бардар турмушта борпоң өскөн жигитте көп сырлар бар сыяктуу. “Ата-Мекендин” лидери Атамбаевди жалпы кыргыз элине Максим Бакиевдин жерин басып алган коррупционер катары сыпаттап, шектүү пикир туудуруп келүүдө.

Кыргыз элинде “кызыл-кызыл кекиртек, кыйла жерге секиртет” –деген сөз бар эмеспи. Кыргызстандагы Максим Бакиевге таандык БНК май куюуучу жайларын 2010-жылдары иштетип турган Сайдилла Нышанов экенин элибиз жакшы билет. Бизнестин адамы катары Нышанов мындай майлуу жайдын баасын жакшы билчү. БНК боюнча чырдуу иштин артында ким турарын, чыныгы мародёр ким экенин, башкы коррупционер ким экенин кимдир бирөө мыйзамдуу жол менен далилдеп бериши керек болуп турат. СДПКнын депутаттарынын да бирдиктүү командасы жок сыягы. Ушул даражага жеткирип, аларды депутат кылган Атамбаевди ит талагандай көрүнгөнгө талатып коюп карап отурушат. Канткен күндө да Текебаев жалгыз өзү баарын талкалап, шаштысын алып жатканын да коомчулук сөз кыла баштады. Президенттин бирдиктүү, аны коргой турган чыныгы партиялаштары деле жок өңдөнөт. Эртең Текебаев президент болуп калса, ага да жаман көрүнбөйлү деген пендечилик сезим менен бирин-бири аңдып карап отурушабы?

“Текебаевдин айланасы да улам жукарып, акча менен келген “олигарх” депутаттары кемеден качкан келемиштердей андан кача башташты. Аны жанынан апендинин кызындай мактап, жанталашып коргогон Шыкмаматов, Никитенко, Саляновалардын гана караанын көрөсүң. Башка партиялаштары бийликтен коркуп, шымдарын булгап, башын кумга каткан төөкуштай болуп жашынып жатышат…”-деп коомчулукта уу-дуу сөз айтыла баштады. Канткен күндө да Текебаев президентти ыңгайы келсе-келбесе сындап отуруп партиясынын рейтингин бир аз болсо да көтөрүп алды. Аны да моюнга алалы. Убагында Акаев, Бакиев, Отунбаеваны саткан саясатчылар эми кетерине бир аз калган Атамбаевди сатып кетүүгө түйүнчөктөрүн түйүп даяр турушкандай таасир калтыра баштады. Биздин саясатчылар ушул “чыккынчылыкты” абдан жакшы өздөштүрүп алганы белгилүү эмеспи. КСДП партиясынын көпчүлүк депутаттары да балык болуп Атамбаевди ачык коргой албай отурганы да ушундан. “Эл арасында калпты чындай айтуу менен Текебаевдин саясый салмагы кыйла көтөрүлүп, Атамбаевдин жеңүүчүсү катары аброю көтөрүлүп келүүдө. Айтмакчы, падышанын алдында да болгон чындыкты гана айта билген, кара кылды как жарган Өмүрбек Адрахмановдун маеги ММК беттерине чыккандан бери Текебаевде уйку жок, аны карап, кечээ эле калмактын баатырындай болгон Сайдилла Нышанов өзүнүн көлөкөсүнөн өзү коркуп, “…ушул БНК чырына кайдан аралаштым экен!”-деп бармагын тиштеп көзү чанагынан чыгып кетчүдөй алаңдап, араң эле жүрөт”-дешет аны жакындан билгендер.

Кечээ эле Текебаев жалпы кыргыз элине теледен “Атамбаев дагы бир жылың бар, эркек болсоң мародёрду тап!” деп калчылдап, кекетип сүйлөгөндө андан өткөн жолборс жок эле го. Максим Бакиевдин БНКсы айтыла баштагандан бери Текебаевдин баштагы дымагы өчүп, үнү чыкпай калды. Бизге жеткен маалыматтарга караганда, Өмүрбек Текебаев анчалык ак, таза болсо эмне үчүн Ө. Абдырахмановго алгач Феликс Куловду, андан кийин Равшан Жээнбековду ортого салып, достошууга чакырып жатыптыр? Кулов менен Жээнбеков экөө биригип, Өмүрбек Абдрахмановду ресторанга чакырышып, боор тартыша сүйлөшүп отуруп, Өмүрбек Текебаевдин мындай сөзүн: “Эки ай мени сындабай турсунчу, анан алдынан өтүп өзүм кечирим сурайм”- деп айтканын далилдеп берчү кишилер бар. Абдрахмановдун алдына башын ийгени Текебаевдин шаштысы кетип, сынып калганын көрсөтөт. Сатып кеткени үчүн Сайдилла Нышановду “Ата-Мекен” партиясынын депутаттыгынан кетиргени жатканы туурасында сөз болуп жатат. Партиянын лидери болгон Өмүрбек Текебаев Сайдилла Нышановду тегирмендин парасына түртө салып, өзү суудан кургак чыкканы турат окшойт. С. Нышанов камалып кетсе да Текебаев кабагым, кашым дебейт, ага баары бир, аны практика жүзүндө бирнече ирет далилдебедиби. “Депутаттык мандаты жок көчөдөгү С. Нышановду ким тоготот эле. Сайдилла мырза ЖКга эл үчүн иштеп бергени келди дейсиңерби? Ушундай кооптуу учурда жеке бизнесинин кызыкчылыгын, депутаттык мандаты менен сактаганга гана келгени белгилүү иш да…”-деп айтып жатат көпчүлүк. Кыргызстандагы өзүн эң таза адам катары көрсөтүп келген Текебаевдин артка чегинүүсүнө эмне себеп болду? Мынчалык чуркап калганына караганда Текебаевдин бир балээси, мандеми бар көрүнөт… Атамбаевге асылып, токойдон сыртка чыккан “жолборстун” абалын чагылдырган Текебаевдин абалы бүгүн оор. Ал эми ошол жолборс кези келгенде бурчка такалган мышыкка айланып калбаса экен. БНК операциясындагы аферасы чын болсо Нышанов менен Текебаев да мыйзам алдында жооп бериши зарыл. Текебаев жазган мыйзам өзүнө да тиешелүү болушу керек. Бул жагын мезгилден озунбай күтө туралы…

“Чагымчы”

Айыл жергесинде, эки адамдын башын бириктирбеген чагымчы адамдар болот. Саясатта да ошондой чагымчы адамдардын бири-бул Өмүрбек Текебаев экени талашсыз. “Атамбаев ооруп калыптыр” дегенде, ошол күндөрү жалпы кыргыз эли Туркия тарапка кулак төшөп калды. Ал эми карапайым калк, Жараткандан журт башчысынын амандыгын, өмүрүн тилешти. Жакын санаалаштарынын айтканына караганда жалгыз гана Текебаев ичинен кымыңдап “мага кесир сүйлөгөндөр, жолуму тоскондор ушундай болот…”- деп кудуңдап, сүйүнүп турду дешет. Ал эми Өмүрбек Текебаев гезит беттерине сыр билгизбей, калп эле айкөл адам болуп ”Биз тезирээк сакайып кетсин дегенден башка эч нерсе айта албайбыз. Саясый учурда гана атаандаш болбосок, адам катары, мен Алмазбек Атамбаевге ден-соолук каалайм…”- деп мырзалык сөзүн айткандай маек бериптир. Аны окугандар, “бала оңолгон экен” деп Өмүкеге ыраазы болушса керек. Ушул эле айткан сөзүнө өзү каршы чыккандай болуп, жакында өткөн Курултайда “Бүгүн, Конституция кандай, “чекке жеттик”, деп атпайбызбы? Алсак, ички жана тышкы саясат толук “банкрот” болду… Атамбаев Туркияга барганда Эрдоган, “Бир дагы клиника кабыл албасын. Мага Атамбаев деген сөздү угузбагыла!” дептир. Бир ооруканага бара алган жок. Акча төлөп мейманканага жатып анан Путин алып кетиптир,”- деп Өмүрбек мырзанын өзүнө гана таандык ириген сөздөрү оозунан чыкканын теледен көрдүк. Бул сөздү айтуу менен ушунча жылдык кадырын түшүрүп алды.

Башта журналисттер “дептир” деп макала жазса, Текебаев аларды сотко сүйрөөчү эле. Эми, дүйнөлүк кадыр-баркы бар Туркиянын президенти Эрдоган, Текебаевдей пастикке түшүп, ушундай көчө ушагынын деңгээлиндеги андай сөздөрдү айтпаса керек. Кыргыз президенти Атамбаевди Туркиядан орус президенти Путин алып кетти деген бир дагы кабарды, дүйнөлүк ММКлардан уккан жокпуз. Өмүрбек Текебаев көчө ушагынын деңгээлиндеги такталбаган маалыматтарды элге жарыялап жатат. Азыр Атамбаев Өмүрбек мырзаны айланасына жолотпой койгон күндөн бери андан ушак сөздөрдү айтуу менен өч алууга, мазактоого өтүп алды. Аны Путин алып чыгып баратканда Текебаев алардын жанында тургандай сөз кылганына жол болсун. Бул Текебаевдин учурган кош өрдөгү деп түшүнсө да болот. Бул жолу да Өмүрбек Текебаев чак түштө чагымчылык кылды деп айтсак жарашат. Айтмакчы, эл арасында “Ата-Мекендин” лидери көзү ачык, бүбү-бакшыларга эң көп барган саясатчы деп айтышат. Асылбаш айылынан чыкпайт деген кептер ээрчип жүрөт. Атамбаевдин жана башкалардын сүрөттөрүн койдуртуп алып, кара дуба окутат экен деген сөз да бекер жеринен айтылбаса керек…

Текебаев өзү “сүткорбу?”

Текебаев тынч жаткан кыргыз элин, жеке кызыкчылыгы үчүн чагымчылык кылып дүрбөлөңгө салып койду. Атамбаев, Өмүрбек мырзаны өзүнүн айланасына жолотпой койгондон кийин ал президентке каршы сүйлөп, уйгактай жабышты да калды. “Дастан” заводуна караштуу делген 2,7 га жерди “Максим Бакиевдин жери” деп чагымчылык кылып чыкты. Текебаев ушул маалыматты эртедир-кечтир кереги тиет деп “бокчосунда” катып жүргөн го. Эгерде Атамбаев менен мамилеси бузулбаганда элге жайган маалымат Текебаевдин ичинде “котур таштай” катылып жүрө бермек экен. Максим ошол жердин акчасын төлөп, анын колунда ошол жердин “кожоюну” деген кызыл китеби болгон күндө гана, ал жер Максим Бакиевге таандык жер тилкеси деп айтылмак. Атамбаев деле Текебаевдей оозун кургак чөп менен аарчып, аялына каттатып коюп эч нерсеси жок “бомж депутат” же саясатчы болуп чыга келсе болмок.

Ага абийири жол бербеди окшойт. Ошол жер үчүн Атамбаев өз чөнтөгүнөн 33 миллион сом акча каражатын төлөп сатып алганы боюнча маалыматтар гезит беттерине чыкты. “Ал эми баарына үлгү болчудай көрүнгөн Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңеште жашаган үйүн менчиктештиргенде болгону 80 сомдун айланасында акча төлөп алганы уят эле иш да. Уялып койсо болмок экен. Кембагал болбогон соң үч комната үйдүн акчасын азыркы баасында төлөп койсо жүзү жарык болмок. Табиятынан сараң, өмүр бою мамлекеттин казынасынан үй-бүлөсүн багып келген адамдын кылары ушул да”-деп коллегалары сөз кылып жүрөт. Текебаев анчалык эле чынчыл экен ушунча жыл ал маалыматтарды катып жүргөнү түшүнүксүз. Азыр элге айткан чындыгын эки-үч жыл башта жарыя кылбайбы? Бүгүнкү күндө Өмүрбек Текебаев жеке таарынычын Атамбаевге айтам деп отуруп өзүнүн “көчүгүн “ аңырайтып ачып алды. Текебаев Атамбаевге асылбаганда “аялынын” элден катып жүргөн мынчалык байлыгы ачыкка чыкпайт эле. Үйү жок, жашоо шарты селсаяктардан бир аз гана жогору жашаган Текебаев оозун басып жүргөндө жабылуу аяк, жабылуу бойдон калмак экен. “Бай-батча” аталган Текебаевдин аялынын атына жазылган ушунча байлыгы бар экенин эч ким билбей калышы мүмкүн эле. Элдин арасында деле ушул сөз, айтылып келет…

Интриган

Кыргыз саясатындагы эки үлкөн адамдын (Текебаев менен Атамбаевдин) тирешүүсүн А. Бекназаров “Конституциялык реформа кылабыз дегенде Атамбаев Текебаев менен сүйлөшпөй койду. Так айтканда Текебаевди кошпой койду эле Текебаев ошого теригип кетти. Кара мышык ошол эле…”- деп (“Жаңы Ордо” № 17 (522) 9-сентябрь, 2016-жыл) туура пикирин айтты. “Текебаевдин жыйырма беш жылдан берки өмүрүн, саясый жүрүм-турумун карап көрсөк, жалаң бузукулук, бирине-бирин кагыштыруу менен өтүптүр. Бузукулукту өзүнө кесип кылып алгандай көрүнөт. Өзүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн Текебаев шайтан менен болсо да дос болот. Акаевди түшкө чейин сындап, түштөн кийин ага ак кызмат кылып мыйзамдарын жазып жүрүп “заслуженный юрист” болгон жигит Өмүрбек Текебаев эмес беле. Төрага болуш үчүн кечээ эле “Акаевди аялы менен Румын президентиндей атыш керек!”- деген Текебаев бет чүмбөтүн өзгөртүп, качып кеткен Акаевдин артынан жетип барганын элибиз унута элек. Ушул да принципби? Ал эми жакында Роза апчесине (Отунбаеваны-ред.) күйгөн адам болуп, аны калп жерден калкалаган адам болуп өзүнө тарта алды. Чачыранды “оппозиционерлерди” да жакын тартып, Атамбаевге каршы курал катары колдонуп, тилинен чыга албаган өзүнө караштуу гезиттерине, теле каналдарына байма-бай чыгарып, бийликке каршы сүйлөтүп, алардын колу менен чок кармап жатканы калпбы? Кыргыз оппозициясынын “ветерандары” азыр анын катарын толуктап жаткан кез. Өмүрбек Текебаев бирөөлөргө “Эгер, Атамбаев токтобосо анын эң жакын адамы, анын партиялашы, Максимдин арак заводу менен банкын аялына менчиктеп алып бергенин элге жарыя кылам” дегени бекеринен эмес. Бу, така энди кайсы саясатчыны сүзгөнү калды…”- деп түштүктүн эли күтүп отурат.

“Мен эркекмин”

Кыргыз элинде “бир шизик, бир физик бар”, ошолор чоң саясаттан кетмейин Кыргызстанда эч качан тынчтык болбойт деген сөз айтылып келет. “Азаттыктын” берүүсүндө, өзүнөн-өзү тутанып кеткен Текебаевдин “Атамбаев, мен Текебаев эч жакка качпайм. Бир жылың бар, тап! Таппасаң, мөөнөтүң бүткөндөн кийин сени менен өзүм сүйлөшөм. Эркек болсоң тап. Мен Текебаев, эркекмин, эч жакка качпайм!” деп теледен бакырып, өкүрүп чыкты. Өмүкени эркек эмес деп ким айтты? Өзү эле эркекмин деп жатат. Анын бул түрүнөн коркуп кетип телевизорун өчүрүп салгандар да болгондур. Бул саясатчынын психикасы соо эмес. Анын ден соолугун сөзсүз текшертиш керек. Оорукчан адам гана ушундай сүйлөсө керек. Бул жигит мамлекеттин кызыкчылыгын эмес, дайыма жеке керт башын баарынан жогору койгон өзүмчүл адам экени элибизге белгилүү. Текебаев эркек экен, ушул сөздөрдү буга чейин эмне үчүн айтпай келген? Анткени, жеке кызыкчылыгы үчүн Атамбаев менен мамилени бузгусу келген эмес. Айта алмак да эмес, анткени Атамбаев менен мамилесин бузгусу келбегени белгилүү. Кудай сакта, анын жанагы сөздөрүн уккандар, Өмүрбек мырза “разборщик” же рэкет болуп кеткенби деген жаман ой кетет экен.

Текебаевдин эркек же ургаачы экени кимге кызык? Жанагы порно фильмде үй-бүлөсү бар келинди мойнунан кемер-кур менен байлап, зордуктаганын айтып, эркектигин өзү эстеп жатабы, ким билет. Белгисиз… Ушул жерде бир окуя эске келип кетти. Ө. Текебаев – өзүнүн никесиз баласын айта албаган адам да эркек боло алабы? Албетте жок. Кыргыз элине белгилүү журналист Бермет Букашевадан никесиз баласы бар экенин жалпы кыргыз элинен жашырып келет. Ушул анын эркектигиби? Эркектик туурасында Өмүрбек Текебаев сөз кылбай эле койсо. Алгач Текебаев “ал менин балам эмес” -деп жардам бергенден, алимент төлөгөндөн кача баштаган учуру болуптур. АКШда жашоо чынында оор. Бермет Букашева тың, журналистикада өз орду бар кыздардын бири. Жардамга муктаж болуп Текебаевге телефон чалса албай койгон учурлары болуптур. Качан гана АКШдагы Кыргыз республикасынын толук ыйгарым укуктуу элчиси Замира Сыдыкова (ал Ө. Текебаевдин заочный кайын эжеси эмеспи) Америкадан келе жаткан белгилүү саясатчы, депутат Абдрахмановго “Текебаевге айтып койгула, АКШда да жашоо кымбат, ал эми журналист Бермет Букашева менен жашап жаткан Текебаевдин баласы ачка жүрөт. Өмүрбектин баласын багыш үчүн Бермет ар кандай оор жумуштарды аткарууда. Абалы оор. Бүгүн ал жардамга муктаж. Баласына колунан келишинче жардам берсин. Анын чоң саясаттагы кадыр-баркы төгүлбөсүн деп басма сөзгө чыгарбай келебиз. Өз баласына жардам бербесе, анын абийирин төгүп коюуга аргасызбыз!” деген таризде океандын ары жагынан ысык салам дубайын айтып жиберет…

Биз укканга караганда өз канынан жаралган баласына жардам бергенден качкан Текебаевге караганда, ошол кезде Келдибеков колунан келген жардамын берген дешет. Бул жигитчилик эмеспи. Ал Текебаевден коркконунан эмес, тамырында кыргыздын каны оргуштап жаткан кыргыз баласынын башы оор кырдаалда калган учурда, агалык колун сунуп берген жардамы болсо керек. Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп турганда Бермет Букашева анын кеңешчиси болгону белгилүү. Балким, “аңгилик” боюнча тажрыйбасы мол Өмүрбек Текебаев Жаныбек Жанызактын “төшөк кумары” сабагынан кеңеш бергендир. “Ычкыры бош” Текебаев бул ирет да кармалган экен деп кала бересиң. Эми, эки буттун ортосундагы “кичинекей башын” башкара албаган Текебаев өлкөнү башкара алмак беле? Өз “сийдигинен” жаралган баласын башынан сылап “… атаң мен болом, каралдым! Кандай жардам керек болсо айтып тур… Жардам берүүгө мүмкүнчүлүгүм бар…” -деп коё албаган белгилүү саясатчыны кантип эркек деп айта алат элек. Кантсе да, Текебаев кара пиардан коркуп кетип, “никесиз баласы үчүн 8000 миң долларды АКШга барган ЖКнын ошол кездеги депутаты Жоомарт Сапарбаевден берип жибергенин уккан жайыбыз бар эле. Андан кийин ал АКШдагы өз баласына жардам бергенби, жокпу аны бир Кудай билет. Өз канынан жаралган баласына аталыгын айта албаган, жардамын бере албаган Текебаевдин эмнеси эркек? Анан, кайсы арына башкаларга акыл үйрөтөт. Өмүрбек мырзанын океандын ары жагындагы баласы да бир кезде эрезеге жетет, азыр жеке карьерасы үчүн коркуп жаткан атасы анын бетин кантип карайт болду экен? Өз баласынын Конституциялык укугу тебеленип жаткан кезде жардам берүүдөн качкан Өмүрбек Чиркешович, Конституция туурасында сөз кылбай эле койсо дурус болмок. Анан кайдагы Конституцияны айтабыз.

Чет мамлекеттердин биринде болгондо Өмүрбек Текебаев мындай иши үчүн өз шайлоочуларынан кечирим сурап чоң саясаттан кетүүгө мажбур болмок? Текебаевдин бети топоздун терисинен да калың окшойт, өзүнүн энеден туума жылаңач, адамды иренжиткен, башкы “мазохисттин” ролун мыкты аткарган “актёр” Текебаев “порнофильминен” кийин да кыргыз элинен кечирим сураганга кудурети жеткен жок го. Кечирим сурабайт дагы. Кантип анан, “оорукчан мазохист”, моралдык жактан бузулган, көрүнгөн келин-кыздардын чатына колун салып жүргөн Текебаевге Конституциябызды жаз деп колуна ручка берелиби? Эч качан бербешибиз керек… Анын колдору булганып калган. Бул ирет, ыйык Конституциябызды жазууда аны ага жакын жолотпой туура кадам жасадык. Элибиз да ушул ишти туура кабыл алып жатат. Өмүрбек Текебаевге, биз ыйыктын-ыйыгы болгон Конституциябызды жаз деп бермек белек. Бул ирет депутаттарыбыз Текебаевсиз Конституцияны жазууга киришкендери, кош колдой турган иш болду.

Атамбаевдин “мандикари”

Ак үйдүн “Жириновскийи” аталган Текебаев акыры жарылды. Жарылганда да бүт Кыргызстанды сасытып жиберди. Ушундай болмок эле. Иса Өмүркулов “ Текебаев президентти ачык каралады, муну өч алуу десек болот”- деп туура айтты. Чынында ошондой болду. Атамбаев менен Текебаев экөө тең табиятынан эки башка адамдар. Парламенттик шайлоодо жыдып, жүдөп калган “Ата-Мекен” партиясы Атамбаевдин “добросу” менен эптеп-септеп Жогорку Кеңешке киргенин унутту. Баштагысында Роза апчеси “Ата-Мекенди” кулак-мурдунан чоюп отуруп “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын ордуна парламентке алып келгени маалым. Алгачкы күндөрү Атамбаевдин жакшылыгын эстедиби, Ө. Текебаевдин үнү чыкпай, чөптөн жапыс, койдон жоош жүрдү. Эми, парламентке көчүгүн батырып алган соң, Өмүрбек мырзанын өнөрү чыгып, тили бүтүп, баягы итчилигин баштады. Бекер жеринен эл арасында Өмүрбек мырзаны “көтчукугуч” деп айтышпаса керек. Эски оорусу кармап, үнү катуу чыгып, өнөрү да байкала баштады. Өзү айткандай, кечээ эле “ляппай” деп АШАны көзүн кызартып карап жүрбөдү беле. Өзү унутса да элдин эсинде. Атамбаевдин “фас!” деген командасы менен Кыргызстанда башы көрүнгөн саясатчыларды “аңга” түртүп ыргыткан ушул Текебаев экенин ким танат. Өзү да кээде айтып жүрөт го. Бүгүнкү күндө Текебаев кийинки президенттик шайлоонун алдында атаандаштары А. Келдибеков, Ө. Бабанов, Ж. Сатыбалдиев, Т. Сариевге окшогон саясый оор салмактагы атаандаштарын саясый аренадан жок кылууда Атамбаевге “мандикарлик” (малайлык) кылып жүргөнү элге билинип калды. Аны деле эл билбейт болчу, өзү сыймыктануу менен айтып алды. Текебаев кийинки президенттик шайлоодо ушулар мага атаандаш болот деп Атамбаевдин колу менен кыргыздын башы көрүнгөн жигиттерин саясый аренадан тазалаганга аракет жасады. Мисалы Өмүрбек Текебаев: Атамбаевге кирип “Келдибековдой коррупционерди каматсаң гана сени эл колдойт! Ошол кадамга барышың керек…”-деп интрига кылган экен. “Бирөөгө гөр казсаң, терең каз…” деген ушул да. Эми ошол аңга “Ата-Мекендин” лидери өзү түшүп, чыга албай отурат. Текебаев саясаттан кетмейин Кыргызстанда эч качан тынчтык, өнүгүү-өсүү болбойт…

 Анарбек Касымов

Булак: Жаңы Ордо 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 + = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: