Menu

Чынарбек Изабеков, алтын медалдын ээси: “Мелис Турганбаев экөөбүз бала кезде бир залда күрөшчүбүз”

Бөлүшүү:

7-9-октябрь күндөрү Польшада  ардагерлер арасында өткөн күрөш боюнча таймашта Кыргызстандан барган Чынарбек Изабеков менен мурдагы ИИМ министри Мелис Турганбаев атаандаштарын көтөрүп чаап далысын жер жыттатып,  Кыргызстандын намысын бийик көтөрүп жеңиш менен келишти. Тагыраак айтканда Чынарбек Изабеков 46-50 жаш курак чегинде 97 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашты. Алгачкы таймашта ал Түштүк Африкадан келген Фредерик Дю Преени утуп жарым финалга чыгып, андан соң жарым финалдык беттеште польшалык Иренеузу Пепловский менен беттешип, атаандашын 7:0 эсебинде таза жеңиш менен утуп алган. Ал эми балбан Мелис Турганбаев  коло медаль үчүн польшалык Сильвестр Петро Сзыманский менен беттешип, 11:0 эсебинде жеңишке жетишкен. Бүгүн биз алтын медалдын ээси, жоон билек ардагер балбан Чынарбек Изабеков мырзаны кепке тартып жооп алдык…

-Чынарбек мырза, жеңиш кут болсун, жеңем деп ойлодуңуз беле?

-Албетте, жеңем деген ой менен күрөшсөң  жеңесиң да. Мен жеңем, алтын медаль алам, атаандашым ким болбосун төбөсү менен жерге сайып утам деген максатта баргам. Максатым орундалып, атаандаштарымды жеңип алдым. Алтын медалды моюнга илдим.

-Күрөшүп келе жатканыңызга канча болду?

-20 жашка чейин  күрөшкөм. Атаандаштарымды уткам,  утулгам. 21 жашымда ден соолугума байланыштуу спортту таштоого туура келген. Себеби белимди оорутуп алгам. Отуз жаштан өткөндөн кийин мен ойлобогон оорулар пайда болду. “Кант диабети” деген дартка чалдыктым. Дарыгерлерге кайрылсам дарыдан башка эч нерсе кыла алышпады. Айлам кетип кайра баштагы спортко кайтып келдим. Жумасына төрт жолу спорт залга бара баштадым. Күрөшө баштадым. Бир жылча тынбай машыккан соң “кант диабетимдин” өлчөмү кадимкидей азайды. Эки жыл залга барган соң, “Кант диабетим” такыр эле жоголдук. Азыр Кудайга шүгүр, оорудан алысмын. Белим  ооруп  кыймылдай албай калчу элем, турникке тартынып  кыймылдап тургандыктан белим такыр оорубай калды. Өзүмдү аябай жеңил сездим. Колдон келсе спортко көңүл буруш керек экен. Азыр балдарымды дагы спорт менен машыккыла, күрөшкүлө деп залга жиберип жатам. Үч уулум бар. Улуусу 20 жашта. Үчөө тең мага окшоп залга барып спорт менен машыгышат.

-Мелис Турганбаевди жакындан тааныйсызбы?

-Ооба, жаш кезде бир залда күрөшүп машыкканбыз. Кийин байланышпадык. Бул жолу кайра чогуу болдук. Мелис Турганбаев 15 жылдан бери спорт менен машыгат экен. Сууда сүзөт экен, күрөшөт экен. Польшада өтчү күрөшкө  ал дагы катуу даярданыптыр. Жыйынтыгында коло медалга ээ болбодубу.

-Буга чейин дүйнөлүк аренада күрөштүңүз беле?

-Былтыр Грецияда өткөн ардагерлер арасында күрөшкө катышып 95 килограмм салмакта күрөшүп алдыңкы орунга чыккам. Быйыл 97 килограммга чейинки салмакта күч сынаштым.

-Сиздердин жеңишке ээ болушуңуздарды мамлекет кандай баалады?

-Мамлекет эч кандай деле баалап, жеңип келдиңер деген жок. Азырынча эч ким деле куттуктап, эч нерсе айта элек. Польшага барчу жол киребизди өзүбүз төлөп бардык. Башка жактын спортчуларын барып келген жол киресин мамлекет төлөп берет экен. Биз ушинтип өзүбүз төлөп келдик десек ишенишпей, аябай таң калышты. Мелис Турганбаев экөөбүз тең эки медалды алып кетсек ого бетер таң калышты. Себеби башка жактын спортчулары  биздей болуп экөө эле барбай, бери дегенде 20 спортчу келиптир. 20 спортчу биригип, бир же эки медаль алып жатышты да. “Силер болгону экөөңөр келген экенсиңер, анан экөөң эки медалды алып кетесиңерби” деп суктанып да, таң калып да жатышты.

-Дагы канча жашка чейин күрөшөсүз?

-Кудай күч-кубат берсе 60 жашка чейин күрөшөм деген ой бар. Америкада 60 жашка чейин дүкүлдөп күрөшө беришет эмеспи. Бизде болсо кырктын кырына чыкпай шылкыйып карылыкка моюн сунабыз. Антпешибиз керек. Жаш кезден спортко жакын болуп спортту сүйсөк өмүрүбүз ошончолук узак болооруна менин көзүм жетти.

Мирлан Алымбаев

Булак: Фабула 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 − 27 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: