Menu

Бакыт Адылов, КРнын өкмөтүнө караштуу мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы: “Памирдеги кыргыздардын жардылары байдын колунда бир тиштем нан үчүн иштеп жүргөндөрүн көрдүк”

Бөлүшүү:

— Бакыт Адылович, Улуу жана Кичи Памирди жердеген кыргыздарга Кыргыз Өкмөтүнүн атайын тапшырмасы менен барып келиптирсиздер. Барган-келген сапарыңыздар тууралуу айта кетсеңиз? Жалпысынан канча сомдук жардам жеткирип бардыңыздар?

— Афганистанда Улуу жана кичи Памир тоолорун жердеген кыргыздарга атайын Кыргыз Өкмөтү 2016-жылга карата 10 миллион сомдук акча каражат бөлгөн. Мамлекеттик миграция кызматына атайын экспедицияны уюштуруу жана гуманитардык жардамдарды жеткирүү боюнча атайын тапшырмалар коюлган. Биз жаз мезгилинин башында, март айларынан баштап аракетибизди баштаганбыз. Бирок кээ бир маселелерден уруксат алуу кечигип, бара албай калдык. Ал эми жай айларында болсо биз бара турган Улуу Памирде Пяндж деген дарыянын суусу кирип турган убакта өтө албагандыгыбызга байланыштуу ушул учурда барууга туура келди. Насип экен, биз октябрь айында Оштон жөнөп кеттик. Мамлекет тарабынан бөлүнүп, Жогорку Кеңеш бекитип берген 10 миллион сомдук акчага адамга эң керектүү шекер, туз, ун, күрүч сыяктуу тамак-аштарды алдык. Андан сырткары памирлик кыргыздардын буга чейинки экспедицияга берген сунуштарына ылайык жаш балдарга жана кыздарга өз-өзүнчө кылып, Кыргызстандагы азиздер жана дүлөйлөр коомуна атайын буйрутма кылып жылуу кийимдерди тиктирдик. Жылуу кийимдерден сырткары 50 боз үй алып барып бердик. 25и чоң Памирге, 25и кичи Памирде жашаган кыргыздарга бөлүнүп берилди. Жалпы 8 оор жүк ташуучу унаалар менен бардык. Бул унааларды Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги камсыз кылды. Экспедициянын курамында жалпысынан 24 адам болдук.

gl1gl2

— Өкмөткө кандай сунуш, өтүнүчтөрдү айтышты?

— Биз барган учурда Вахан провинциясынын акими Нахил Рахман Афганистандын аскерлери менен коштоп жүрдү. Алар тарабынан Памир менен кичи Памирди бириктирүү боюнча жол салуу сунушу айтылды. “Бир жерге айыл куруп берсеңер чогуу жашаталы. Анткени бизде азыр акча каражаты боюнча маселебиз оор”-деген сунушту аким айтты. Жергиликтүү калк бизди алып кетсеңер жакшы болмок деген сунуштарды айтты, балдарды окутуу боюнча да маселе көтөрүштү. Балдарды окутуу боюнча даярбыз, толугу менен балдарыңарды окутуп беребиз деп айттым. Афган бийлиги дагы муну жылуу кабыл алды. 45тей окуучулардын тизмесин биз алып келдик. Жакында бул да такталат. Афганистандын бийлигине балдардын тизмесин жиберсек анан балдарды окутуу маселеси чечилет. Өкмөттө вице-премьер болуп иштеп жаткан Гүлмира Каримовнада атайын балдарды окутуу тапшырмасы бар болчу. Биринчи балдарды окутуу сунушун айтсак көп ынана беришкен жок. Мен “Афганистанда күчтүү доктур болсо памирлик болсун, күчтүү мугалим да памирлик болуусун, жакшы жол салган инженер болсо да анын да памирлик болуусун каалайт элек. Кыргыз эли эч убакта топоз багып жүрүп,  дары жетпей каза болушун, же жол жоктугунан ооруканага жетпей каза табышын силерге каалабайбыз. Ошондуктан балдарыңарды окутуп берели”-десем макул болушту. Буйруса 45 баланы Кыргызстанга алып келип, билим бергенге аракет кылабыз.

— Барып келген экспедициялар дайыма памирлик кыргыздардын жылдан жылга азайып жатышканын айтып келишчү. Сизге да ошону айтыштыбы?

— Мурдагы экспедициянын айтымында кичи жана чоң Памирди кошкондо 1500дөй кыргыздар бар деп айтышкан. Бирок бул баргандагы экспедициянын айрымачылыгын айта кетишим керек. Мурдагы экспедициялар Тажикстан жана Афганистандын чек арасынан, тагыраак айтканда эгерде Чоң Памирге барышса Харгуш деген жерге жүктөрдү тапшырып өткөрүп берип келишкен. Кичи Памирде Гун-Жу-Вай деген жерден тапшырылган. Биздин экспедициянын өзгөчөлүгү чек арадан эле берип келе бербестен кыргыздар жашаган айылдарына чейин жетип, жардамдарды таратып бердик. Толугу менен канча айыл, канча адам, канча түтүн бар, баарын тактап алганга чоң мүмкүнчүлүк болду.

— Канча түтүн бар экен?

— Мурдагы баргандар ар бир айылдарга барганга мүмкүнчүлүгү жок болуп, чек арадан кайтып келе бергенге так маалымат алганга жетишпей калышкандыр. Биздин маалыматка караганда кичи Памирде 1010 адам бар, бул так маалымат. Анткени атайын ооруларга каршы атайын вакцина сайылып тургандыктан маалыматты так беришти. Балалуу болбой калабыз деген сыяктуу ар кандай түшүнүктөр менен 150дөй адам вакцина албаптыр. Чоң Памирде 6 айыл бар экен. Алты айылда жалпысынан 825 адам жашаса, демек жалпысынан 2000 адамдын тегерегинде кыргыздар бар экен. Менимче алардын көбөйүүдөн мурун, сандары гана сакталып турганы байкалат.

gl3gl4

— Ден-соолук жагынан аларды сиздер менен барган врачтар текшерип чыгышты да. Көбүнчө кандай оорулар менен оорушат экен? Кыздардын эрте турмушка чыгуусу абдан чоң көйгөй экени дайыма айтылып келген эле?

— Биздин экспедиция 350гө жакын адамды медициналык кароодон өткөрдү. Кичи Памирде 2 күн, чоң Памирде эки күн болуп, биз менен барган медицина кызматкерлери аларды карап текшерип чыгышты. Натыйжада көпчүлүк адамдар кант диабети, муун оорулары, аз кандуулук менен көп оорушат экен. Жаш аялдардын төрөттөн каза болгону айтылды. Биз 300 000 сомдон ашуун акча каражатына дары-дармек алып барганбыз. Чоң Памирге афган бийлиги 22 млн. сомго жакшы оорукана куруп бериптир. Тажикстандан келген эки доктур иш алып барып, айына 50гө жакын адамды карап турабыз деп оозеки маалымат беришти. Биз менен барган 4 медицина кызматкери абдан жакшы иштеп жатышты. Буга чейин жаш кыздарды эрте жаштан турмушка берүү боюнча маалыматтар айтылып келген. Биздин доктурлар аларга бул тууралуу абдан кеңири түшүнүк берип жатышты. Барган экспедициядан тартынып, турмушка чыккан кыздардын жаштарын жашырып айтышпайт экен. 18 жаштан турмушка берип жатабыз деп айтышканы менен алардын балдарынын жашын салыштыра келгенде эле 12–13 жашта турмушка чыгып жаткандыгы далилденип жатты. Гинекологдорубуз, кардиологдорубуз, биздин казыяттын адамдары дагы кыздарды бой жеткирип турмушка берсе ден-соолугуна зыян тийбейт деп түшүндүрүп жатышты.

— Кыргыздарды абдан көпкө күтүшөөрүн айтышат. Сиздерди да күтүшкөндүр?

— Биз барганда алардын кубанычында чек болгон жок. Алар өздөрү дагы биздин ишенгенибиз, таянганыбыз кыргыз эли, кыргыз жери. Силер бар үчүн ушул жардамды жыл сайын күн санап күтөбүз деп айтышты. Ал эми бизден барган жардамдарды нары 100 чакырым жерге үч-төрт күндөп жол жүрүп алып кеткен болсо, коопсуздукту Афганистандагы абалга карабастан мойнубузга алып үйүнө чейин жеткирип бергенибиз аларды ого бетер кубандырды. Жүктөрдү ар бир экспедициянын мүчөсү олтуруп, бирден санап, кожолукка карап тең бөлдүк. Эки күн жатып калганыбыздын себеби да ушул болчу. Кайра-кайра баталарын берип, алкап кубанып узатышты.

— Мурдагыдай чек арадан кайтпай, айылдарына чейин барып келсеңиз алардын чыныгы жашоосун көрүп келдиңиз да. Бай-кедей болуп бөлүнүп жашашат дегендери чын чыктыбы?

— Жашоо шарты абдан оор. Деңиз деңгээлинен 5000 метр бийиктикте жайгашкан. Биз барганда кичи Памирде кар жаады. Былтыр жутчулук болуп көптөгөн топоздор, койлор өлүптүр. Кийим кече, тамак-аш алыш үчүн Афганистанга барып келиш үчүн эшек-ат, төөлөр менен он күндөп жол жүрүшөт экен. Үйлөнө элек жашы өтүп бараткан мырзалар көп экенин айтышты. 200дөй топозу, миңдей кою бар адам бай деп аталат экен. Эң негизги тамагы катары акталган чай менен жупка сыяктуу нанды жешээрин айтышат. Афган бийлигине ыраазычылык айтсак болот, чоң Памирге мектеп салыптыр. Жардылары байдын колунда иштеп күнүмдүк азыгын таап, бир тиштем нан үчүн иштеп жүргөндөрдү көрдүк. Кичи Памирде атайын рация байланыштары менен жүргөнүн байкадык. Чоң Памирде рация менен байланышпаса дагы жашоо турмушу бир аз жакшыраак экени билинди. Мен алардын жашоосун жакшы деп айтпас элем.

— Нукура кыргыз тилинде сүйлөшөт дешет, комуз чертип, Манас айткандар бар бекен?

— Үйлөрүбүздө кыргызча сүйлөйбүз дешет. Бирок афган бийлиги менен фарс тилинде сүйлөшүп жатышты. Фарс тилин жакшы билгендигин байкап турдук. Тарыхтан бир аз четтеп калгандай. Ата теги Рахманкул хан, Жаныбек казы боюнча айта алышкан жок. Мен атайын белек катары комуз ала баргам. Комуз чертип, Манас айткандар бар болчу дешти. Бүгүнкү күндө Манас айткандар дээрлик жок экен. Кичи Памирде бир адам чертет экен, ал да бир гана күүнү чертүү менен чектелди.

— Жолдон тоскоолдуктар болгон жокпу?

— Эч кандай тоскоолдуктар болгон жок. Бул үчүн Афганистан менен Тажикстандын бийлигине ыраазычылык билдирип койсок болот. Мурдагы экспедицияны эки күн, же жети саатка чейин кармап койгон учурларды айтышчу. Жарым саатка жеткирбей бат-баттан жөнөтүп жатышты.

— Буйруса келээрки экспедицияга кандай даярдыктар көрүлөт?

— Буйруса эмдиги барганыбызга жакшы даярдык көрөбүз. Эмдиги жылы да гуманитардык жардам көрсөтүп, жыл сайын барып турганга милдеттүүбүз деп ойлойм. Кыргыздар кантсе да тамырыбыз, тегибиз бир. Памирлик кыргыздардын мындай жашоосун көрүп туруп сөзсүз жардам берүүгө милдеттүүбүз. Күн санап, зар какшап бизди күтүшөт экен, барбай коюу таптакыр туура эмес болуп калат. Мындан сырткары атайын заманбап кылып там салганга курулуш материалдарын алып барсак жакшы болмок. Баса, памирлик кыргыздар ашказандын гастрит оорусу менен көп ооругандыктан ушул жаатта дары-дармек алып барсак болот. Балдардын рахит оорусу көбөйүп баратканын доктурлар айтышты. Ушул жаатта да даярдык көрбөсөк болбойт. Албетте, тиешелүү кызматтардан колдоо тапсак, мен жогоруда айтып кеткендей балдарды алып келип окутуп беришибиз керек.

gl5gl6

Маектешкен Баян Кулова

Булак: Жаңы Ордо

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 + = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: