Menu

БГУнун эмгек жамаатынын 85%ы колдоо көрсөтүп, ректорлук кызматына Абдылда Мусаев шайланды

Бөлүшүү:

Акыркы мезгилде бир катар университеттерде ректорду шайлоо болуп өттү. Өткөндө да ар кандай оюндар коштолуп, жамаат топ-топко бөлүнүп, окуу жайдын ичи ызы-чуу, бири-бирин караламай коштогон ыплас оюндар менен өттү. Тилекке каршы, айрым окуу жайларда үч талапкер тең  50% барьерди өтө албай, окуу жайда кадыр-баркы жок экендигин айгинелеп, эмгек жамаатынын көпчүлүгүнүн колдоосуна ээ боло албай калды. Өкмөт да ушул 50 пайыз ала албаган үч талапкердин эң аз добуш алганын дайындап, алардын ызы-чуусу азыркыга чейин токтобой уланууда. Ал эми жогоруда айтылган окуу жайлардай эле статуска ээ, бирок жамаатта андай интригага аралашпай, иш менен алек болгон Бишкек гуманитардык университетинде мындай болгон жок.

Эмгек жамааты ынтымакка келип, дагы бир ирет бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарган ынтымактуу жамаат экенин далилдешти. Мисалы, кечээ жакында өткөн ректор шайлоодо шайлоого катышкан 405 шайлоочунун 340 добушун Абдылда Мусаевге берип, өзүнүн ректорун же болбосо лидерин тандап алды. Экинчи орунга 40 добуш алып Аскар Бекбоев чыкса, үчүнчү орунду 12 добуш алып Алтын Асанова ээледи.

“Ырыс алды ынтымак” дегендей, бул шайлоодо Бишкек гуманитардык университетинин эмгек жамааты башкаларга үлгү алчудай, өзүнүн бийик аброюн, маданиятын көрсөтө алды. Шайлоо бул ректор үчүн эле эмес, эмгек жамааты үчүн да чоң сыноо экени ачык эле көрүндү. Андан тышкары Абдылда Мусаев Кыргызстандагы ЖОЖдордун ректорлор ассоциациясынын төрагасы болушу бекеринен эместигин далилдей алды.

Булак: Фабула 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: