Menu

Таластын эки районунда катуу шамал катталды

Бөлүшүү:

КР ӨКМнин алдындагы Гидрометеорлогия боюнча агенттигинин билдирүүсү боюнча, 2016-жылдын 4-ноябрында 04:00дөн 05:00гө чейин Манас районунун  аймагында катуу шамал катталды.

Жарандык коргонуу кызматы жана КР ӨКМнин райондук бөлүмү менен биргеликте иликтөө иштерин жүргүзгөн:

Натыйжасында:

-Үч-коргон айыл аймагынын  Рахманбердиев атындагы орто мектептин 75 даана шифери жана 15 турак жайдын чатырлары учкан;

– Покровка айыл аймагында 6 турак-жайдын чатырлары учкан;

– Май айыл аймагында 20 турак жайдын чатырлары учкан;

– Кыргызстан айыл аймагында 12 турак-жайдын чатырлары учкан;

Кошумча маалымат берилет. 

 Кара-Буура районунда 2016-жылдын 4-ноябрында саат 04:00дөн 05:00гө чейин катуу шамал катталган.

Жарандык коргонуу кызматы жана КР ӨКМнин райондук бөлүмү менен биргеликте иликтөө иштерин натыйжасында:

-Аманбаев айыл аймагында электр чубалгылары үзүлгөн, 2 электр мамычасы кулап, 8 турак үйдүн чатырлары учкан;

-Ак-Чий айыл аймагында 10 турак-үйдүн чатырлары учкан;

– Шекер  айыл аймагында 2 турак-үйдүн чатырлары учкан;

– Чолпонбай  айыл аймагында 6 турак-үйдүн чатырлары учкан.

Жарандык коргонуу кызматынын тактоо иштери жүрүгүзүүдө.

Кошумча маалымат берилет. 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 − = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: